Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды
Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды. Novosti.kgге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тазалоо иштери убактылуу токтотулду. Тилкени кеңейтүү жумуштары кайра эртең уланат. Эске салсак. түндө тилкенин 50-90-чакырым аралыгында катуу шамал болуп, жолдо кар күрткүсү пайда болгон. Трасса кыймылга убактылуу жабылган.