Леди Гага тандалган президент Джозеф Байдендин инаугурациясында АКШ гимнин аткарат

Леди Гага тандалган президент Джозеф Байдендин инаугурациясында АКШ гимнин аткарат. Маалмат каражаттары билдиришкендей, иш-чарага Дженифер Лопез дагы катышат. Ал эми демократ постуна аттануудагы атайын берүүгө Джастин Тимберлейк, Бон Джови жана Деми Ловато катышат. Эске салсак, Джо бАйдендин инаугурациясы 20-январда өтөт

Казакстандын премьер-министри болуп кайрадан Аскар Мамин дайындалды

Казакстандын премьер-министри болуп кайрадан Аскар Мамин дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Президент Касым-Жомарт Токаев кол койду. Маминди дайындоодо 99 депутаттын 78 макул деп добуш берсе, 21и каршы болду. Эске салсак, Казакстандыктар 10-январда жаңы депутаттарды шайлашты. Коңшу өлкөнүн мыйзамына ылайык, парламенттик шайлоодон кийин министрлер кабинети отставкага кеткен. Ал… Кененирээк…

Кыргызстанда сүт өндүрүү жогорулады

Кыргызстанда сүт өндүрүү жогорулады. Айыл-чарба министрлигинен билдиришкендей, былтыр 1 миллион 444,5 миң тонна сүт өндүрүлдү. Бул көрсөткүч 2019-жылга салыштырмалуу 2,5 пайызга көп. Өндүрүштүн жогорулашы көбүнчө Нарын, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарына туура келет. Буга чарбачылыкта уйлардын көбөйгөнү себеп. Белгилеп кетсек, жергиликтүү  сүт продукциясы жакынкы батыш өлкөлөрүнө… Кененирээк…

Былтыр Кыргызстан экономикасы дээрлик 9 пайызга төмөндөдү

Былтыр Кыргызстан экономикасы дээрлик 9 пайызга төмөндөдү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ички дүң продукциянын көлөмү 598 миллиард сомду түздү. Дээрлик бардык тармак жабыр тартты — өндүрүштүн, курулуш жана сооданын көлөмү төмөндөдү. Буга карабай айыл-чарба тармагы 1 пайызга көтөрүлдү. Эксперттер белгилешкендей, экономиканын мындай төмөндөшү акыркы… Кененирээк…