Улуу Британия тургуну айдоочу күбөлүгүгө тестти 158-аракетинде тапшыра алды

Улуу Британия тургуну айдоочу күбөлүгүгө тестти 158-аракетинде тапшыра алды. Бирок теория жүзүндө гана. Эми көптөн бери эңсеп жүргөн документин алуу үчүн ал экзамендин практикалык бөлүгүн тапшырышы керек.   Статистикага ылайык, андан кийинки орунда тестти 100 жолу тапшыргандан кийин гана күбөлүккө ээ болгон аял турат.

Бишкектин унаа бекеттери иретке келтирилет

Бишкектин унаа бекеттери иретке келтирилет. Мэриянын маалыматына ылайык, тиешелүү түзүмдөргө коомдук унаа токтоочу жайлардын айланасында жол белгилерин жана тосмолорду орнотуу тапшырмасы берилди.   Андан тышкары, кайгуул милиция кызматына аталган тилкелерди көзөмөлгө алуу сунушталды.

Исфананын кайра калыбына келтирилген аэропорту алгачкы каттамды кабыл алды

Исфананын кайра калыбына келтирилген аэропорту алгачкы каттамды кабыл алды. “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришкендей, Бишкектен 81 жүргүнчү учуп келсе, кайра ордо калаага 105 адам учуп кетти.   Бишкек-Исфана-Бишкек каттамы жумасына бир ирет дүйшөмбү күндөрү аткарылат. Учуу убактысы 1 саат 15 мүнөттү түзөт. Эске салсак, Исфана… Кененирээк…

Президенттик шайлоодо 1 пайыздан ашык добуш чогулта алган талапкерлерге шайлоо күрөөсү кайтарылат

Президенттик шайлоодо 1 пайыздан ашык добуш чогулта алган талапкерлерге шайлоо күрөөсү кайтарылат. БШКдан билдиришкендей, акыркы тизме расмий жыйынтык чыгарылгандан кийин жарыяланат. Калган талапкерлердин күрөө акысы мамлекеттик бюджетке багытталат.   Эске салсак, шайлоо күрөөсү 1 миллион сомду түзөт. Ал эми БШК 10-январда өткөн добуш берүүнүн расмий… Кененирээк…

Интернетте эликтин арстандан качкан видеосу популярдуу болууда

Интернетте эликтин арстандан качкан видеосу популярдуу болууда. Бул тууралуу Times of India басылмасы жазып чыкты.   Видеодо элик көлмөдөн суу ичип жатканда, ага жырткыч капысынан кол салганын көрсө болот. Алгач элик качымыш болуп, дароо багытын башка жакка буруп качып кетет.   Ал эми арстан анын… Кененирээк…

Бишкекте мыйзамсыз объектилерди алуу уланууда

Бишкекте мыйзамсыз объектилерди алуу уланууда. Иштерди Жер колдонуу башкармалыгы жана “Тазалыктын” кызматкерлери жүргүзүп жатат. Текшерүүлөрдүн алкагында Ахунбаев, Байтик Баатыр көчөлөрү жана Манас проспектисинде 46 жарнамалык конструкция алынды.   Андан тышкары, мыйзамсыз курулган дүкөн жана гезит киоску дагы түрттүрүлдү.   Бул жаатта иштер дагы уланат, —… Кененирээк…

Юстиция министрлиги жарандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча дагы бир борбор ачты

Юстиция министрлиги жарандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча дагы бир борбор ачты. Ал Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключинка айылында жайгашат.   Борбордун адистери жарандарга юридикалык суроолор боюнча кеп-кеңеш берип, документтердин долбоорлору тууралуу айтып беришүүдө. Кошумчаласак, учурга карата республика аймагында мындай 30 борбор иштеп жатат.

Жалал-Абадда социалдык шаарча курулат

Жалал-Абадда социалдык шаарча курулат. Мэриянын маалыматына ылайык, 100дөн ашык үй-бүлө акысыз турак-жайга ээ болот. Үйлөрдөн тышкары, аймакта бала бакча, тигүү цехи, мектеп жана башка социалдык объектилер курулат.   Социалдык шаарчанын ачылышы ушул жайга белгиленди.

Президенттик шайлоонун жана референдумдун расмий жыйынтыгы ушул жуманын аягына чейин жарыяланат

Президенттик шайлоонун жана референдумдун расмий жыйынтыгы ушул жуманын аягына чейин жарыяланат. Бул тууралуу novosti.kgге БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.   Анын айтымында, бүгүн Боршайком аймактык комиссиялардан протоколдорду кабыл алып жатат. Күтүлгөндөй, иштер шейшемби же шаршембиде жыйынтыкталат.   Андан кийин БШК жыйынтыктарды расмий жарыялоо… Кененирээк…

Лионель Месси «Барселонадагы» карьерасында алгачкы кызыл айып кагазын алды (видео)

18-январда футбол боюнча Испания Суперкубогунун финалдык беттеши «Олимпико де Севилья» стадионунда болуп өттү. Финалдык беттеште каталондук «Барселона» клубу менен «Атлетик Бильбао» командасы кез келип, оюн 2:3 эсебинде «Атлетик Бильбао» клубунун жеңиши менен аяктады.   Беттештин бүтөрүнө бир мүнөт калганда «Барселона» клубунун чабуулчусу Лионель Месси оюндан четтетилди. Аргентиналык… Кененирээк…