Өтүп кеткен жылдын эң ашыра жүктөлгөн аэропорттору аталды

Өтүп кеткен жылдын эң ашыра жүктөлгөн аэропорттору аталды. Биринчи орунду Стамбул шаарынын эл аралык аба майданы ээлесе, экинчиде Париждеги Руасси-Шарль-де-Голль жайгашат, ал эми үчилтикти Лондондун Хитроу аэропорту бекитет.   Белгилеп кетсек, өткөн жылы эле Хитроу рейтингдин сап башында болчу, бирок пандемияга байланыштуу чектөөлөрдөн улам жүргүнчү… Кененирээк…

Ички иштер министрлигинин аймактык түзүмдөрүнө милициянын көчмө түйүндөрү берилди

Ички иштер министрлигинин аймактык түзүмдөрүнө милициянын көчмө түйүндөрү берилди. Ведомство маалыматына ылайык, атайын машинелер  Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна, Ысык-Көл облусунун Түп районуна жана Таластын Манас районуна тапшырылды.   Техника радиобайланыш менен камсыздалган. Бул милиция кызматкерлерине жарандардын кайрылууларына ыкчам таасир берүүгө жардам берет.

Стамбул-Бишкек-Стамбул каттамынын саны көбөйтүлөт

Стамбул-Бишкек-Стамбул каттамынын саны көбөйтүлөт. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти. Маалыматка ылайык, эртең,   20-январдан тарта аталган каттам боюнча учактар жумасына 7 жолу учат.   Буга чейин аптасына 5 каттам аткарылчу.

Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын мурдагы жетекчиси кайра кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын мурдагы жетекчиси мекемеде аныкталган кезектеги коррупциялык схемага байланыштуу кармалганын 19-январда билдирди.   Атайын кызматтын маалыматында мекемеде биологиялык каражаттар менен вакциналарды өтө кымбат баада сатып алууну уюштурган, кызматкерлерден маал-маалы менен акча чогултулуп турган схема аныкталганы… Кененирээк…

Казакстан коронавируска каршы массалык эмдөөнү февралда баштайт

Казакстанда коронавируска каршы жапырт эмдөө 1-февралдан тартып башталат. Бул тууралуу 19-январда Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой өкмөттүн жыйынында билдирди. Анын айтымында, жылдын аягына чейин 6 миллион адамды эмдөө пландалууда.   Министр бүгүн Карагандадагы фармацевтикалык комплекс менен Орусиянын түз инвестициялар фонду «Sputnik V» вакцинасынын 20… Кененирээк…

Кылыч Саркарбаев мамлекетке келтирген зыян үчүн миллион сом төлөдү

Ош шаардык спорт комитетинин мурдагы төрагасы Кылычбек Саркарбаев мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн миллион сом төлөп берди. 16-январда шаардык сот аны үй камагына чыгарган.   Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында анын жакындары акчаны төлөгөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетиттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады. Учурда… Кененирээк…

Бишкекте 53,5 миң окуучу мектепте салттуу форматта билим алып баштады

Бишкекте 53,5 миң окуучу мектепте салттуу форматта билим алып баштады. Бул тууралуу ордо калаа мэриясынын билим берүү башкармалыгынан билдиришти. Бардык мектептерде санитардык нормалар сакталып, балдардын дене табы текшерилип, ден-соолук журналы жүргүзүлүүдө.   Коридорлордо санитайзерлер орнотулуп, сабактардын жүгүртмөсү эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен түзүлдү. Мектептер жеке… Кененирээк…

Бишкекте маршруттук таксилерде жол кире 15 сомго көтөрүлөт

Бишкекте маршруттук таксилерде жол кире 15 сомго көтөрүлөт. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жарыялады. Анын айтымында, тарифтер майда кымбатташы күтүлөт.   Анын ортосунда пенсионер жана окуучуларга жеңилдиктер берилип, жол кире 8 сомду түзөт деп пландалууда.  Түлөбаев белгилегендей, бул акыркы чечим эмес, өзгөрүүлөр болушу… Кененирээк…

Бишкектин №19 мектебинде кошумча корпус ачылды

  Бишкектин №19 мектебинде кошумча корпус ачылды. Мэриянын маалыматына ылайык, объекттин курулушу өткөн жылдын жайында башталган. Корпус 200 окуучуга чакталат.   Жаңы салынган имаратта кабинеттер, китепкана, бий залы каралган. Курулуш иштери 45 миллион сомго айланды.

Кыргызстанда окуу китептеринин сапаты экспертизанын 4 түрүнөн өтөт

Кыргызстанда окуу китептеринин сапаты экспертизанын 4 түрүнөн өтөт. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, кеп илимий, илимий-педагогикалык, дискриминацияга каршы жана практикалык-педагогикалык экспертизалар тууралуу болуп жатат.   Эксперттер ар бир этапта каталарды же талаптарга жооп бербей турган нерселерди аныктап, жазып… Кененирээк…