Кыргызстандыктарга электр энергиясын үнөмдөө сунушу берилди

Кыргызстандыктарга электр энергиясын үнөмдөө сунушу берилди. Улуттук энерго тармактар ишканасынан билдиришкендей, 6-январда катуу сууктан улам,  74 миллион киловатт-саат электр энергиясы колдонулду.   Бул өлкөнүн энерго тарыхындагы эң чоң көрсөткүч болуп эсептелет. Ашыра жүктөлгөндүк бүт аймактарда катталды. Андыктан, аварияларды алдын алуу максатында линияларга күч келтирбей, үйлөрдү… Кененирээк…

Чек араны кесип өтүүдө кыргызстандыктар жана чет элдиктер үчүн жаңы алгоритм киргизилди

Чек араны кесип өтүүдө кыргызстандыктар жана чет элдиктер үчүн жаңы алгоритм киргизилди. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, бул коронавирустун жаңы штаммын өлкө аймагына киргизбөө үчүн көрүлгөн чара.   Алсак, эми каттамга катталууда ар бир жүргүнчү ПЦР тесттин таза жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Учакта атайын анкеталар таралытып, аларды… Кененирээк…

Дамирбек Назаров Жогорку соттун судьясы болуп дайындалды

Парламенттин 20-январдагы сессиясында Дамирбек Назаровдун Жогорку соттун судьялыгына талапкерлиги каралды.   Президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов жыйында билдиргендей, Назаровдун талапкерлигин Жогорку соттун судьялыгына бекитүү тууралуу мамлекет башчынын милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов сунуш киргизген.   Калматов Жогорку соттун судьясы Камил Осмоналиевди кызматынан бошотуу жана… Кененирээк…

Бали аралында тартип сактабаган туристтерге карата өзгөчө жаза ойлоп табылды

Бали аралында тартип сактабаган туристтерге карата өзгөчө жаза ойлоп табылды. Жергиликтүү бийлик баамдагандай, бет кап режимин көбүнчө эс алуучулар сактабайт.   Аларга айып салуу дагы таасирин тигизбейт. Андыктан, полиция башкача жаза ойлоп табууга аргасыз болду. Бет кап кийбеген турист жерге жатып, физикалык көнүгүү жасашы керек.… Кененирээк…

Милициянын көчмө түйүнү алгачкы каттамын Түп районунун айрым айылдарында жүргүздү

Милициянын көчмө түйүнү алгачкы каттамын Түп районунун айрым айылдарында жүргүздү. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, аталган айылдардын тургундарында милицияга дагы, башка мамлекеттик органдарга дагы кайрылууда кыйынчылык жаралып келет.   Андыктан, алгачкы каттам дал ушул райондон башталды.   Анын алкагында айыл тургундары арасында кылмыштарды алдын… Кененирээк…

Кочкор районунда жаңы мектеп курулат

Кочкор районунда жаңы мектеп курулат. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, орто билим берүү мекемеси Бугучу айылында пайда болот.   Объект 150 окуучуга чакталат. Имараттын курулушуна Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан 500 миң доллар бөлүнгөн. Мектеп ушул жазда колдонууга берилип калат деп пландалууда.

Жалал-Абаддын айрым мектептери толук кандуу салттуу режимге өтөт

Жалал-Абаддын айрым мектептери толук кандуу салттуу режимге өтөт. Мындай чечим шаардык штабдын отурумунда кабыл алынды. Ага ылайык, 25-январдан тарта окуучулардын саны 900дөн ашпаган мектептер толук кандуу иштеп баштайт.   Ал эми башка билим берүү мекемелеринде кадимки форматта азырынча 1-5-9-11-класстын окуучулары гана окуй берет.

Кыргызстанда жаңы шаар пайда болот – Базар-Коргон

Кыргызстанда жаңы шаар пайда болот – Базар-Коргон. Жогорку Кеңештин профилдик комитети тиешелүү мыйзам долбоорду жактырды. Шаарга айлана турган аймакка 5 айыл жана 59 миң жашоочусу бар 6 калк жашаган түйүн бириктирилет.   Жаңы шаарда 24 адамдан турган мэрия аппараты жана шаардык кеңеш аппараты түзүлөт. Алардын… Кененирээк…

Мелания Трамп 70 жылдык салтты бузду

Мелания Трамп 70 жылдык салтты бузду. Дональд Трамптын аялы жаңы шайланган президент Джо Байдендин жубайы Джилл Байденди Ак үйгө конокко чакырып, ага экскурсия өткөрүүдөн баш тартты.   Белгилеп кетсек, буга чейин Дональд Трамп твиттердеги баракчасында Джо Байдендин инаугурациясына катышпай турганын жарыялаган. Муну менен ал дагы… Кененирээк…

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгын Таалайбек Акматбаев жетектеди

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгын Таалайбек Акматбаев жетектеди. Мэриядан билдиришкендей, тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.   Акматбаев буга чейин Октябрь акимиат башчысынын орун басары болуп эмгектенген.