Кытайда полиция кызматкеринин үйлөнүү тою болгону 1 мүнөткө созулду

Кытайда полиция кызматкеринин үйлөнүү тою болгону 1 мүнөткө созулду. Эркек Синтай полиция кызматында иштеп, жумушуна олуттуу мамиле кылат. Бош убактым жок деп, ал тойдун убактысын 1 мүнөттөн  ашырган жок.   Кыска салтанат түшкү тамакка тыныгуу учурунда  болду. Бирок жубайынын суранычы менен кийин майрам ойдогудай өткөрүлдү.

Нидерландыда карантинден качуунун өзгөчө ыкмасы табылды

Нидерландыда карантинден качуунун өзгөчө ыкмасы табылды. Социалдык тармактарда жеткирүү кызматтарынын атайын кийими сатылууда. Аны кийип элдер коменттанттык саат учурунда дагы сыртка чыга алат.   Алсак, курьерлердин же почта кызматкеринин кийимин сатып алса болот. Андан тышкары, өлкөдө иттерди сейилдөөгө чыгара турган ыктыярчыларга суроо талап жогорулады.

Президенттик аппарат Манас жана Айтматов көчөлөрүнүн жабылышынын себебин түшүндүрдү

Кыргызстандын Президентинин аппараттын басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов Бишкектин Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына камынууга байланыштуу жабылганын «Азаттыкка» билдирди.   Бүгүн, 21-январда түштөн кийин Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрүнүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан Чүй көчөсүнө чейинки бөлүгү жарым сааттай жабылды. Бул иш-аракет шаардын… Кененирээк…

Республиканын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Көк-Бел ашууларында жана Чапчыма өтмөгүндө калың кар жаады.   Учурда жеринде жолчулар трассаларды кардан тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Айдоочуларга зарылчылык жок болсо, аталган ашуулардан өтүүчү сапарга чыкпай эле туруу сунушталат.

Кыргызстандын 3 аэропортунда ПЦР-тесттерин жүргүзүү үчүн лабораториялар пайда болот

Кыргызстандын 3 аэропортунда ПЦР-тесттерин жүргүзүү үчүн лабораториялар пайда болот. “Манас” эл аралык аба майдандын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, алар Бишкек, Ош жана Ысык-Көл аэропортторунда орун алат.   Лабораторияларда ПЦР-тесттеринин мөөнөтү өтүп кеткен транзиттик жүргүнчүлөр кайрадан анализ тапшырса болот.

ЕАЭБ мамлекеттеринде иштеген мигранттардын пенсиялары Кыргызстанга алар пенсиялык жаш куракка жеткенден кийин гана которулуп баштайт

ЕАЭБ мамлекеттеринде иштеген мигранттардын пенсиялары Кыргызстанга алар пенсиялык жаш куракка жеткенден кийин гана которулуп баштайт. Соцфонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева билдиргендей, кыргызстандыктар аталган уюмга кирген мамлекеттерде мыйзам чегинде иштеген учурда гана пенсияга чыга алат.   Жаран пенсияга чыккандан кийин Россия өз мыйзамына ылайык, акча… Кененирээк…

Кыргызстан президентинин инаугурация салтанатына 10 миллион сом сарпталат

Кыргызстан президентинин инаугурация салтанатына 10 миллион сом сарпталат. Бул тууралуу өлкө башчы аппаратынын жетекичиси Сүйүнбек Касмамбетов билдирди.   Анын айтымында, бул максатта башынан эле бюджетте  15 миллион сом каралган болчу. Эске салсак, Садыр Жапаровдун инаугурациясы  28-январда өтөт.

Иш учурунда коронавирус жуктуруп алган дарыгерлерге компенсациянын суммасы өзгөрдү

Иш учурунда коронавирус жуктуруп алган дарыгерлерге компенсациянын суммасы өзгөрдү. Эми медицина кызматкерлерине буга чейин убадалангандай                  200 миң сом эмес, 75 миң сомдон берилет.   Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиев жарыялады. Анын айтымында, жаңы тартип 11-январдан тарта күчүнө кирди.   Ал эми… Кененирээк…

Бишкекте аба-ырайы кескин бузулат

Бишкекте аба-ырайы кескин бузулат. Эгер бүгүн аба табы +16 градуска чейин көтөрүлсө, эртең кар жаап, температура мамычалары -4 градус көрсөтөт. Ишемби күнү суук сакталат, түнкүсүн -12, күндүз 5 градус суук болот.   Ал эми кийинки жуманын башында бир аз жылуу күндөр кайра кайтып келет.

Кыргызстанда калкты каттоо ушул жылдын экинчи жарымында өтөт

Кыргызстанда калкты каттоо ушул жылдын экинчи жарымында өтөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Ведомстводон такташкандай, азырынча процедуранын так күндөрү белгилене элек.   Эске салсак, Кыргызстанда калкты жана турак-жай фондун каттоо өткөн жылдын март айында өтмөк, бирок пандемиядан улам, жылдырылган болчу.