Венгрия Европа өлкөлөрүнүн ичинен алгачкылардан болуп «Спутник V» вакцинасын сатып алат

Венгрия Россиядан коронавируска каршы «Sputnik V» вакцинасын сатып алат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, тиешелүү келишимге Россиянын саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко жана Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто кол койгон.   «Муну менен Венгрия Европа биримдигине кирген мамлекеттерден алгачкы болуп орусиялык препаратты колдонууга… Кененирээк…

Балдар адабиятына сынак жарыяланды

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги балдар адабияты тармагында сынак жарыялайт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти. Сынакка мектеп жашындагы жана өспүрүм курактагы балдар үчүн кыргыз тилиндеги чыгармалар төмөндөгү номинациялар менен кабыл алынат: балдарга арналган мыкты чыгармалар үчүн (китеп); балдардын мыкты жарыяланган прозалык чыгармасы… Кененирээк…

Баткен облусунун мектептеринин 98 пайызы интернет менен камсыздалган

“Санарип Кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруунун алкагында Баткен облусундагы 233 мектептин ичинен 228 мектеп интернет менен камсыз болду. Азыркы учурда Кадамжай районундагы 3 мектеп оптика-волокондук кабель аркылуу интернет менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз… Кененирээк…

Россияда унаалар уча баштайт

Москва шаарында учуучу такси сыноодон өтүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазышууда.   Белгилүү болгондой, 2 жүргүнчүгө ылайыкталган учуучу аппаратты иштеп чыгуу иштери 2018-жылы башталган. Сыноо учуру качан аяктаары жана аэротакси качан жүргүнчүлөрдү ташып баштай турганы азырынча белгисиз.   300 килограммга чейинки салмакты көтөрүүгө ыңгайлашкан… Кененирээк…

АКШнын Өкүлдөр үйү Трампка импичмент жарыялоо тууралуу беренени Сенатка 25-январда жөнөтөт

АКШ Сенаты мурдагы президент Доналд Трампка импичмент жарыялоо маселеси боюнча сот жүрүмү 8-февралдан тартып башталмакчы. Бул тууралуу АКШ Сенатынын көпчүлүгүнүн лидери Чак Шумер 22-январда жарыя кылды.   Ал жума күнү саал мурдараак республикачы сенаторлор менен бул мөөнөттү такташкан.   Шумер мырза 22-январдагы сөзүндө иш жадыбалын… Кененирээк…

Баткендин 19 айыл аймагынын ар бирине 100 миң долларлык субгрант берилет

Баткен облусунун 19 айыл аймагы социалдык муктаждыктарын жеңилдетүү үчүн каржылык колдоого ээ болот. Бул тууралуу өкмөттүн өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди. Каржылоонун алкагында тандалган ар бир айыл аймакка берилүүчү ар бир субгрант орточо 100 миң долларды түзөт.   Кыргыз өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын ортосунда «CASA-1000 жергиликтүү… Кененирээк…

Бишкекте мугалимдер онлайн-сабак өтпөй жатса арызданууга болот

Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева мугалимдер онлайн-сабакты өтпөй жатса кабарлап коюуну өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу өтүндү. Эске салсак, 18-январдан тарта борбор калаада 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары мектепке барып окуй баштады. Ошол эле учурда бул класстын айрым окуучулары шартына жараша үйдөн да билим алса болору белгиленген. Аларга… Кененирээк…

Ысык-Көл марафону Олимпиадага лицензия берүүчү мелдештердин тизмесине кирди

Run the Silk road Ысык-Көл эл аралык ШКУ марафону World Athletics (Жеңил атлетика федерациясынын эл аралык ассоциациясы) уюмунун календарлык мелдештерине киргизилди. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди. Эми спортчулар аталган марафондон тийиштүү нормативди аткарып Олимпиада оюндарына, Дүйнө чемпионатына жана… Кененирээк…

Кытай Кыргызстанга 18 мамлекеттик стипендия бөлдү

Кытай 2021-2022-окуу жылында Кыргызстандын жарандары үчүн 18 мамлекеттик стипендия бөлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги 21-январда билдирди.   Маалыматка караганда, Кытайдын жогорку окуу жайларында бакалавриат, магистратура, докторантура жана кытай тилин такшалтып окуу боюнча сынак жарыяланды. Мамлекеттик 18 стипендия ушул багыттар боюнча берилет.… Кененирээк…

Бишкекте азык-түлүк жарманкеси ачылды

Бишкекте бүгүн азык-түлүк жарманкеси өтөт. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, дүн баадагы азыктар сатылчу аймак ушул мүнөттөрдө ордо калаанын Киев-Раззаков көчөлөр кесилишинде ачылды.   Ал жерден жарандар эт, сүт азыктары жана жашылча-жемиштерди арзандатылган баада ала алат.