Бишкектин бир бөлүгүндө жарык өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө жарык өчүрүлөт. “Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, эртең таңкы саат 9дан кечки 5ке чейин Ялтинск, Муса Жалил, Шайр көчөлөрүндө, Ынтымак конушунда, ошондой эле күн бою Байтик Баатыр, Токтоналиев, Панфилов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө электр энергиясы чектелет. Өчүрүүлөр оңдоо иштерине байланыштуу

Япония Токмок жана Сокулуктагы эки социалдык мекемеге жабууларды сатып алууга 145 миң доллар бөлүп берет

Япония Токмок жана Сокулуктагы эки социалдык мекемеге жабууларды сатып алууга 145 миң доллар бөлүп берет. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, объектилер эмерек, тиричилик жана өндүрүш техникаларын алышат. Балдар борборуна ошондой эле унаа берилет. Жардам Өсүмдүк тамыры жана адамдын коопсуздугу япониялык долбоорунун алкагында көрсөтүлөт.

Бишкекте курулуш тармагында коррупциялык схема аныкталды

Бишкекте курулуш тармагында коррупциялык схема аныкталды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришкендей, көп батирлүү үйлөр тиешелүү документтери жок эле салынып жаткан. Курулуш компаниясы узак убакыттан бери тиешелүү кызматтардын колдоосуна ээ болуп, мыйзамсыз иш жүргүзгөн. Алсак, объектилер коммуналдык кызматтарга ченемдерди бузуу менен кошулган. Бул техногендик кырсыктарды… Кененирээк…

Нарын облусундагы бардык мектептерде сабактар кадимки форматта башталды

Нарын облусундагы бардык мектептерде сабактар кадимки форматта башталды. Бүгүнтөн тартып облустун бардык 142 билим берүү мекемесинде окуу процесси кадимки тартипте жүргүзүлө баштады. Ошондой эле жогорку жана орто окуу жайлардын бүтүрүүчү курстары да кадимки шартта окуйт. Калган курстун студенттери аралыктан билим алууну уланат. Андан тышкары, Кочкор,… Кененирээк…

Красноярск – Ош — Краснорск чартердик аба каттамы ишке кирди

Красноярск – Ош — Краснорск чартердик аба каттамы ишке кирди. “Манас” аба майданынан билдиришкендей, аба жолдору жумасына бир ирет ишемби күндөрү жүргүзүлөт. Буга чейин Жарандык авиация агенттигинен Россияга авиабилеттердин баасын арзандатуу жана рейстерди көбөйтүү аракеттери көрүлүп жатканын билдиришкен.

Бишкекте туроператорлор Россияга билеттерди жогорулатылган баада сатышкан

Бишкекте туроператорлор Россияга билеттерди жогорулатылган баада сатышкан. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришкендей, ордо калаадагы авиакассалардын биринде Каржы полициясынын кызматкерлерине дээрлик 70 миң сомго Бишкектен Москвага билет сатышкан. Аталган ишкана калк арасында билеттерге суроо-талап күчөгөндүктөн баалардан пайда табууну көздөгөн. Ушундай сыяктуу дагы башка… Кененирээк…

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо кампаниясы кайрадан жарыяланат

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо кампаниясы кайрадан жарыяланат. Бул тууралуу novosti.kgге БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. Анын айтымында, партиялар жана өзүн-өзү көрсөткөндөр добуш берүүгө катышуу үчүн кайрадан билдирүү жибериши керек. Күтүлгөндөй, февралда президент тарабынан шайлоонун мөөнөтү белгиленет, андан кийин даярдык көрүү иштери башталат. Эске салсак,… Кененирээк…

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Бишкек — Ош, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу, Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка, Красная Горка — Ак-Таш жана Каракол — Эңилчек унаа жолдорунун тоолуу тилкелеринде кар массасы түшүшү… Кененирээк…

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган объектилерди алуу иштери уланууда

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган объектилерди алуу иштери уланууда. Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, Учкун кичирайонундагы жана Чынгыз Айтматов проспектисинин боюндагы павильон, сатуу түйүндөрү, жарнама баннерлери алынды. Учурда Абдымомунов жана Малдыбаев көчөлөрүндөгү мыйзамсыз орнотулган темир тосмолорду алуу иштери жүрүп жатат

Социалдык өнүктүрүү министрлигинде жаңы чалуу борбору түзүлдү

Социалдык өнүктүрүү министрлигинде жаңы чалуу борбору түзүлдү. Министрликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, социалдык коргоо боюнча “117” маалыматтык-сурап билүү линиясы түзүлдү. Райондук жана шаардык башкармалыктын кызматкерлери турмуштук оор кырдаалга, гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган жарандарга кеп-кеңеш беришет. Чалуу акысыз.