YouTube АКШнын экс-президенти Дональд Трамптын каналында жаңы видеолордү жүктөөгө киргизилген чектөөнү белгисиз мөөнөткө узартты

YouTube АКШнын экс-президенти Дональд Трамптын каналында жаңы видеолордү жүктөөгө киргизилген чектөөнү белгисиз мөөнөткө узартты. Трамптын аккаунту тармакта калат, бирок жаңы видеолордү жүктөөгө тыюу салынат. Эске салсак, 6-январда Ак үйдүн мурдагы башчысынын тарапташтары Вашингтондо башаламандык уюштуруп, Капитолийди ээлеп алышкан. Андан кийин бир катар соцтармактар Twitter жана… Кененирээк…

АФКнын кубогу мелдешинде Кыргызстан командаларынын атаандаштары аныкталды

АФКнын кубогу мелдешинде Кыргызстан командаларынын атаандаштары аныкталды. Оюндарга биздин өлкөдөн «Дордой» жана «Алай» клубдары катышат. Чүчү кулактын жыйынтыгы менен «Дордой» E тайпасына түштү. Ал Тажикстандын «Равшан» жана Түркмөнстандын «Ахал» клубдары менен күч сынашат. Оштун «Алайы» F тайпасында Өзбекстандын «Насаф», Түркмөнстандын «Алтын Асыр» жана Тажикстандын «Худжанд»… Кененирээк…

Унаа жана жолдор министрлиги жол-курулуш техникаларга GPS-навигаторлорду орнотуу ниетинде

Унаа жана жолдор министрлиги жол-курулуш техникаларга GPS-навигаторлорду орнотуу ниетинде. Ведомстводон белгилешкендей, мындай чара ишти натыйжалуулугун жогорулатып, күйүүчү майдын чыгымын көзөмөлдөйт. Маалыматтардын базасы министрликтин жана жол-чарба департаментинин сайтында жайгаштырылат. Учурда навигаторлор  133 атайын техникага орнотулду. Кезекте дагы 440 унаа турат.

Каржы министрлиги мамлекеттик колдоонун алкагында насыя алгандарга 286 миллион сом төлөп берди

Каржы министрлиги мамлекеттик колдоонун алкагында насыя алгандарга 286 миллион сом төлөп берди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. Каражатты 160 каршы-насыя уюму алды. Алар карызы барлардын пайыздарын эсептен чыгарышты. Эске салсак, 100 миң сомго чейин насыясы бар кыргызстандыктар 3 ай аралыгында мамлекеттен жардам алат.… Кененирээк…

Ордо калаанын бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт

Ордо калаанын бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, эртең саат 9дан кечки 6га чейин Москва, Садовый, Кантемиров көчөлөрүнүн, Жибек-Жолу проспектисинин, ошондой эле Арча-Бешик жана Ак-Босого конуштарынын бир бөлүгүндө жарык жок болот. Убактылуу чектөөлөр оңдоо иштерине байланыштуу.

“Бишкек жылуулук энерго” ишканасы газ менен жылытууга өтөт

“Бишкек жылуулук энерго” ишканасы газ менен жылытууга өтөт. Бул тууралуу ордо калаа мэриясынан билдиришти. От казандарды көмүрдөн көгүлтүр отко өткөрүү чарасы шаар үстүн каптап жаткан түтүнгө байланыштуу. Эске салсак, “Бишкек жылуулук энерго” ордо калаанын түштүк-батыш тарабын жылуулук менен камсыздайт. Калаанын башка райондорунун жашоочулары жылуулук энергиясын… Кененирээк…

Жаңы президенттин инаугурациясына байланыштуу ордо калаа көчөлөрү жабылбайт

Жаңы президенттин инаугурациясына байланыштуу ордо калаа көчөлөрү жабылбайт. novosti.kgге ички иштер министрлигинен билдиришкендей, атайын кортеж өтүп бараткан учурда Манас, Чынгыз Айтматов жана Чүй проспектисинде кыска мөөнөткө гана унаалар жол четине токтотулат. Ошондой эле коомдук коопсуздукту 2,5 миңден ашык милиция кызматкерлери камсыздайт. Орган кызматкерлери күчөтүлгөн режимде… Кененирээк…

Бишкектеги базардын аймагы ирээтке келтирилет

Бишкектеги базардын аймагы ирээтке келтирилет. Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, иштер Чүй проспектиси, Бейшеналиева, Рыскулов жана Павлов көчөлѳр бөлүгүндө жүргүзүлөт. Ленин райондук башкармалыгына аталган аймакта башаламан жана жол жээгинде соода жүргүзгөндөрдү жоюу тапшырмасы берилди. Калаа бийлигинен эскертишкендей, мамлекеттик администрациянын, маданий эстеликтердин, диний имараттардын, жолдордун, тротуарлардын өтүүчү бөлүгүндө… Кененирээк…

Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында жаңы бала бакча ачылды

Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында жаңы бала бакча ачылды. Мекеме бардык зарыл жабдуулар менен камсыздалды. Бакча 50 орунга ылайык. Бүгүнкү күндө мекемени коргондоо иштери жүрүп жатат. Объектини курууга каражат жергиликтүү жана мамлекеттик бюджет тарабынан берилди. Ошондой эле демөөрчүлөр колдоо көрсөтүштү. Мектепке чейинки даярдоо мекемесин куруу 10… Кененирээк…

Акыркы 3 жылда Кыргызстанга чет өлкөлөрдө уурдалган 30дан ашык унаа алып келинген

Акыркы 3 жылда Кыргызстанга чет өлкөлөрдө уурдалган 30дан ашык унаа алып келинген. Бул тууралуу ички иштер министри Мирлан Каниметов билдирет. Анын айтымында, унаалар жасалма документтер менен Белорустан жана Россиядан ташылган. Кылмыш иши козголгон. Жоопкерчиликке 17 адам тартылды, анын арасында милициянын, Бажы кызматынын жана Мамлекеттик каттоо… Кененирээк…