Кыргызстандын виртуалдык картасы чыгарылды

Кыргызстандын виртуалдык картасы чыгарылды. Онлайн картадан өлкөнүн ордо калаасын, аймактарындагы туристтик жерлерди жана объектилерди 3Д форматында көрсө болот. Карта орус, кыргыз, англис тилдеринде жеткиликтүү. Вирутаулдык картанын расмий бет ачары февралга пландалууда. Долбоор Япония жана Германия тарабынан каржыланды

Балыкчыда эки саламаттыкты сактоо мекемеси курулууда

Балыкчыда эки саламаттыкты сактоо мекемеси курулууда. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, объекти шаардык оорукананын аймагына тургузулат. Анда 21 орундуу 2 кабаттан турган медициналык ден-соолукту чыңдоочу комплекс жана 16 адамга чакталган эки кабаттуу көп тармактуу дартты аныктоо борбору пайда болот. Курулуш иштерин жеке демөөрчү жүргүзүүдө.… Кененирээк…

Президенттин иш бөлмөсү эми эски аянттагы өкмөт үйүндө жайгашат

Президенттин иш бөлмөсү эми эски аянттагы өкмөт үйүндө жайгашат. Маалыматты novosti.kgге өлкө башчы аппаратынын басма сөз кызматынан тастыкташты. Белгилүү болгондой, Садыр Жапаров премьер-министрдин иш бөлмөсүн ээледи. Эске салсак, президент аппараты жана иштөө жери салттуу түрдө “Ак үйдө” жайгашып келген

Бишкекте борбордук мечиттен ири суммада акча уурдоого шектүү жаран кармалды

Бишкекте борбордук мечиттен ири суммада акча уурдоого шектүү жаран кармалды. Шаардык милициянын маалыматына ылайык, 20-январда Жибек Жолу проспектисиндеги мечиттен белгисиз бирөөлөр жабырлануучунун баштыгын уурдап кеткен. Анын ичинде доллар, сом жана рубль түрүндө жалпысынан 10 миң 300 доллар болгон. Издөө иштеринин натыйжасында 50 жаштагы адам кармалды. Шектүүнүн… Кененирээк…

Ош облусунда очогундагы күчү үч баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында очогундагы күчү үч баллга жеткен жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Жер титирөө Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылында үч балл, Өзгөн районунун Чимбай айылында үч балл, Мырзаке, Салам-Алик айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.  

Telegram WhatsApp мессенджериндеги жазышууларды өзүнө көчүрүүгө уруксат берди

Telegram WhatsApp мессенджериндеги жазышууларды өзүнө көчүрүүгө уруксат берди. Мындай мүмкүнчүлүк iOS платформасын колдонуучуларга 7.4 версиясы жаңылагандан кийин түзүлдү. Эми жазылган каттарды WhatsApp, Line же KakaoTalk тиркемелеринен Telegram мессенджерине көчүрүүгө болот Учурда жаңы опция iOS колдонуучулары үчүн жеткиликтүү. Жакында Android платформасында да пайда болот.

Бишкекти көрктөндүрүү үчүн даярдык көрүү иштери башталды

Бишкекти көрктөндүрүү үчүн даярдык көрүү иштери башталды.  Мэриядан билдиришкендей, “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери кызыл сальвия жана көк агератумдун 60 миң үрөөнүн себишти. Көчөттөр кылдаттык менен өстүрүлүп, жаздын ортосунда ордо калаанын гүлзарларына отургузулат. Эске салсак, Бишкек былтыр 18 миллиондон ашык 18 түрдүү гүлдөр менен кооздолгон

Талас облусундагы мектепте чыккан өрттүн себеби аталды

Талас облусундагы мектепте чыккан өрттүн себеби аталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жалын саат 12де толугу менен өчүрүлдү. Тилсиз жоо от казанды туура эмес пайдалангандыктан келип чыкты. Ошондой эле мекеме эскирип калган. Эске салсак, бүгүн эртең менен Кара-Буура районунун Ак-Жар айылындагы мектепте өрт чыкты. Жалын от… Кененирээк…

Окуучулардын Республикалык олимпиадасынын өтүү мөөнөтү жылдырылды

Окуучулардын Республикалык олимпиадасынын өтүү мөөнөтү жылдырылды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, так мөөнөт белгилене элек, бардыгы эпидемиологиялык абалга жараша болот. Учурда ведомство бардык шарттарды камтыган мекеме түзүү боюнча көз карандысыз уюмдарга сынак жарыялады. Тендер жыйынтыкталгандан кийин министрлик так мөөнөттү түзөт.

Баткендин Кызыл-Дөң кварталында 375 окуучуга чакталган мектеп курулууда

Баткендин Кызыл-Дөң кварталында 375 окуучуга чакталган мектеп курулууда. Турмуш басылмасы билдиргендей, учурда иштер 70 пайызга аяктады. Жаңы окуу корпусун салууга чет элдик донорлор тарабынан 1 миллион доллар бөлүнүп берилди. Билим берүү мекемеси быйылкы жылдын экинчи кварталында ачылат.