Садыр Жапаров алгачкы жарлыктарына кол койду

Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров алгачкы жарлыктарына кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Ага ылайык, беш жарлык кабыл алынган. Алар: Жарандардын руханий адеп-ахлагын өнүктүрүү жана жарандардын дене тарбиясы; менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо; миграциялык кырдаалды жакшыртуу; жаңы кадрдык саясат; Кен казуу… Кененирээк…

Эл аралык эксперттер Кытайдын Ухань провинциясында коронавирустун чыгышын иликтеп баштады

Эл аралык эксперттер Кытайдын Ухань провинциясында коронавирустун чыгышын иликтеп баштады. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү, Ухандагы базарларды, ооруканаларды жана лабораторияларды текшеришет. АКШ, Австралия, Германия, Япония, Британия, Россия, Нидерлландар, Катар жана Вьетнам өлкөлөрүнөн чогулган адистер коронавирусту алгачкы жугузган адамдар менен сүйлөшүүлөрдү да жүргүзөт. Белгилеп кетсек, уюмдун… Кененирээк…

Бишкекте дем алыш күндөрү азык-түлүктөр арзан баада сатылат

Бишкекте дем алыш күндөрү азык-түлүктөр арзан баада сатылат. Айыл-чарба министрлигинен билдиришкендей, ишемби, жекшемби күндөрү кезектеги азык-түлүк жарманкеси өтөт. Ал 12 кичирайондогу Түштүк магистраль — Нуркамал Жетикашкаев көчөлөр кесилишинде уюштурулат. Андан жарандар эт, жашылча, сүт азыктарын дүң баада сатып алса болот.

2021-жылга карата республикалык жана эл аралык негизги мелдештердин календардык планы бекитилди

2021-жылга карата республикалык жана эл аралык негизги мелдештердин календардык планы бекитилди. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, 2021-жылы кыргызстандык атлеттер спорттун олимпиадалык, паралимпиадалык, олимпиадалык эмес жана улуттук спорттун түрлөрү боюнча жалпысынан 300гө жакын мелдешке катышат. Анын катарында Токио олимпиадасы, Дүйнө чемпионаттары, Көчмөндөр оюндары сыяктуу… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында мектептер жана бала бакчалар ачылат

Жалал-Абад шаарында мектептер жана бала бакчалар ачылат. Тагыраагы, 1-февраль, дүйөмбүдөн тартып 1-класстан 11-класска чейинки окуучулар мектеп парталарына кайтып келишет. Ошондой эле муниципалдык бала бакчалар да бөбөктөрдү кабыл ала баштайт. Тиешелүү чечим шаардык штабдын жыйынында кабыл алынды. Ага ылайык, ишин жанданткан мекемелер бардык санитардык нормаларды так… Кененирээк…