Диетологдор эртең менен туура тамактанам дегендер эмнелерди жеши керектигин айтып беришти

Диетологдор эртең менен туура тамактанам дегендер эмнелерди жеши керектигин айтып беришти. Эртең мененки тамакта колдон келсе белокко жана майга бай жумуртка, авокадо, Омега-3 май кислотасына бай лосось болушу керек. Ал эми түштөнүү менен кечки тамактын жарымы жашылча менен көк чөптөн турушу зарыл. Шам-шум эте калганда… Кененирээк…

Өзбекстанда өзгөчө музоо жарыкка келди

Өзбекстанда өзгөчө музоо жарыкка келди. Жергиликтүү басылмалар билдиришкендей, Самарканд облусундагы «Курпа» айылында, фермердин үйүндө жонуна канат өсүп калгандай уйдун музоосу туулду. Үй жаныбарынын ээси божомолдогондой, уй эгиз торпок туушу керек болчу. Бирок айрым мүчүлүштүктөрдөн улам түйүлдүк туура эмес өрчүп калган.

Европа лигасынын жарым чейрек финалындагы алгачкы оюндар 11-мартта башталат

Европа лигасынын жарым чейрек финалындагы алгачкы оюндар 11-мартта башталат. Жооп берүү беттештери 18-мартта болот. Championat басылмасы билдиргендей, анда Динамо, Милан, Тоттенхэм Хотспур, Манчестер Юнайтед, Арсенал жана башкалар болуп, жалпысынан 16 команда ойнойт. Эске салсак, былтыр Европа лигасын «Севилья» клубу жеңип алган. Анда курама жыйынтыктоочу беттеште… Кененирээк…

Россия Кыргызстанга көрсөтө турган жардамдын дагы бир түрү белгилүү болду

Россия Кыргызстанга көрсөтө турган жардамдын дагы бир түрү белгилүү болду. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдиргендей, биздин өлкөгө 100 өрт өчүрүүчү техника жана тик учак жөнөтүлөт. Жардам кайтарымсыз негизде берилет. Андан тышкары, эки өлкө өкүлдөрү ортосунда кыргызстандык курсанттар Россияда бекер окутулуп, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча… Кененирээк…

Россия Кыргызстанга коронавируска каршы 500 миң доза вакцина берет

Россия Кыргызстанга коронавируска каршы 500 миң доза вакцина берет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Тиешелүү макулдашуу эки өлкө министрлери ортосунда жетишилди. Бейшеналиевдин айтымында, “Спутник V” вакцинасын алып келүү боюнча маселе чечилди, эми препарат этабы менен Кыргызстанга жеткирилет. Ошондой эле… Кененирээк…

Бишкекте мектептер жана бала бакчалар 1-мартта ачылбайт

Бишкекте мектептер жана бала бакчалар 1-мартта ачылбайт. Вице-мэр Айжан Чыныбаева билдиргендей, калаа бийлиги мекемелерди ачууга даяр, бирок акыркы чечимди чыгаруучу республикалык штаб уруксаат берген жок. Талап боюнча балдар шахматтык негизде отургузулуп, бир катар эрежелер сакталышы керек. Бирок мектептерде балдар жыш жайгашкандыктан норманы толук сактоо мүмкүн… Кененирээк…

Бишкекте жаштар арасында дзюдо боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Бишкекте жаштар арасында дзюдо боюнча өлкө чемпионаты өтөт. Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, турнирде балдар 8 салмак категориясында жана кыздар дагы ушундай эле чен өлчөмдө күч сынашат. Мелдеш 1-2-мартта спорт сарайында өтөт. Спорттук мелдешке көрүүчүлөр киргизилбейт, санитардык-эпидемиологиялык талаптар толук сакталат

Балдарын электрондук каттоо долбоору менен 1-класска каттай албай калган ата-энелерге комиссия жардам берет

Балдарын электрондук каттоо долбоору менен 1-класска каттай албай калган ата-энелерге комиссия жардам берет. Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдиргендей, система иштеп баштаган 15-февралда, биринчи күнү эле мектептерде орун калбай калганын көрсөткөн. Бул техникалык ката. Аны адистер ошол эле күнү оңдошкон. Эми комиссия жашаган… Кененирээк…

Кыргызстандын бардык аймактарына орус тилдүү 44 мектеп-интернаты пайда болот

Кыргызстандын бардык аймактарына орус тилдүү 44 мектеп-интернаты пайда болот. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди. Анын айтымында, макулдашуу Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапарынын алкагында жетишилди. Билим берүү мекемелеринин курулушу Россиянын колдоосу менен ишке ашат. Ошондой эле аларда сабак өтүүгө россиялык педагогдор тартылат.

Кыргызстанда жыл ичинде кумшекер орточо эсеп менен 46 пайызга кымбаттады

Кыргызстанда жыл ичинде кумшекер орточо эсеп менен 46 пайызга кымбаттады. Тагыраагы бир жылда товардын наркы 18 сом 87 тыйынга жогорулады. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө кумшекердин килограммы республика боюнча орточо эсеп менен 60 сомду түзөт. Эң кымбаты Жалал-Абад жана Ошто килограммы 64 сомдон, кызыгы… Кененирээк…