Филиппиндин тургуну өзгөчө жарнамалык кампаниядан кийин социалдык тармактарда атактуу болду

Филиппиндин тургуну өзгөчө жарнамалык кампаниядан кийин социалдык тармактарда атактуу болду. Ал аялдардын кийимин сатат. Бирок манекен катары уктап жаткан күйөөсүн колдонот.   Эркек ичи менен жаткан учурда, аял анын белине кыз-келиндердин көйнөктөрүн коюп, сүрөткө тартып коет. Мындай сүрөттөр соцтармактардын колдонуучуларына дароо жакты. Эми анын идеясын… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактары эртең жарыксыз калат

Бишкектин айрым аймактары эртең жарыксыз калат. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин электр энергиясы Бектенов, Карасаев, Абдрахманов, Токтогул, Москва, Орозбеков көчөлөрүндө, Жибек Жолу проспектинде жана Арча-Бешик, Ак-Босого, Ак-Өргө конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Лейлек районунда жаңы мектеп пайда болот

Лейлек районунда жаңы мектеп пайда болот. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, жалпы билим берүү мекемеси Гөлбө айылында курулууда.   Имарат 275 окуучуга чакталат. Долбоордун алкагында мектепте кол эмгек кабинети, медициналык түйүн, китепкана, машыгуучу зал жана ашканасы болот. Курулушка 900 миң долларды Сауд өнүктүрүү… Кененирээк…

Бишкектин 4 калкты тейлөө борборунда кыймылсыз мүлк жана жер объектилери боюнча кызматтар көрсөтүлөт

Бишкектин 4 калкты тейлөө борборунда кыймылсыз мүлк жана жер объектилери боюнча кызматтар көрсөтүлөт. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, жарандар алардан объектке укуктары боюнча маалыматты, техникалык мүнөздөмөлөрүн жана башка документтерди ала алышат.   Кызматтар ушул айдын аягына чейин сыноо режиминде көрсөтүлөт.   Ал ийгиликтүү өтсө, өлкөнүн бардык… Кененирээк…

Кыргызстанда кайрадан Коргоо министрлиги түзүлөт

Кыргызстанда кайрадан Коргоо министрлиги түзүлөт. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду. Документте жазылгандай, Коргоо министрлиги Генералдык штаб жана Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин базасында пайда болот.   Мындай чара Куралдуу күчтөр системасын башкарууну өнүктүрүү үчүн киргизилүүдө. Эске салсак, Коргоо министрлиги 2014-жылы жоюлган. Куралдуу күчтөрдү… Кененирээк…

Президенттин маалымат кызматына жаңы жетекчи дайындалды

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп Нуркамал Асканова дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.   Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Нуркамал Асканова 25 жылдан ашык КТРКда иштеген. Дайынсыз жоголгондорго издөө салып, таап берген «Кайдасын?» берүүсүнүн автору жана алып баруучусу болчу. Буга чейин аталган… Кененирээк…

Ошто студенттер аралаш форматта билим алып баштады

Ошто студенттер аралаш форматта билим алып баштады.   Бул суроо Жарандык коргонуу штабынын отурумунда талкууланган. Февралдын башталышы менен аудиторияларга медициналык багытта билим алган жана бүтүрүүчү курстардын студенттери кайтып келди.   Аралаш форматта студенттер жогорку окуу жайга жумасына 2-3 жолу келет, ал эми лекциялар аралыктан эле… Кененирээк…

Республикалык бюджеттин дээрлик 42 пайызы мамлекеттик кызматкерлердин маянасына жумшалат

Республикалык бюджеттин дээрлик 42 пайызы мамлекеттик кызматкерлердин маянасына жумшалат. Өткөн жылга карата отчетту Каржы министрлигинен беришти. Ведомство маалыматына ылайык, мамлекеттик кызматкерлерге дээрлик  62 миллиард сом айлык катары төлөндү.   Бул суммага негизги маяна, кошумча төлөмдөр жана компенсация кирет. Ал эми Соцфондко болгон которуулар тууралуу айта… Кененирээк…

Кыргызстанда унааны өлкө аймагына киргизүүдө түтүн чыгаруу системасын милдеттүү текшерүүнү киргизүү сунушталды

Кыргызстанда унааны өлкө аймагына киргизүүдө түтүн чыгаруу системасын милдеттүү текшерүүнү киргизүү сунушталды. Мындай демилгени Экономика министрлиги көтөрдү.   Планга ылайык, машинелер текшерилгенден кийин гана каттоого алынат. Ведомсто муну республикадагы унаалардын басымдуусунун эскилиги жеткени менен түшүндүрдү.   Алар чыгарган газ ордо калаа экологиясына залакасын тийгизүүдө. Демилге… Кененирээк…

Нургазы Анаркулов ээлеген кызматынан бошотулду

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов берген арызынын негизинде кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчысы Садыр Жапаров 1-февралда кол койгонун президенттин басма сөз кызматы кабарлады.   30-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Анаркулов ири суммада пара талап кылууга шектелип кармалганын, ага… Кененирээк…