“Ювенстустун” чабуулчусу Криштиану Роналду Европанын он жылдыктагы эң мыкты футболчусу деп аталды

“Ювенстустун” чабуулчусу Криштиану Роналду Европанын он жылдыктагы эң мыкты футболчусу деп аталды. Рейтингди Футбол тарыхы жана статистикасы боюнча эл аралык федерациясы түздү.   Экинчи орунда “Реал Мадриддин” капитаны Серхио Рамос жайгашса, үчилтикти “Бавариянын” дарбазачысы Мануэль Нойер бекитет. Буга чейин Криштиану Роналду киргизилген голдору боюнча рекорд… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең электр энергиясы жок болот

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең электр энергиясы жок болот. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин жарык Скрябин, Бектенов көчөлөрүндө жана Бий туюк көчөсүндө жок болот.   Андан тышкары, Исанов, Москва, Кулатов, Лев Толстой көчөлөрүндө жарык берүү үзгүлтүккө учурайт. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге… Кененирээк…

Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы өкмөттүн түзүмүн жана курамын бекитти

Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы өкмөттүн түзүмүн жана курамын бекитти. Жыйынга катышкан эл өкүлдөрүнүн баары колдоп, бир гана депутат каршы добушун берди.   Улукбек Марипов башында турган өкмөттүн 16 мүчөсү болот. Жаңы курамда мурдагы алты кызмат жоюлат. Тагыраагы, үч вице-премьер-министр кызматтары жоюлуп, айрым министрлик, агенттик, комитеттер бириктирилет.

Дубайда өзгөчө асман тиреген имарат курулат

Дубайда өзгөчө асман тиреген имарат курулат. Түркиялык архитекторлор тобу анын долбоорун түзүп чыкты. Ага ылайык, небоскреб шамал турбиналарындай болуп айланып, электр энергиясын иштеп чыгат.   Ал өзүн толугу менен 48 саатта айланат. Имарат 3 бөлүктөн жана вертолет үчүн атайын аянтчадан турат.

Өзгөн шаарына атайын техниканын жаңы партиясы жеткирилди

Өзгөн шаарына атайын техниканын жаңы партиясы жеткирилди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Калаага грейдер, кран жана башка зарыл тетиктер тапшырылды.   Техника заманбап канализациялык системаларды, суу түтүктөрүн орнотууда колдонулат.

Кыргызстанда коронавирустан вакцина 3 этап менен жүргүзүлөт

Кыргызстанда коронавирустан вакцина 3 этап менен жүргүзүлөт. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.   Анын айтымында, биринчи кезекте эмдөө медицина кызматкерлерине, мугалимдерге, тартип сакчыларга жана тейлөө тармагынын кызматкерлерине жасалат.   Экинчи этапта 60 жаштан жогорку адамдарга, ал эми үчүнчү этапта вакцинаны… Кененирээк…

Instagram жакында өчүрүлгөн контетти калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк берет

Instagram жакында өчүрүлгөн контетти калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Колдонуучулар көптөн бери суранып жүргөн функция аккаунтту талкалагандан кийин өчүрүлгөн сүрөт-видеолорду дагы сактап калат.   Тарыхчалар 1 күндүн ичинде, ал эми посттор 30 күндүн ичинде калыбына келтирилет.

Араван районунда жаңы мектеп пайда болот

Араван районунда жаңы мектеп пайда болот. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, жалпы билим берүү мекемеси Кочубаев айылында курулууда.   Имарат 225 окуучуга чакталып, курулушка 900 миң долларды Сауд өнүктүрүү фонду бөлүп берген. Объект ушул жайда колдонууга берилет.

Эми концерттердин афиша жана билеттеринде “жандуу үн” же “фонограмма менен” деген жазуулар болушу керек

Эми концерттердин афиша жана билеттеринде “жандуу үн” же “фонограмма менен” деген жазуулар болушу керек. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.   Андан такташкандай, буйрук “Фонограммалар жөнүндө” мыйзамынын негизинде керектөөчүлөрдүн укугун коргоого, музыка искусствосун өнүктүрүүгө жана аткаруучулардын потенциалын жакшыртууга багытталат.

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди. Бирок буга чейин киргизилген санитардык нормаларды сактоо керек.   Жарандар беткап тагынып, коопсуз аралыкты сактап, үйүн, иш ордун таза кармап, бөлмөнү улам желдетип туруу сунушталат. Акматова белгилегендей, адатта кышкысын курч респиратордук… Кененирээк…