Париждеги Эйфель мунарасы жарым кылымдан кийин көрктөндүрүлүп жатат

  Париждеги Эйфель мунарасы жарым кылымдан кийин көрктөндүрүлүп жатат. Франциянын башкы өзгөчөлүгү Парижде 2024-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына карата калыбына келтирилет.   Бул ирет конструкция алтын түскө боелот. Иштерге 50 миллион евро жумшалат. Эске салсак, Эйфель мунарасынын бийиктиги 324 метрди түзөт – бул 80 кабаттуу… Кененирээк…

Бишкек жазында гүлгө толот

Бишкек жазында гүлгө толот. Ордо калаа көчөлөрү гүл отургузууга даярдалып баштады. Мэриянын маалыматына ылайык, бир жумадан кийин багбандар күнөсканалардагы көчөттөрдү шаардын гүлзарларына отургузуп баштайт.   Апрелде Жеңиш аянты биринчилерден болуп гүлгө оролот. Алгач 400 миң гүл отургузулат. Ал эми жалпысынан 1 миллион 400 миң гүл… Кененирээк…

Бишкекте эми коомдук транспорт кайда келе жатканын көрүп алса болот

Бишкекте эми коомдук транспорт кайда келе жатканын көрүп алса болот. “Тулпар” командасы атайын функцияны ишке киргизди. Ордо калаа мэриясынын маалыматына ылайык, бул үчүн бишкектиктер “Тулпар” тиркемесин телефонуна көчүрүп алышы керек.   Автобус же троллейбустун каттамына көз салуу үчүн жеке кабинетти түзүп, “каттамдар” бөлүмүнө кирип, транспорттун… Кененирээк…

БШК Жогорку Кеңешке шайлоолорду майда өткөрүүгө жетишпей калышы мүмкүн

БШК Жогорку Кеңешке шайлоолорду майда өткөрүүгө жетишпей калышы мүмкүн. Бул тууралуу 24 агенттигине Боршайкомдун мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди. Анын айтымында, 11-апрелде бир күндө жергиликтүү кеңешке  шайлоолор жана жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум өтөт.   Добуш берүүнүн жыйынтыгы майдын башында жарыяланышы күтүлөт.   Андыктан, БШК… Кененирээк…

«Манас» аэропортунда ири коррупциялык схема аныкталды

Башкы прокуратура «Манас» эл аралык аэропортундагы туруктуу коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу башкы көзөмөл органдын маалымат кызматы билдирди.   Анда айтылгандай, аба майдандын жооптуу адамдары тарабынан эл аралык каттамдарга жүк ташыган «Гата эйрлайнс» компаниясына жеңилдиктер берилип кеткен. Мунун кесепетинен 2016-жылдын 1-июнунан 2020-жылдын 1-ноябрына чейинки аралыкта… Кененирээк…

Кайгуул милиция кызматы Бишкекте ири рейддерди жүргүзөт

Кайгуул милиция кызматы Бишкекте ири рейддерди жүргүзөт. Ведомство маалыматына ылайык, бул мас абалында унаа башкарган, тиешелүү документтери жок жүргөн айдоочуларды, терезелери караңгылатылган унааларды аныктоо үчүн жасалууда.   Болжол менен рейддер ушул жуманын аягында жана кийинки аптанын башында жүргүзүлөт. Андыктан, айдоочулар бул чараларды түшүнүү менен кабыл… Кененирээк…

Жалал-Абад жана Ош облустарында 17 калк жашаган түйүнгө айыл макамы берилет

Жалал-Абад жана Ош облустарында 17 калк жашаган түйүнгө айыл макамы берилет. Тиешелүү мыйзам долбоору Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан иштелип чыгып, парламентте 3 окууда тең жактырылды.   Учурда бул калк жашаган түйүндөрдө 22 миң 500дөн ашык адам бар. Айыл макамын берүү менен… Кененирээк…

Каржы министрлигинде өкмөттүн тапшырмасы менен атайын фонд түзүлдү

Каржы министрлигинде өкмөттүн тапшырмасы менен атайын фонд түзүлдү. Ага пландан ашык чогулган каражат которулат, — деп билдирди биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков.   Анын айтымында, учурга карата фондко   400 миллион сом которулду. Новиков белгилегендей, ушул жылдын январь айында бюджеттин планы 12,5 пайызга ашыгы менен аткарылды.

Кочкордо жер титиреди

Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМ кабарлады. Жер титирөө кечээ, 4-февралда, катталган. Жердин силкинүүсү Кочкор районунун Кара-Күнгөй, Кара-Саз айылдарында 2,5 балл, Кочкор айылында 2 баллга чейин сезилген. Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер… Кененирээк…

Бишкекте көчөлөрдү көрктөндүрүү иштерине кызуу даярдык жүрүп жатат

Бишкекте көчөлөрдү көрктөндүрүү иштерине кызуу даярдык жүрүп жатат. Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, өткөн айда “Бишкек жашыл чарба” ишканасынын күнөсканаларына түрдүү бир жылдык гүлдөрдүн үрөөнү себилген. Алар көчөт болуп, отургузганга даярдалууда. Апрелдин ортолорунда алгач көрктөндүрүү иштери Жеңиш аянтында башталат. Быйыл ордо калаа көчөлөрүнө 1,5 миллион… Кененирээк…