Бишкектин айрым жерлеринде таза суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде таза суу өчүрүлөт. Мэриянын маалыматына ылайык, эртең саат 9дан кечки 8ге чейин Панфилов, Горький, Лев Толстой, Чынгыз Айтматов көчөлөр кесилишинде жана Керимбеков, Исанов, Бөкөнбаев көчолөрүндөгү айрым үйлөрдө таза суу жок болот. Убактылуу чектөөлөр оңдоо иштерине байланыштуу. Белгилеп кетсек, өчүрүүлөр республикалык ооруканага жана… Кененирээк…

“Сосновка” өткөрүү түйүнүндө оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилди

“Сосновка” өткөрүү түйүнүндө оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилди. Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, мындай чара аба-ырайынын кескин начарлашынан жана трассаны каптаган тумандан улам кабыл алынды. Оор жүк ташуучу унааларга болгон чектөөлөр кеминде таңга чейин созулат. Эгер аба-ырайы жакшырбаса тыюу салуулар… Кененирээк…

Эртеңден тартып Кыргызстандан Россияга туруктуу аба каттамдардын саны көбөйтүлөт

Эртеңден тартып Кыргызстандан Россияга туруктуу аба каттамдардын саны көбөйтүлөт. “Манас” эл аралык аба майданынан билдиришкендей, учактар жумасына 6 ирет жүргүзүлөт. Талаптарга ылайык, кыргызстандыктарда Россияга уча турган күндөн 3 сутка кем эмес убакта ковиддин жок экенин тастыктаган аныктамасы болушу керек.

Баткен облусунун аймагында ири төрт канал пайда болот

Баткен облусунун аймагында ири төрт канал пайда болот. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, суу объектилери Кадамжай, Баткен жана Лейлек райондорунда курулууда. Каналдардын жалпы узундугу дээрлик 68 чакырымды түзөт. Жалпы керектелчү сумма 1 миллиард 281 миллион сом. Иштерге каражат республикалык бюджеттен жана инвестициялардын эсебинен жүрүп жатат. Долбоорду… Кененирээк…

Жергиликтүү кеңештерди шайлоо 11-апрелде белгиленди

Жергиликтүү кеңештерди шайлоо 11-апрелде белгиленди. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, Боршайкомго добуш берүүнү мыйзамга ылайык өткөрүү, ал эми өкмөткө чыгымдар сметасына жараша каражат бөлүү тапшырылды. Андан тышкары, добуш берүүдө жабдуулардын коопсуздугун сактоого чара көрүлүшү керек. Ошондой эле жергиликтүү бийликтер шайлоочулардын тизмесин… Кененирээк…

Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылында муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү

Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылында муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү. Кайрымдуулук иш-чарасы айыл тургундары тарабынан ишке ашты. Анын алкагында жалпысынан 18 үй-бүлөгө азык-түлүк топтому таратылды.  Ага күнүмдүк турмушка керектелүүчү ун, күрүч, өсүмдүк майы жана башка азык-түлүктөр кирди.

Түштүк Корея Кыргызстан жарандарына виза берүүнү жандантты

Түштүк Корея Кыргызстан жарандарына виза берүүнү жандантты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Эки өлкөнүн министрлери ортосунда жетишилген макулдашууга ылайык, бүгүнтөн тартып кыргызстандыктар аталган өлкөгө тоскоолдуксуз кире алышат. Ведомстводон эскертишкендей, өлкөгө бара турган жарандар ковидге карата текшерүүдөн өтүшү керек. Эгерде Түштүк Кореяга барган жарандардан коронавирус… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасындагы 2 өткөрүү бекеттери ишин жандантты

Кыргыз-казак чек арасындагы 2 өткөрүү бекеттери ишин жандантты. Чек ара кызматынан билдиришкендей, бүгүнкү күндө “Кең-Булуң” постунан  жарандар, оор жүк ташуучу унаалар өткөрүлө баштады, ал эми “Токмок” көзөмөл-өткөрүү түйүнүнөн жарандар жана унаалар гана өтүп жатат. Оор жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө уруксаат берилген жок. Ушуну менен кыргыз-казак… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында көрктөндүрүү иштери 1-мартта башталат

Жалал-Абад шаарында көрктөндүрүү иштери 1-мартта башталат. novosti.kgге калаа мэриясынан билдиришкендей, буга чейин шаардын балансындагы күнөсканага гүлдүн 6 түрүнүн үрөөнү себилген. Эми күн жылыса эле клумбаларга гүлдөрдүн 14 миң түрү отургузулат. Иштер шаардын көчөлөрүндө, сейил бактарында жана эс алуу аймактарында аткарылат

Чынгыз Айтматов атындагы орус драма театры карантинден кийин ишин жандантат

Келе жаткан ишемби, 13-февралда Чынгыз Айтматов атындагы орус драма театры карантинден кийин ишин жандантат. Эми спекталдер ар ишемби жана жекшемби саат 11 жана кечки 6да болот. Маданият үйүнүн өкүлдөрү билдиришкендей, 13 жана 14-февралда мекеменин фойесинде көргөзмө уюштурулат. Отуруу эрежеси, санитардык норма жана кассанын иштөө мөөнөтү… Кененирээк…