Декабрдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик карыз ар бир кыргызстандыкка 746 доллардан туура келет

Декабрдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик карыз ар бир кыргызстандыкка 746 доллардан туура келет. Бересе бир айда 6 долларга көбөйдү. Каржы министрлигинен билдиришкендей, декабрдын аягында өлкө карызы 4 миллиард 928 миллион долларга жетти. Сумманын басымдуу бөлүгү тышкы карыз. Анын 42 пайызы кытайдын Эксим банкына туура келет.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жаңы мектеп пайда болот

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жаңы мектеп пайда болот. Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, билим берүү мекемеси Ново-Вознесеновка айылында салынууда. Объектиде окуу корпусу, ашкана, спорттук жана акты залы, компьютердик класс, ошондой эле так илимдер боюнча лабораториялык кабинеттер болот. Имарат 375 орунга чакталат. Долбоорду ишке ашырууга 1 миллион… Кененирээк…

Нарын облусундагы жолдору оңдоо иштерин жыйынтыктоого дээрлик 4 миллион сом сарпталат

Нарын облусундагы жолдору оңдоо иштерин жыйынтыктоого дээрлик 4 миллион сом сарпталат. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, кеп, Ат-Башы районунун борбору жана Он-Арча – Жаңы-Талап – Ашырма трассасынын бир бөлүгү тууралуу болуп жатат. Жол катмарын оңдоо иштери Бишкек – Нарын – Торугарт трассасын калыбына келтирүүдө үнөмдөлгөн… Кененирээк…

Өкмөткө 1-мартка чейин физикалык жана юридикалык жактарга көрсөтүлө турган кызматтарга кагаз иштерин жоюу сунушталды

Өкмөткө 1-мартка чейин физикалык жана юридикалык жактарга көрсөтүлө турган кызматтарга кагаз иштерин жоюу сунушталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкта айтылат. Кагаз түрүндөгү маалым каттарды “Түндүк” системасы аркылуу электрондук вариантка алмаштыруу сунушталды. Белгилеп кетсек, мындай чара жарандар жана юридикалык жактар мамлекеттик кызматтарды жеңилдетилген… Кененирээк…

Мыйзамсыз тургузулган көп кабаттуу үй инженердик тармактардан өчүрүлдү

Мыйзамсыз тургузулган көп кабаттуу үй инженердик тармактардан өчүрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти. Андан белгилешкендей, курулуш иштери токтотулду. Тергөө иштери жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын милдеттүү жактары жана курулуш компаниянын өкүлдөрү тарабынан юридикалык баа берилет. Эске салсак, буга… Кененирээк…

Жергиликтүү кеңештерди шайлоого чыгымдар сметасы жакынкы күндөрү бекитилет

Жергиликтүү кеңештерди шайлоого чыгымдар сметасы жакынкы күндөрү бекитилет. Бул тууралуу novosti.kgге БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. Анын айтымында, учурда Боршайком негизги иш-чаранын планын түзүүдө, ошондой эле шайлоо округдарын аныктап, жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте добуш берүүчүлөрдүн тизмесин тактайт. Эске салсак, шайлоо 448 жергиликтүү… Кененирээк…

Кыргызстандын мамлекеттик карызы дээрлик 5 миллиард долларга жакындап калды

Кыргызстандын мамлекеттик карызы дээрлик 5 миллиард долларга жакындап калды. Декабрдын аягына карата маалыматты каржы министрлигинен беришти. Аталган сумманын басымдуу бөлүгү тышкы карыздар. Биздин өлкө олуттуу сумманы кытайдын Эксим банкына бересе. Ага тышкы карыздын дээрлик 42 пайызы туура келет. Насыя бергендердин катарында Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы,… Кененирээк…

Баш мыйзамдын жаңы долбоору Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланды

Баш мыйзамдын жаңы долбоору Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланды. Документ коомдук талкууга чыгарылды. Анда белгиленген номурга жарандар өздөрүнүн сын-пикирлерин жана сунуштарын 9-мартка чейин билдирсе болот. Буга чейин коомдук талкуу Конституциялык жыйындын алкагында өткөндүктөн башкы мыйзамдын долбоору жөн гана таанышуу үчүн чыгарылары айтылган. Парламенттин мындай позициясы коомчулукта түрдүү… Кененирээк…

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен эскертишкендей, бүгүн, эртең күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Бишкек — Ош, Суусамыр — Талас — Тараз, Мырзаке — Кара-Кулжа – Алайкуу, Ала-Бука — Жаңы-Базар – Кировка жана Красная Горка — Ак-Таш унаа жолдорунда кар массасы… Кененирээк…

Жумгал районунун Чаек айылындагы коомдук унаалар окуучуларды бекер ташыйт

Жумгал районунун Чаек айылындагы коомдук унаалар окуучуларды, карыларды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди бекер ташыйт. Турмуш басылмасы билдиргендей, бул үчүн маршруттук таксилердин жаңы каттамы түзүлдү. Коомдук унаалардын күйүүчү майына сарптала турчу каражат жергиликтүү бюджеттен берилет. Белгилеп кетсек, бекер ташыла турган адамдардын катарына укук коргоо кызматкерлерин… Кененирээк…