«Кыргызалтындын» төрагасы кармалды

«Кыргызалтындын» төрагасы кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, шектүү алтын өндүрүүчү компаниялардын биринин директорлор кеңешинин мүчөсүн кызматтан алам деп коркутуп, айлыгынын бир бөлүгүн ага өткөрүп берүүнү талап кылган. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында, 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Кызматкер УКМКнын убактылуу кармоочу… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 86 адам COVID-19дан сакайды

Кыргызстанда дагы 86 адам COVID-19дан сакайды. Алар: — Бишкек шаарында 40 адам; — Ош шаарында 4 адам; — Чүй облусунда 16 адам; — Ош облусунда 6 адам; — Талас облусунда 2 адам; — Нарын облусунда 8 адам; — Ысык-Көл облусунда 7 адам; — Жалал-Абад облусунда… Кененирээк…

Өзбекстан расмий кагаздарды жана маалымат каражаттары толугу менен латын алфавитине өтөт

Өзбекстан расмий кагаздарды жана маалымат каражаттары толугу менен латын алфавитине өтөт. Тиешелүү токтом долбоорду өлкөнүн өкмөтү кабыл алды. Жаңы талаптар 2023-жылдан тартып күчүнө кирет. Белгилеп кетсек, Өзбекстанда 80 жылдан бери кирил ариби пайдаланылып келсе, дээрлик 30 жылдан бери латын жазмасы да бирдей колдонулуп жатат.

Түркия парламенти  Бишкектеги кыргыз-түрк достук ооруканасы боюнча келишимди ратификациялады

Түркия парламенти  Бишкектеги кыргыз-түрк достук ооруканасы боюнча келишимди ратификациялады. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, документ Түркия президенти кол койгондон кийин күчүнө кирет. Медициналык мекеме жабдуулар менен толук камсыздалып, толук кандуу иштейт. Ошондой эле Түркия тарап жыл сайын кыргызстандык 20 дарыгердин медициналык багыт боюнча билим алышына мүмкүнчүлүк… Кененирээк…

Түштүк облустарда жер титирөө катталды

Түштүк облустарда жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жердин силкинүүсү түндө Ошто 4,5 баллга, ал эми Баткенде 4 баллга чейин сезилди. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыр тарткандар жана кыйроолор катталган жок. Белгилеп кетсек, зилзаланын очогу Тажикстанда жайгашып, анда күчү 6,5 баллга жеткен.