Бишкектин бир бөлүгү эртең жарыксыз калат

Бишкектин бир бөлүгү эртең жарыксыз калат. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин электр энергиясы Байтик Баатыр, Абдрахманов, Лермонтов, Тыныстанов, Үсөнбаев, Васильев көчөлөрүндө жана Жибек Жолу проспектинде, Ак-Босого, Арча-Бешик конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Бишкекте күн жылып, “Тазалык” муниципалдык ишканасы көчөлөрдү жууп баштады

Бишкекте күн жылып, “Тазалык” муниципалдык ишканасы көчөлөрдү жууп баштады. Бүгүн линияларга жалпысынан 5 атайын техника чыкты, — деп билдиришти мэриядан.   Калган унаалар азырынча жайкы режимге өтө элек, анткени жуманын аягында кайрадан жаан-чачын күтүлүүдө.

Жергиликтүү шайлоолордо үгүт кампаниясын баштоо мөөнөтү ар кандай

Жергиликтүү шайлоолордо үгүт кампаниясын баштоо мөөнөтү ар кандай. БШКдан билдиришкендей, шаардык кеңеш депутаттары 12-марттан тарта үгүт жүргүзсө, айылдык кеңештерде агитация 22-мартта башталат.   Ал эми ага чейин бардык талапкерлер каттоодон өтүүгө тийиш. Белгилеп кетсек, айрым себептер менен талапкерлер каттоодон өтпөй калса, күрөө акысы кайтарылат. Эске… Кененирээк…

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 2 миң 144 мектеп кадимки форматта иштеп жатат

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 2 миң 144 мектеп кадимки форматта иштеп жатат. Ал эми өлкө аймагында жалпысынан 2 миң 227 билим берүү мекемеси бар. Эң көп мектептер Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында ачылды, — деп билдиришти Билим берүү министрлигинен.   Ведомстводон эске салышкандай, айрым мектептерде 1-класстан… Кененирээк…

Өкмөт жогорку окуу жайларда келишим төлөмдөрүн төмөндөтүү суроосун карап жатат

Өкмөт жогорку окуу жайларда келишим төлөмдөрүн төмөндөтүү суроосун карап жатат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов жарыялады. Анын айтымында, айрым университеттер өткөн жылдан бери аралыктан иштеп жатат.   Кээ бир жетекчилер студенттерди түшүнүп, контракт төлөмдөрүн 1 миң сомго азайтты. Учурда өкмөт төмөндөтүүнүн башка механизмдерин карап жатат.… Кененирээк…

Өкмөт Баткен облусуна өзгөчө статус берүү маселесин карап жатат

Кыргыз өкмөтү Баткен облусуна өзгөчө статус берүү маселесин карап жатат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов 16-февралда «Фейсбуктагы» баракчасынан түз эфирге чыгып, жарандардын суроолоруна жооп берип жатканда айтты.   «Баткен облусунда абал чындыгында эле оор. Ошол жерде жашап жаткан жарандардын жашоо-турмушуна жардам бергенге өкмөт болгон күч-аракетин… Кененирээк…

ИИМдин кызматкери пара талап кылууга шек саналууда

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 15-февралда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкеринин (А.А.) жана анын шеригинин үйүн, иштеген жерин тинтүүгө алды.   Атайын кызмат иш Жазык кодексинин «Пара талап кылуу» беренеси менен иликтенип жатканын кабарлады. Расмий маалыматка ылайык, былтыр… Кененирээк…

XXI кылымдын мыкты футбол машыктыруучулары аталды

XXI кылымдын мыкты футбол машыктыруучулары аталды. Рейтингди футбол тарыхы жана статистикасы боюнча эл аралык федерация түздү. Ага ылайык, биринчи орунду лондондук  “Тоттенхемдин” машыктыруучусу Жозе Моуриньо ээледи.   Экинчи сапка Германиянын башкы башыктыруучусу Йоахим Лёв жайгашты. Үчүнчү орунда дароо эки адис бөлүшөт – Алекс Фергюсон жана… Кененирээк…

Алматы — Ош — Алматы багыты боюнча чартердик аба каттамы ишке кирди

Алматы — Ош — Алматы багыты боюнча чартердик аба каттамы ишке кирди. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти. Аталган багыт боюнча каттамдар жума сайын шейшемби күндөрү аткарылып турат.   «Манас» эл аралык аба майданынан белгилешкендей, буга чейин аталган чартердик каттамды ачуу боюнча жүргүнчүлөрдөн көп… Кененирээк…

Бишкектин 7 конушунда көчмө клиникалар иштеп жатат

Бишкектин 7 конушунда көчмө клиникалар иштеп жатат. Мэриядан билдиришкендей, алар пандемияга байланыштуу, шаардагы бардык алдын алуу иш-чаралары, анын ичинде эмдөө токтотулганына байланыштуу уюштурулду.   Бейтаптарды педиатр, терапевт, гинеколог жана медайымдар кабыл алат. Көчмө клиникалар 27-февралга чейин иштейт.