Францияда жергиликтүү компания коронавирусту жок кыла турган беткап чыгарды

Францияда жергиликтүү компания коронавирусту жок кыла турган беткап чыгарды. Ал 4 кабаттан туруп, өзүн өзү тазалап, вирустарды жок кыла алат. Анын айлана-чөйрөгө дагы тийгизген зыяны мүмкүн болушунча азайтылды.   Беткапты  4 сааттан ашык тагынган болбойт. Бир даана беткаптын баасы 1 евро, же 102 сомго бааланат.

Эртең Бишкектин бир бөлүгү жарыксыз калат

Эртең Бишкектин бир бөлүгү жарыксыз калат. “Түндүкэлектрден” билдиришкендей, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин электр энергиясы Юнусалиев, Ахунбаев, Койбагаров, Белорус, Фучик, Элебесов көчөлөрүндө жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүнү атып түшүрүү иштери аткарылат

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүнү атып түшүрүү иштери аткарылат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, артиллериялык атуу жумуштары 19-20-февралда трассанын 198-чакырымынан 255-чакырымына чейин жүргүзүлөт.   Белгилеп кетсек, кар көчкүнү атайлап атып түшүрүү иштери жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында аткарылат.

Саясий партияларга шайлоо фонддорун түзүү мөөнөтү аныкталды

Саясий партияларга шайлоо фонддорун түзүү мөөнөтү аныкталды.     24 агенттигине Бишкек шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдиргендей, фонддор ыйгарым укуктуу өкүлдөр каттоодон өткөндөн кийин 5 күн аралыгында түзүлүшү керек.   Ал эми күрөө акысын 1-мартка чейин бериш керек болот. Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине талапкерлер… Кененирээк…

Спортчуларга «Спорттун чебери» наамы ыйгарылды

Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү спорттук классификациясына ылайык Мамлекеттик агенттиктин буйругу менен «Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери» жана «Кыргыз Республикасынын спорт чебери» наамдары спорттун түрлөрү боюнча бир нече спортчуларга ыйгарылды. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. «Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери» наамы төмөнкү спортчуларга… Кененирээк…

Бүгүн Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын оюндары өтөт

17-февралдан 18-февралга караган түнү Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалындагы оюндар өтөт. Бүгүнкү оюнда 1/8 финалга чыккан 4 команда кез келет.   Оюндардын тизмеси: «Севилья» (Испания) — «Боруссия Дортмунд» (Германия); «Рамон Санчес Писхуан» стадиону (Севилья шаары, Испания); Башкы калыс: Дэнни Маккели (Нидерланды). «Порту» (Португалия)… Кененирээк…

Кыргызстанда январда Кавасаки синдрому менен көп бала ооруду

Январь айында Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна Кавасаки синдрому менен абдан көп бала түштү. Бул тууралуу аталган оорукананын жетекчиси Камчыбек Узакбаев билдирди.   «Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө коронавирус менен ооруган балдардын 0,5-2,5 пайызында Кавасаки синдрому өрчүп кетет. Биздин өлкөдө мындай… Кененирээк…

Жогорку Кеңеште Конституциянын жаңы долбоору талкууланууда

Жаңы Конституцияны демилгелеген Жогорку Кеңештин депутаттары Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү менен долбоорду талкуулап жатат. Жыйында кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев 2,5 ай бою долбоор ачык талкууланганын, демек муну коомдук талкуу деп эсептесе болорун билдирди.   10-январдагы референдумда эл президенттик башкарууну тандаганын, ошого ылайык мамлекет башчыга көбүрөөк укук… Кененирээк…

Азык-түлүктүн баасы боюнча абал татаал

Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы боюнча абал татаал бойдон калууда. Бул тууралуу 17-февралда премьер-министр Улукбек Марипов өткөргөн азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешмеде айтылды.   Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Марипов бардык тийиштүү мекемелердин милдети тамак-аштын негизги түрлөрү менен жетиштүү көлөмдө жана жеткиликтүү баада камсыздоо экенин эскертти.   Жыйында… Кененирээк…

АКШда бардык жарандарды эмдөө июль айында башталат

АКШнын коронавируска каршы бардык жарандарды эмдөө быйыл июль айында башталат. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден жарандар менен интерактивдүү баарлашуу учурунда билдирди. СNN каналы уюштурган онлайн суроо-жооп Байдендин кызматка киришкенден бери жарандар менен алгачкы түз баарлашуусу болуп калды.   «Июлдун аягында 600 миллион доза… Кененирээк…