Бишкекте кечээ аба табы рекорддук 25 градуска чейин жылыды

Бишкекте кечээ аба табы рекорддук 25 градуска чейин жылыды. Бул нормадан 14 градуска жогору. pogodaiklimat.ru порталынын маалыматына ылайык, февралдын эң ысык күнү деп аталуу үчүн кечээ болгону жарым градус жетпей калды.   Эске салсак, андай күн 2016-жылы катталган. Анда февралдын 26сында аба табы +25,4 градусту… Кененирээк…

Кара-Суу районунда этти кайра иштетүүчү ири завод ачылат

Кара-Суу районунда этти кайра иштетүүчү ири завод ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Ишкана айыл өкмөттүн балансында болуп, салыкты жергиликтүү бюджетке төлөйт. 500 адам жумуш орду менен камсыздалат.   Учурда Кара-Суу районунда 3 заманбап мал союучу ишкана курулуп жатат. Алардын сырьесу заводго келип, даяр… Кененирээк…

Энергетиктер энергообъектилердин айланасындагы кургак чөптү өрттөбөөгө чакырат

Энергетиктер энергообъектилердин айланасындагы кургак чөптү өрттөбөөгө чакырат. Улуттук электр станциялардан билдиришкендей, адамдардын мындай аракеттери подстанциялардын иштебей калышына жана бүтүндөй райондорду жарыксыз калтырууга алып келет.   Соңку жума ичинде Чүй облусунда мындай 2 учур катталды. Бир нече айыл жарыксыз калган.   Андыктан, жарандарга кургак чөптү өрттөбөө… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасында кайрадан жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралды

Кыргыз-казак чек арасында кайрадан жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралды. Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынан билдиришкендей, “Ак-Тилек унаа жолу” өткөрүү түйүнүндө казак тараптын инспекциялык-кароо комплекси иштебай калды.   Буга байланыштуу, унааларды өткөрүү процедурасы жай жүрүүдө. Учурда түйүндө 100дөн ашык унаа топтолуп турат. Ал эми… Кененирээк…

Бишкекте таштандыны сорттоочу долбоор ишке кирди

«Бишкек санитардык полигон» муниципалдык ишканасы тиричилик таштандыларын акыр-чикир контейнерлерине сорттоп салуу боюнча пилоттук долбоорду баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.   Долбоор Октябрь районунда иштеп жатат. Ага азырынча бюджеттен акча корогон жок, колдоо жагын акимиат, муниципалдык аймактык башкармалык, жеке компаниялар жана райондун активисттери колго… Кененирээк…

Сузакта тамак-аш коопсуздугун текшерчү көчмө лаборатория иштей баштады

Сузак районунда тамак-аш коопсуздугун сактоо максатында азык-түлүктүн сапатын текшерген лабораториялык автоунаа иштей баштады. Ветеринардык-санитардык экспертизалык лаборатория автоунаасы жеке менчик «СузакВетЛаб» жоокерчилиги чектелген коому тарабынан 2 миллион 800 миң сомго сатып алынган.   Эми аймактагы соода жайларында жана базарга чыккан эт, сүт азыктарын, жашылча, жер-жемиштердин курамын… Кененирээк…

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна жаңы жетекчи дайындалды

Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун эмгек жамаатына бүгүн, 19-февралда жаңы дайындалган жетекчи тааныштырылды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна фонддун басма сөз кызматы кабарлады.   Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекцияга 45 жаштагы Самат Медеров жетекчи болуп бекиди. Мурдагы директор Алдаярбек Тойгоналиев өзү жазган арыздын негизинде жумуштан… Кененирээк…

Улуу Британияда ит кымбат суммага сатылып, рекорд коюлду

Улуу Британияда ит кымбат суммага сатылып, рекорд коюлду. Уникалдуу интеллекти бар овчарка итин 39 миң долларга сатып алышты. Ит бардыгын түшүнөт, ээсине жардам берет, мал бакканга дагы жөндөмдүү.   Белгилеп кетсек, буга чейинки рекорд дагы овчарка тукумундагы итке таандык болчу. Былтыр жаныбарды 26 миң долларга… Кененирээк…

Бишкекте тайгаланбаган жөө жүрүүчүлөр өтмөктөрү пайда болушу мүмкүн

Бишкекте тайгаланбаган жөө жүрүүчүлөр өтмөктөрү пайда болушу мүмкүн. Мэриядан билдиришкендей, москвалык компаниялардын бири инновациялык материалдар менен камсыздалган жол катмарын тартуулады.   Аны менен жол чийиндерин дагы каптап койсо болот. Ошондо, суук түшкөндө жөө жүрүүчүлөр тайгаланбай жолду өтө алат.

Билим берүү министрлиги мектепке чейинки билим берүүнү кеңейтүү жолун сунуштады

Билим берүү министрлиги мектепке чейинки билим берүүнү кеңейтүү жолун сунуштады. Кеп, ата-энелер балдарын  3 сааттан 8 саатка чейин калтырып кетүүгө мүмкүн болгон чакан топторду түзүү тууралуу болуп жатат.   Мындай бала бакчаларды китепканаларда, мектептерде же башка социалдык уюмдардын алдында түзсө болот. Тиешелүү токтом долбоору коомдук… Кененирээк…