Бишкектин эки конушунда таза суу өчүрүлөт
Бишкектин эки конушунда таза суу өчүрүлөт. Мэриядан билдиришкендей, эртең, саат 9дан кечки 6га чейин Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо конушунда суу жок болот. Убактылуу чектөөлөр суу тосмолорун жана түтүктөрдү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу. Андан улам, аталган конуштун тургундарына сууну запастап камдап алуу сунушталат.