Бишкектин бир бөлүгүндө жарык өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө жарык өчүрүлөт. “Түндүкэлектр” ишканасынан билдиришкендей, эртең таңкы саат 9дан кечки 6га чейин Красная, Алтымышев, Асаналиев, Некрасов, Барнаул көчөлөрүнүн жана Арча-Бешик конушунун бир бөлүгүндө электр энергиясы жок болот. Убактылуу чектөөлөр оңдоо иштерине байланыштуу.

Кыргызстандык балбандар эл аралык мелдешке катышат

Кыргызстандык балбандар эл аралык мелдешке катышат. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, турнирге  Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Назира Марсбек кызы катышат жана аларды башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков коштоп барат.  Турнир Украинада 25-28-февраль күндөрү Киев шаарында өтөт.

Өлкөнүн тоолуу тилкелеринде 7 жылынып алуучу жай иштеп жатат

Өлкөнүн тоолуу тилкелеринде 7 жылынып алуучу жай иштеп жатат. novosti.kgге өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, чатырлар Бишкек – Ош унаа жолундагы “Сосновка” жана “Арал” өткөрүү түйүндөрүндө, ошондой эле Суусамыр — Талас – Тараз трассасындагы Талды-Булак түйүндө, андан тышкары Ысык-Көл облусундагы жолдордо 4 түйүн иштеп жатат. Эске… Кененирээк…

Гонконгдун ар бир тургунуна 645 доллардан берилет

Гонконгдун ар бир тургунуна 645 доллардан берилет. Аймак бийлиги мындай чараларды калктын муктаждыгын толуктоо максатында көрүп жатат. Долбоорду ишке ашырууга жалпысынан 13 миллиард доллардан ашык жумшалат. Мындай мүмкүнчүлүккө 7 миллиондон ашык адам ээ болот. Белгилеп кетсек, бул Гонконг пандемия маалында жарандарына көрсөтүп жаткан колдоонун алгачкысы… Кененирээк…

Мартта өлкө боюнча район акимдери жана алардын орун басарлары аттестациядан өтөт

Мартта өлкө боюнча район акимдери жана алардын орун басарлары аттестациядан өтөт. Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев билдиргендей, аттестация 3 этапта өтөт, алгачкысы 10-мартта башталат. Алардан ийгиликтүү өткөн кызматкерлер жергиликтүү бийлик орундарына сунушталат. Ал эми талаптарга туура келбегендер кызматтан бошотулат. Аттестациянын жыйынтыгын бекитүү боюнча чечимди… Кененирээк…

Жайыл районундагы “Сосновка” өткөрүү түйүнүндө жылынуучу жай иштеп жатат

Жайыл районундагы “Сосновка” өткөрүү түйүнүндө жылынуучу жай иштеп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бул жерден айдоочулар жана жүргүнчүлөр ысык суу, тамак жана чай алса болот. Чатырлар 250 адамга чакталат. Жылынуучу түйүн Бишкек – Ош унаа жолу ачылганга чейин иштеп турат. Эске салсак, аталган трассада кардын… Кененирээк…

АКШ президенти Жо Байден Дональд Трамптын иммигранттар боюнча жарлыгын жокко чыгарды

АКШ президенти Жо Байден Дональд Трамптын иммигранттар боюнча жарлыгын жокко чыгарды. Эске салсак, Трамп былтыр америкалык жумушчуларды коргоо максатында 2020-жылдын аягына чейин айрым категориядагы чет элдиктерге АКШ аймагына кирүүгө тыюу салган. Кийин ал жарлыгын ушул жылдын апрелине чейин узарткан. Бир гана АКШнын жарандыгын алган чет… Кененирээк…

Ош шаарында уруштан жабыркаган өспүрүмдөр боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат

Ош шаарында уруштан жабыркаган өспүрүмдөр боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, ушул жумада Панфилов атындагы мектептин окуучулары ортосундагы кайым айтышуулар бири-бирин жөөлөп кетүүдөн чыккан. Натыйжада шектүү жабырлануучуга карата миздүү курал пайдаланган. Алардын жараты жеңил болгондуктан алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, ошол эле… Кененирээк…

Быйыл Кыргызстан чет элдик донорлордон 7,5 миллион доллар насыя алат

Быйыл Кыргызстан чет элдик донорлордон 7,5 миллион доллар насыя алат. Тиешелүү макулдашууга 2020-жылы кол коюлган, — деди “Акчабар” порталына Каржы министрлигинин эл аралык кызматташуу башкармалыгынын жетекчиси Нурбек Акжолов. Ал белгилегендей, каражат саламаттыкты сактоо тармагына багытталат. Бүгүнкү күндө Азия өнүктүрүү банкы, Европа биримдиги жана Дүйнөлүк  банк… Кененирээк…

Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын жарым чейрек финалында «Реал» «Атлантаны» утуп алды

Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын жарым чейрек финалында «Реал» «Атлантаны» утуп алды. Беттеш 1:0 эсебинде испаниялык команданын жеңиши менен жыйынтыкталды. Оюнда жалгыз голду Ферлан МендИ киргизди. Ошондой эле «Атлантанын» жарым коргоочусу Ремо Фройлер кызыл айып кагазын алды. Белгилеп кетсек, эки команданын кийинки жолугушуусу 17-мартта Мадридде өтөт