Бишкекте базарлар, соода борборлору, ири дүкөндөр жана кафелер санитардык нормалардын сакталышына текшерилүүдө

Бишкекте базарлар, соода борборлору, ири дүкөндөр жана кафелер санитардык нормалардын сакталышына текшерилүүдө. Рейддерди акимиат жана санэпидем көзөмөлдүн кызматкерлеринен түзүлгөн топ жүргүзүп жатат.   Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө көптөгөн бузуулар аныкталууда. Алсак, бет кап режими сакталбай, санитайзерлер коюлган эмес. Аларга карата протоколдор түзүлүп, айып салынды.

Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустан вакцинаны сатып алуу боюнча бир катар альтернативалык варианттарды караштырууда

Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустан вакцинаны сатып алуу боюнча бир катар альтернативалык варианттарды караштырууда. Биринчи кезекте, COVAX глобалдык демилгенин алкагында 2 миллион 600 миң дозаны алууга арыз жөнөтүлдү.   Андан тышкары, россиялык вакцинанын 500 миң дозасын жеткирүү суроосу каралууда. Каражат мамлекеттик бюджеттен алынат.   Ошондой эле,… Кененирээк…

YouTube жаңы өзгөртүүлөрдү киргизет

YouTube жаңы өзгөртүүлөрдү киргизет. Эми видеолордун алдында дизлайктардын саны көрүнбөйт.   Эксперимент анча чоң эмес топтун ичинде гана жасалууда. Анын катышуучулары тестирлөө учурунда видеолорду кадимкидей көрө берет, бирок канча адам “жакпайт” белгиси коюлганы эчкимге көрүнбөй калат.

Чүйдө курал-жарак жана ок-дары сакталган жер табылды

Чүй облусунда курал-жарак жана ок-дарылардын бекитилген жери табылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, алынган курал-жарак жана ок-дарылар тоноого катышкан кылмышкерлерге таандык болушу мүмкүн.   «Жашырылган жерден номерлери өчүрүлгөн жана гильзалары бар Калашников АК-47 автоматы табылып алынды. Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган курал-жарак… Кененирээк…

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, “Торугарт унаа жолу” жана “Иркештам унаа жолу” түйүндөрү Кытай тараптын сунушу менен 3-апрелден 5-апрелге чейин жабык болот.   Бул аталган өлкөдө мамлекеттик майрам белгиленгенине байланыштуу. Өткөрүү түйүндөр 6-апрелден тарта кадимки режимде иштөөсүн улантат.

Жалал-Абадда санитардык эрежелер боюнча көзөмөл күчөтүлдү

Жалал-Абадда санитардык эрежелер боюнча көзөмөл күчөтүлдү. Мэриядан билдиришкендей, шаарда милдеттүү түрдө бет кап режими киргизилди.   Бүгүн муниципалитеттин кызматкерлери, дарыгерлер жана милициядан турган жумушчу топ ишканаларды, банктарды, соода жайларын жана ресторандарды кыдырып, тушүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул жерлерде  бет кап режими сакталып, антисептиктер болушу шарт.

Бишкекте троллейбустарга беткап жок жүргүнчүлөр киргизилбейт

Бишкекте троллейбустарга беткап жок жүргүнчүлөр киргизилбейт. Бул тууралуу novosti.kgге троллейбус башкармалыгынан билдиришти. Маскаларды айдоочулардан 2 сомдон сатып алса болот.   Алардын баасын жогорулатууга тыюу салынган. Белгилеп кетсек, ордо калаанын коомдук транспортунда санитардык көзөмөл күчөтүлдү.

Балыкчыда Төлөмүш Океев атындагы көчө оңдолот

Балыкчыда Төлөмүш Океев атындагы көчө оңдолот. Каражатты Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду бөлүп берет. Эки чийиндүү жолдун катмарын жаңыртуу, тротуарларды, аялдамаларды куруу жана көчө жарыгын орнотуу 105,5 миллион сомго айланат.   Көчөнүн жалпы узундугу 4 чакырымды түзөт. Ремонт иштери жакынкы арада башталат, — дешти фонддон.

Эртең өлкө мектептеринде төртүнчү, жыйынтыктоочу чейрек башталат

Эртең өлкө мектептеринде төртүнчү, жыйынтыктоочу чейрек башталат. Бишкектин жалпы билим берүү мекемелери 3-чейректин эрежелери менен иштейт. Билим берүү башкармалыгынан түшүндүрүшкөндөй, салттуу форматта билим алууну 1-2-3-4-5-9-11-класстын окуучулары улантат.   Ал эмт 6-7-8-10-класстын окуучулары онлайн форматта билим алат.

Калкты тейлөө борборлору кечки саат 10го чейин иштейт

Калкты тейлөө борборлору кечки саат 10го чейин иштейт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Учурда Бишкек жана Ош шаарларындагы борборлорду сыноо режиминде жаңы иш тартибине өткөрүү иштери жүрүп жатат.   Анын алкагында ордо калаадагы Жибек Жолу 381 дарегиндеги жана Оштогу №1 калкты тейлөө борборлору кечки… Кененирээк…