Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 5-мартка чейин кар массалары Бишкек – Ош, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу, Каракол – Эңилчек жана Казарман – Акталчат унаа жолдорунда түшүшү мүмкүн.   Андыктан, айдоочуларга этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү 500… Кененирээк…

Бишкекте көчө жарыгын оңдоо уланууда

Бишкекте көчө жарыгын оңдоо уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, учурда иштер “Чыгыш-5” кичи районунда жүрүп жатат. Көп кабаттуу үйлөрдүн короолоруна жарык системасы өткөрүлдү.   Мэриядан белгилешкендей, шаар бийлиги алдында ордо калааны бүтүндөй жарыктандыруу тапшырмасы коюлган. Артыкчылык буга чейин такыр жарык өткөрүлбөгөн көчө, аймактарга берилет.

Кыргызстандыктар Россияга тиешелүү негиздемеси жок эле кире алышы мүмкүн

Кыргызстандыктар Россияга тиешелүү негиздемеси жок эле кире алышы мүмкүн.   Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковдун Россия өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушуусунда айтылды.   Эки тарап Кыргызстандын “COVIDсиз саякатта” россиялык программасына катышуу суроосун талкуулашты. Ошондой эле, аталган программага катышуу үчүн кыргызстандык медициналык… Кененирээк…

Синоптиктерден шашылыш билдирүү

Синоптиктерден шашылыш билдирүү. Эртең республика аймагында аба-ырайы кескин өзгөрөт.  Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, басымдуу аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.   Аба-ырайынын мындай шарттары жазгы талаа иштерине, коммуналдык, байланыш кызматтарына тоскоолдук жаратат.

Жогорку окуу жайларда быйыл 5 миң бюджеттик орун берилет

Жогорку окуу жайларда быйыл 5 миң бюджеттик орун берилет. Бул тууралуу Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Үсөналиев билдирди.   Анын айтымында, бюджеттик орундарды багыттарга бөлүштүрүүдө артыкчылык педагогикалык, инженердик, медициналык тармактарга берилет. Эске салсак, Кыргызстандын жогорку окуу жайларына абитуриенттер жалпы республикалык тестирлөөнүн… Кененирээк…

Бишкек шаардык кеңешине 27 партия документ тапшырды

Бишкек шаардык кеңешине 27 партия документ тапшырды. Шаардык кеңештерге катыша турган партиялардын документтерин кабыл алуу 2-мартка караган түнү саат 12де аяктады.   Буга чейин БШКдан билдиришкендей, партиялар жана талапкерлер жергиликтүү аймактык шайлоого катышуудан 7-апрелге чейин баш тарта алат. бюллетендердин тести жана формасы бекитилгенге дейре арыз… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасында логистикалык борбор ачылат

Кыргыз-казак чек арасында логистикалык борбор ачылат. Бул тууралуу Кыргызстан менен Казакстандын президенттеринин биргелешкен билдирүүсүндө айтылат. Эки өлкөнүн өкмөттөрүнө кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына логистикалык борбор түзүү иштерин тездетүү тапшырылды.   Борбор ишке кирсе, Кыргызстан менен Казакстандын аймагынан тоскоолдуксуз товар өткөрүүгө шарт түзүлөт.   Белгилеп кетсек, президент… Кененирээк…

Instagram тиркемесинде Live Rooms функциясы пайда болот

Instagram тиркемесинде Live Rooms функциясы пайда болот. Ал колдонуучулардын мүмкүнчүлүгүн кеңетип, түз эфирге 3 кишини кошууга шарт түзөт. Муну менен ток-шоу алып барууга, артисттер менен долбоорлорду ишке ашырууга жана жөн гана достор менен сүйлөшүүгө болот, — дешет иштеп чыгуучулар.   Андан тышкары, функция бизнес жүргүзүүгө… Кененирээк…

Тарых боюнча республикалык олимпиаданын экинчи этабы кайрадан   10-11-майда өтөт

Тарых боюнча республикалык олимпиаданын экинчи этабы кайрадан   10-11-майда өтөт.   Бул тууралуу Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Үсөналиев билдирди.   Анын айтымында, учурда сынакты өткөрүү үчүн тесттер иштелип жатат. Белгилеп кетсек, буга чейин экинчи этаптын жыйынтыгы мугалимдин кийлигишүүсүнөн кийин жокко чыгарылганы… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөөнүн баасы быйыл өзгөргөн жок

Жалпы республикалык тестирлөөнүн баасы быйыл өзгөргөн жок. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева билдирди.   Анын айтымында, негизги тестке жана ар бир предметтик тестке каттоо акысы 370 сомду түзөт. Учурда жалпы республикалык тестирлөөгө онлайн каттоо жүрүп жатат, ал 9-апрелге чейин… Кененирээк…