Өзбекстанда экинчи чиновник контейнерге көчтү

Өзбекстанда экинчи чиновник контейнерге көчтү. Штаб-вагон Алат районунундагы махалледе жайгашкан. Анда жетекчи жарандарды кабыл алып, алардын социалдык маселелерин чечип берет.   Белгилеп кетсек, буга чейин Наманган облусунун жетекчиси дагы контейнерде иштөөгө өткөн. Буга аны президенттин сөгүшү түрткү берди.

Кыргызстанда ушул жылы дагы 9 калкты тейлөө борбору ачылат

Кыргызстанда ушул жылы дагы 9 калкты тейлөө борбору ачылат. Алар Бишкекте, Ысык-Көл, Нарын, Баткен жана Ош облустарында пайда болот. Премьер-министр Улукбек Марипов белгилегендей, жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө жакшы шарттарды түзүп берүү керек.   Кошумчалап кетсек, жалпысынан өлкө аймагында бүгүнкү күндө 26 калкты тейлөөчү борбор иштеп… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш депутаттары жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

Жогорку Кеңеш депутаттары жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Чечим бүгүнкү отурумда кабыл алынды.   Референдум өткөрүүгө макул добушун  87  депутат берсе, 9 эл өкүлү каршы чыкты. Жаңы Негизги мыйзамды кабыл алуу боюнча референдумду 11-апрелде – жергиликтүү кеңеш… Кененирээк…

Ордо калаанын бир бөлүгүндө эртең таза суу өчүрүлөт

Ордо калаанын бир бөлүгүндө эртең таза суу өчүрүлөт. Мэриянын маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин суу Ак-Жар, Ак-Бата, Келечек конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук жана жазгы-жайкы сезонго даярдык көрүү  иштерине байланыштуу.

Калкты тейлөө борборлорунун көчмө бөлүмдөрү бүгүн иштеп баштады

Калкты тейлөө борборлорунун көчмө бөлүмдөрү бүгүн иштеп баштады. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, атайын кичи автобустар шаар жана айылдардын аянттарында же базарларынын кире беришинде турат.   Ал жерден биометрикалык маалыматты тапшыруу, каттоого туруу, паспортту алмаштыруу жана шайлоолор тууралуу зарыл маалыматты алуу кызматтары көрсөтүлөт. Көчмө борборлор… Кененирээк…

Бишкекте быйыл тротуарлар оңдолот

Бишкекте быйыл тротуарлар оңдолот. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, 17 жолдун жалпы узундугу 20 миң метрден ашкан тротуарды калыбына келтирүү пландалды.   Андан тышкары, Москва көчөсүнүн Манас проспектисинен Жаш Гвардия бульварына чейинки жана Раззаков көчөсүнүн Токтогул-Түгөлбай ата тилкесиндеги тротуар оңдолот.

Бишкекте 15 санитардык унааны тапшыруу аземи өттү

Бишкекте 15 санитардык унааны тапшыруу аземи өттү. Атайын техника Дүйнөлүк банктын COVID-19 долбоорунун алкагында сатылып алынды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, унаалар өлкөнүн бардык облустарына жиберилет.   Министр Алымкадыр Бейшеналиев билдиргендей, учурда өлкө толук кандуу санитардык унаалар  менен камсыз болгону менен, эскилиги жетип бара жаткан техниканы… Кененирээк…

Илон Маск Техас штатында жаңы шаар куруу ниетинде

Илон Маск Техас штатында жаңы шаар куруу ниетинде. Бул тууралуу ал өзүнүн Твиттердеги баракчасында жарыялады. Миллиардер Бока-Чика кыштагынын аталышын өзгөртөт, ал белгилеп кетсек, SpaceX космодромунун жанында жайгашкан.   Корпорация жергиликтүү бийлик менен бул маселе боюнча сүйлөштү. Жаңы шаар качан пайда болот, азырынча белгисиз.

Кыргыз-түрк достугу мамлекеттик ооруканасы жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз-түрк достугу мамлекеттик ооруканасы жөнүндө макулдашуу ратификацияланды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, мыйзам долбоору Түркия парламенти тарабынан жактырылып, документке президент Режеп Тайип Эрдоган кол койду.   Учурда Кыргызстан түрк тараптын ички мамлекеттик процедуралар аягына чыкканы боюнча расмий билдирүүсүн күтүп жатат.   Эске салсак, Түркиянын грантынын… Кененирээк…

Кара-Кечеден көмүр ташыгандардан акча алып жүргөндөр кармалды

Кара-Кечеден көмүр ташыгандардан акча алып жүргөндөр кармалды. УКМКдан билдиришкендей, «Кыргыз көмүр» ишканасынын филиалынын кызматкерлери көмүрдү тоскоолдуксуз жүктөп кетүү үчүн ар бир айдоочудан 1 миң сомдон алып турушкан. Муну менен эки жыл аралыгында мамлекетке келтирилген чыгымдын көлөмү 37 миллион сомдон ашты. Ал эми Унаа жана жолдор… Кененирээк…