Зомбулуктан жабыркагандар үчүн 117 кыска номуру иштей баштайт

Кыргызстанда гендердик теңсиздик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга маалыматтык колдоо көрсөтө турган 117 кыска номурун иштетүүчү операторлорду даярдоо башталды.   Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги кабарлады.   Операторлор азыркы тапта психологиялык кеңеш берүү, суроо-жооп диалогду түзүү, маалыматтык колдоо көрсөтүү жаатында билим алышууда.  … Кененирээк…

Партиялар жана талапкерлер 7-апрелге чейин жергиликтүү шайлоого катышуудан баш тарта алат

Партиялар жана талапкерлер 7-апрелге чейин жергиликтүү шайлоого катышуудан баш тарта алат. Бирок БШК талапкер арызды 22-март, бюллетендердин тексти бекитилгенге чейин жазган учурда гана шайлоо күрөөсүн кайтарып берет.   Андан кийин жарыштан четтегендердин аты-жөнү бюллетенден кол менен чийилет. Эске салсак, жергиликтүү кеңеш шайлоолору 11-апрелде өтөт.

Казакстан кыргызстандыктар үчүн чек араны өтүү процедурасын жеңилдетет

Казакстан кыргызстандыктар үчүн чек араны өтүү процедурасын жеңилдетет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, Россия жана Кытайга бара турган Кыргызстан жарандарына Алмата аркылуу транзит уюштуруу мүмкүнчүлүгү талкууланды.   Учурда бул процедура татаалыраак – казак тараптан расмий чакыруу алуу керек.   Андан тышкары, эки… Кененирээк…

«Кыргыз алтынга» жаңы жетекчи дайындалды

Маратбек Чолпонкулов «Кыргыз алтын» АККнын башкаруучулугунун төрагасы болду. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматынан билдиришти. Ал акционердик коомдун директорлор кеңешинин чечими менен дайындалып, бүгүн жамаатка тааныштырылды.   Буга чейин Чолпонкулов Энергетика жана өнөр жай министрлигинде, Жогорку Кеңеште иштеген, экономика министринин кеңешчиси болгон. Ал эми 2019-жылдын 5-сентябрынан… Кененирээк…

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болот

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болот. Колдонуучулар сүрөт жөнөтүп, аны алган киши сүрөттү өзүнө жүктөй албайт жана башка бирөөгө жөнөтө албайт.   Сүрөт менен билдирүү окугандан кийин өзү өчүп калат. Бирок колдонуучу скрин кылып ала турганын эске алып, өзгөчө жашыруун маалымат болсо, жөнөтпөй эле коюу… Кененирээк…

Бишкектин сырткы көрүнүшүн иретке келтирүү иштери уланууда

Бишкектин сырткы көрүнүшүн иретке келтирүү иштери уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, Ала-Тоо аянтындагы жана Панфилов, Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилиштериндеги мыйзамсыз орнотулган 20дан ашык оюн жана жеңил конструкциялар алынды.   Ээлеринде уруксаат берүүчү документтери жок экени аныкталды. Бул жаатта иштер дагы уланат, — дешти мэриядан.

Ушул окуу жылынын аягына чейин мектеп окуучуларынан милдеттүү форма талап кылынбайт

Ушул окуу жылынын аягына чейин мектеп окуучуларынан милдеттүү форма талап кылынбайт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Андан белгилешкендей, ошол эле учурда окуучуларга асты кара, үстү ак форма кийүү талабы коюлат.   Эске салсак, 9-марттан тарта Бишкек шаарындагы мектептерде башталгыч класстардын окуучулары кадимки тартипте, мектепке барып… Кененирээк…

Кыргызстан Казакстандан 900 миллион киловатт-саат электр энергиясын импорттойт

Кыргызстан Казакстандан 900 миллион киловатт-саат электр энергиясын импорттойт. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди. Анын айтымында, мындай макулдашуу президент Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилди.   Кайра электр энергияны биздин өлкө 2-3 жылдын ичинде этап менен кайтарып бериши керек болот.  … Кененирээк…

Аксы районунда ууланып каза тапкандардын саны алтыга жетти

Аксы районунда ууланып каза тапкандардын саны алтыга жетти. Алардын бардыгы спиртке ууланганы аныкталды. Бул тууралуу маалыматты “Азаттыкка” Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.   Эске салсак, 2-мартта  Кара-Сууда жыйырмага чукул адам айылдык ашканада тамактанып, спирт ичимдигин ичишкен.  Азыркы тапта райондук санэпидем кызматы, аймактык оорукананын дарыгерлери иликтөө жүргүзүп… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун аймагында жашылдандыруунун үч айлыгы өтөт

Жалал-Абад облусунун аймагында жашылдандыруунун үч айлыгы өтөт. Эртеңден тартып айлана-чөйрө ирээтке келтирилип, калктуу конуштарда көрктөндүрүү иштери аткарылат. Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, анын алкагында көчө, аллея, эс алуу бактарына дарак жана гүлдөр отургузулуп, ирригациялык тармактар тазаланып, жээк бекемдөө жумуштары аткарылат. Иштердин жүрүшүн атайын түзүлгөн штабдар текшерип… Кененирээк…