Шашылыш билдирүү! Ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

6-марттан 9-мартка чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.   Ага ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Чүй облусу, Жайыл району, Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Жалал-Абад облусу, Токтогул району,… Кененирээк…

Аймактык прокуратура органдарында ишеним телефондору ишке киргизилди

Аймактык прокуратура органдарында ишеним телефондору ишке киргизилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Учурда чакан бизнестин жана жеке ишкердик субъекттеринин ишине укук коргоо, фискалдык жана көзөмөлдөөчү органдардын негизсиз кийлигишүүсү, менчик ээлеринин укуктарынын бузулушу, ошондой эле ишкердик иш-аракеттерге негизсиз тоскоолдук жаратуу фактылары боюнча жер-жерлердеги прокуратураларда күнү-түнү кабыл… Кененирээк…

Бишкекте дүкөндүн кызматкери унутулган ири суммадагы акчаны жана документтерди ээсине кайтарып берди

Бишкекте дүкөндүн кызматкери унутулган ири суммадагы акчаны жана документтерди ээсине кайтарып берди. Кийин белгилүү болгондой, ордо калаа тургуну ага чейин эле унаасын сатып,  жаңы телефон сатып алууну чечкен.   Дүкөнгө кирип, смартфонду алып, 850 миң сому менен барсетканы унутуп койгон. Мындай ири суммадагы акчаны жоготконун… Кененирээк…

Кыргызстанда калкты тейлөө борборлору кечки саат 10го чейин иштеп калышы мүмкүн

Кыргызстанда калкты тейлөө борборлору кечки саат 10го чейин иштеп калышы мүмкүн. Учурда мындай мүмкүнчүлүк каралып жатат, — деп билдиришти Мамлекеттик каттоо кызматынан. Жумушчу долбоор жакынкы арада ишке кирет.   Андан тышкары, Бишкекте уникалдуу сервистик борбор ачуу пландалууда. Анда жарандарга башка мамлекеттик органдардын дагы кызматтары көрсөтүлөт.… Кененирээк…

Өлкөдө акыркы бир айдын ичинде күйүүчү майдын баасы 10-15 пайызга чейин өстү

Кыргыз өлкөсүндө акыркы бир айдын ичинде күйүүчү майдын баасы 10-15 пайызга чейин өстү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабиров маалымат жыйында билдирди.   «Акыркы эки айдын ичинде дагы күйүүчү майдын баасы кескин өсүп жатат. Мисалы, акыркы бир айдын ичинде күйүүчү майдын баасы… Кененирээк…

Кара-Сууда мектептеги өрттүн себеби иликтенүүдө

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Маданият айылында жайгашкан мектептеги өрттүн себеби жана тилсиз жоодон канча зыян келтирилгени такталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын маалыматына караганда, 2-марттагы өрттө №42 орто мектебинин имаратынын чатыры жана ичи күйүп кеткен.   Өрт эки сааттан кийин өчүрүлгөн.

Чүйдөгү жер басып алуу аракети боюнча кылмыш иши козголду

Аламүдүн районуна караштуу Ленин айыл өкмөтүндөгү айдоо аянттарын басып алуу аракети боюнча кылмыш иши козголду. Чүй облустук милициясы жарандарды жер ээлеп алууга чакырган адам кармалганын билдирди.   Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун 28 жаштагы тургуну азыр милициянын убактылуу кармоочу жайында. Бул ишке катышы бар башка адамдар… Кененирээк…

Бишкекте Биринчи май районунда митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Бишкекте Биринчи май районунда митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Чектөөлөр соттун чечими менен 22-апрелге чейин күчүндө болот. Мындай арыз менен Биринчи май районунун администрациясы кайрылган.   Анда Ала-Тоо аянтында жана Эски аянтта, Эркиндик бульварында митингдер  көп болуп, шаар тургундарынын тынчын алып, транспорт кыймылына тоскоолдук жаратууда деп… Кененирээк…

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы жоюлду

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы жоюлду. Токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.   Өкмөттүн маалыматына ылайык, аталган ведомство натыйжалуу иштебегендиктен, Кыргызстанда көмүскө экономиканын көрсөткүчү 43 пайызга жетти.   Андан тышкары, Каржы полициясы ички экономикалык кызыкчылыктарды коргобостон, жазалоочу кызматка айланып калгандыктан, аны жоюу тууралуу чечим… Кененирээк…

“Ганси” борборун госпиталь алдына өзгөртүүдө баалар атайлап жогорулатылган

“Ганси” борборун госпиталь алдына өзгөртүүдө баалар атайлап жогорулатылган. Бул тууралуу Генералдык прокуратурадан билдиришти.   “Аскер курулуш” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери документтерди бурмалап, республикалык бюджеттин каражатын өздөштүрүп алган.   Жыйынтыгында, 2,5 миллион сомго зыян келтирилди. Сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.