Кадеттер арасында жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын курама командасы Беларустагы мелдеште 6 медалга ээ болушту
Кадеттер арасында жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын курама командасы Беларустагы мелдеште 6 медалга ээ болушту. Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, кыргызстандык спортчулар 2 алтын, 1 күмүш жана 3 коло медаль жеңишти. Мелдеш ушул дем алыш күндөрү Минск шаарында жыйынтыкталды.