Бишкектеги Исакеев көчөсүндө кыймылга убактылуу чектөө киргизилди

Бишкектеги Исакеев көчөсүндө кыймылга убактылуу чектөө киргизилди. Жолдун Ауэзовден Валихановго чейинки бөлүгү оңдоп-түзөлөт. Күтүлгөндөй, жумуштар жайда аяктайт. Андан тышкары, жакынкы аралыкта дагы 7 көчөдө, тагыраагы Левоневск, Кахов, Арал, Дача, Шевченко жана Жогорку Көк-Жар көчөлөрүндө оңдоо иштери башталат. Кошумчаласак, быйыл «Бишкек асфальт сервис» ишканасы калаадагы 27… Кененирээк…

Бишкек шаардык соту ордо калаанын борборунда митинг өткөрүүгө киргизилген тыюу салуу чечимин жокко чыгарды

Бишкек шаардык соту ордо калаанын борборунда митинг өткөрүүгө киргизилген тыюу салуу чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук администрациясынын өтүнүчү канааттандырылган жок. Эске салсак, Биринчи май райондук соту акимчиликтин арызын канааттандырып, шаардын борборунда 22-апрелге чейин митинг, акция… Кененирээк…

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Кыргызгидрометтен билдиришкендей, 15-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Бишкек — Ош, Суусамыр – Талас — Тараз, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу, Ала-Бука – Жаңыбазар — Кировка, Красная Горка — Ак-Таш, Ош — Сары-Таш, Сары-Таш — Дароот-Коргон —… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу өчүрүлөт. Мэриядан билдиришкендей, эртең таңкы саат 9дан кечки 6га чейин Абакан, Белгород, Кустанай жана Архангельск көчөлөрүндө суу жок болот. Убактылуу чектөөлөр оңдоо иштерине байланыштуу. Андан тышкары, алдын-алуу иштер жүрүп жаткандыктан аталган аймактарда жылуулук дагы убактылуу өчүрүлүшү ыктымал.

Жалал-Абад облусунун кооптуу аймактарында жашаган 942 үй-бүлө мамлекеттен жер тилкесин жана жардам алып бирок көчпөй келет

Жалал-Абад облусунун кооптуу аймактарында жашаган 942 үй-бүлө мамлекеттен жер тилкесин жана жардам алып бирок көчпөй келет. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кеп, суу ташкыны, сел каптоо, таш кулоо жана жердин чөгүү коркунучу бар аймактар тууралуу болуп жатат. Мындай жерлерде жалпысынан 1 миң 286 үй-бүлө жашайт. Алардын… Кененирээк…

Бишкекте Жеңиш аянтындагы унаа токтотуучу жайдын ордунда дагы бир жашыл аймак пайда болду

Бишкекте Жеңиш аянтындагы унаа токтотуучу жайдын ордунда дагы бир жашыл аймак пайда болду. Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, аталган аймакка унааларды көп токтотушат, бирок бул жер мындай максат үчүн эмес болчу. “Бишкек жашылдандыруу” ишканасынын кызматкерлери таман таштарды алып, жер тегиздеп, бак-дарактарды отургузуп, көк майсан себишти.

Жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорттор 1-майдан тартып ишке кирет

Жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорттор 1-майдан тартып ишке кирет. Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, долбоорду ишке киргизүү аракеттери былтыр жыл башында эле башталган. Бирок пандемиядан улам процесс созулду. Учурда техникалык адистер күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү. Жакынкы сааттарда жана кечинде Бишкекте катуу шамал болот. Ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет. Андыктан, айдоочулар унааларды жеңил конструкциялардын жана бак-дарактардын жанына токтотпоо сунушталат.

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү документке президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, эми дары-дармек жана медициналык буюмдарды сатып алуучу уюм өз алдынча алууга укуктуу. Бирок өкмөт менен келишим түзүшү керек. Ошондой эле дары-дармек жана медициналык буюмдарды Бириккен Улуттар Уюму тарабынан уюштурулган… Кененирээк…

Баткен облусуна өзгөчө статус берүү маселеси каралууда

Баткен облусуна өзгөчө статус берүү маселеси каралууда. Бул тууралуу экономика жана каржы министри Данияр Иманалиев билдирди. Анын айтымында, статус аймактагы башкаруу түзүмдөрүн жана бюджетин өз алдынча түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Учурда губернторлуктун укуктарын күчөтүү жана облустук бийлик түзүү маселеси талкууланууда