Жогорку окуу жайларда билим берүү салттуу режимге качан кайтары азырынча белгисиз

Жогорку окуу жайларда билим берүү салттуу режимге качан кайтары азырынча белгисиз. Бул тууралуу 24 агенттигине билим берүү министрлигинен билдиришти. Андан белгилешкендей, жогорку жана орто окуу жайларда аралаш формада билим берүү алгоритми иштелип чыккан. Ага ылайык, окуу жайлар сабактарды онлайн жана оффлайн форматында жүргүзсө болот. Алгоритмге… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында жарык жок болот

Бишкектин айрым аймактарында жарык жок болот. “Түндүкэлектрден” билдиришкендей, эртең таңкы саат 9дан кечки 6га чейин Месарош, Абдымомунов, Эркиндик, Жукеев-Пудовкин, Карасаев, Элебаев, Медеров, Садовый, Курманжан Датка, Жибек Жолу, Токтогул көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Арча-Бешик, Ак-Бата жана Рухий-Мурас конушунда жарык өчүрүлөт. Убактылуу чектөө оңдоо иштерине байланыштуу.

Facebook Instagramдын жеңилдетилген версиясын тартуулады

Facebook Instagramдын жеңилдетилген версиясын тартуулады. Жаңы түзүм Lite деп аталат. Жаңы тиркемеден жеке билдирүү аркылуу кат алышса болот, ошондой эле видеолорду жаздырып жана аларды жарыялоо мүмкүн. Андан тышкары, кыска роликтерди көрүү мүмкүнчүлүгү бар, бирок аларды өз алдынча жаздырып алууга болбойт. Башкысы тиркемеде соода аянты жана… Кененирээк…

Коронавирус жарыяланганына бир жыл болду

Туура бир жыл мурда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун жайылышы пандемиянын деңгээлине жеткенин жарыялаган. Андан үч ай мурун Кытайда жаңы вируска чалдыккандардын биринчи учурлары тууралуу кабарланган. Пандемия жарыяланганда көптөгөн өлкөлөрдө ишканалар, кеңселер, окуу жайлар жабылып, миллиарддаган адам катуу чектөө шартында жашап калган. Экономикалык ишмердик дээрлик… Кененирээк…

Ош облусунун Кара-Суу районунда 11 жаңы мектеп пайда болот

Ош облусунун Кара-Суу районунда 11 жаңы мектеп пайда болот. Аймактык билим берүү бөлүмүнөн билдиришкендей, объектилердин 3өө жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Алар Жусуев, Кең-Сай жана Ак-Терек атындагы билим берүү мекемелери. 3 мектеп жалпысынан 700 окуучуга чакталат. Кошумчаласак, район боюнча авариялык абалда 15 мектеп бар. Ал… Кененирээк…

Ювентус жетекчилиги жылдыздуу форварды Криштиану Роналдуну ушул жайда сатуу ниетинде

Ювентус жетекчилиги жылдыздуу форварды Криштиану Роналдуну ушул жайда сатуу ниетинде. Мындай трансфердин себеби португалиялык оюнчунун жогорку маянасы. Ал жылына 31 миллион евро алат. Ювентус башчыларынын пикиринде, Роналду өзүнө сарпталган каражатты актаган эмес. Андан тышкары, клуб Чемпиондор Лигасын кайрадан дагы ута алган жок. Команда жарым чейрек… Кененирээк…

БШК январда өткөн президенттик шайлоого катышкан талапкерлерге күрөө акысын кайтарып берди

БШК январда өткөн президенттик шайлоого катышкан талапкерлерге күрөө акысын кайтарып берди. Ар бир кандидат 1 миллион сомдон төккөн. Жалпысынан комиссиянын депозиттик эсебине 21 миллион сом түштү. Мыйзамга ылайык, күрөө акысы 1 пайыздан кем эмес добуш алган катышуучуларга кайтарылат. Шайлоо учурунда мындай талапкерлердин саны 7ни түздү.… Кененирээк…

Айрым эрежелерди сактабай селфиге түшүү өмүргө коркунуч алып келет

Айрым эрежелерди сактабай селфиге түшүү өмүргө коркунуч алып келет. Алсак, соцтармактын активдүү колдонуучулары өзгөчө жана оригиналдуу сүрөттү жаратуу аракети менен тоону, деңизди, көлдү, унаа жолдорун жана көп кабаттуу үйлөрдүн чатырларын тандашат. Мындай учурда  иллюзияга арбалып, коопсуздук эрежелери сакталбай калат. Андыктан, селфиге түшкөн адам кокустуктан өмүргө… Кененирээк…

Ош облусунун Өзгөн районунда жаңы медициналык мекеме пайда болду

Ош облусунун Өзгөн районунда жаңы медициналык мекеме пайда болду. Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, фельдшердик акушердик түйүн Эски Покровка айылында жайгашат. Курулуш иштери декабрда аяктаган. Бирок пандемиядан улам эми гана ачылып, пайдаланууга берилди. Иштерге 4 миллион сом сарпталды. Каражатты чет элдик инвестор бөлүп берди. Буга чейин аталган… Кененирээк…

Чет өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктар айрым документтерди аралыктан эле алса болот

Чет өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктар айрым документтерди аралыктан эле алса болот. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, бул “Документтерди талап кылуу” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу мүмкүн болот. Андан жарандар, салык карыздары боюнча, пенсия, кызмат мөөнөтү тууралуу, никедеги укуктары боюнча, соттолбогондугу тууралуу маалым каттарды, ошондой эле айдоочулук күбөлүктөрдүн жасалбаганын аныктоо… Кененирээк…