“Сосновка” өткөрүү түйүнүндө эртең жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилет

“Сосновка” өткөрүү түйүнүндө эртең жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу novosti.kgге Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, түйүн аркылуу фуралар таңкы саат 6дан кечки 8ге чейин өткөрүлбөйт.   Мындай чара аба-ырайынын туруксуз шарттарынан улам кабыл алынды.   Ал эми жеңил унаалар эч… Кененирээк…

Японияда өзгөчө кружка чыгарылды

Японияда өзгөчө кружка чыгарылды. Ал картөшкө крахмалынан жасалып, аны жесе болот. Идиш бөлмө температурасында бир саатка чейин нымдуулукту кармай алат.   Кружкалар ар кандай көлөмдө жана даамда тартууланды. Алсак, шоколад, жаңгак даамы менен идиштер дагы бар. Идея пластик колдонууну кыскартууга багытталган.

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 25 миллион доллар бөлүп берет

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 25 миллион доллар бөлүп берет. Каражат коронавирустан вакцина сатып алууга жумшалышы керек, — деди дүйнөлүк каржы мекемесинин биздин өлкөдөгү өкүлү Навид Хасан Накви.   Анын айтымында, кайсы препарат алына турганын Кыргызстан өзү чечет. Болгону вакцина Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан жактырылган болушу… Кененирээк…

Mуфтияттын башкы эсепчиси үй камагына чыгарылды

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башкы эсепчисинин бөгөт чарасы 11-мартта Бишкек шаардык сотунда каралып, үй камагына чыккан. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматына байланышканыбызда белгилүү болду.   12-февралда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен башкы эсепчи 10-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагына камалган болчу.

Бишкекте көчө жарыгын орнотуу уланууда

Бишкекте көчө жарыгын орнотуу уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, жаңы чырактар ордо калаанын 4 районунда тең пайда болду. Өзгөчө көңүл буга чейин такыр жарыктандырылбаган көчөлөргө бөлүнүп жатат.   Жарык диоддук чырактарды орнотуу боюнча иштер уланат.

Кыргызстанга Өзбекстандан 41 миң тонна жер семирткич жеткирилди

Кыргызстанга Өзбекстандан 41 миң тонна жер семирткич жеткирилди. Айыл-чарба министрлигинин маалыматына ылайык, жүк облустарга бөлүштүрүлдү. Андан тышкары, өткөн жылдан дагы 16 тонна калган.   Белгилеп кетсек, чекене баалар дүң баадан 16 сомго айырмаланат. Ал эми ведомство жер семирткичтердин айрым түрлөрүн өз баасында сатууда.

Кыргызстанга 19-мартта коронавирустан кытайлык вакцинанын 150 миң дозасы жеткирилет

Кыргызстанга 19-мартта коронавирустан кытайлык вакцинанын 150 миң дозасы жеткирилет. Бул тууралуу 24 агенттигине Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.   Анын айтымында, жакынкы арада ошондой эле россиялык вакцинанын келиши күтүлүүдө. Ал эми британиялык AstraZeneca препараты тууралуу айта турган болсок, аны биздин өлкөгө… Кененирээк…

Нидерландыда жергиликтүү дизайнер гүл өсө турган медициналык маска чыгарды

Нидерландыда жергиликтүү дизайнер гүл өсө турган медициналык маска чыгарды. Материал күрүч, суу жана табигый крахмалдан турат, ал эми каттардын ортосунда урук салынган.   Беткапты колдонуудан кийин, сууга салып, андан кийин жерге көмүп коюу керек. Кийин ал өсүп чыгат. Бирок мындай маска канчалык деңгээлде вирустардан коргой… Кененирээк…

Бишкекте оңдоо иштерине жолдор тосулуп баштады

Бишкекте оңдоо иштерине жолдор тосулуп баштады. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүн Шевченко көчөсүнүн Жибек Жолу – Мичурин тилкеси жабылса, эртең Левоневский көчөсүнүн Лев Толстойдон Асаналиевге чейинки бөлүгү тосулат.   Тыгындарды жаратпоо үчүн айдоочуларга башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат. Эске салсам, быйыл ордо калаанын  27 көчөсүндө… Кененирээк…

3 жана андан көп балалуу үй-бүлөлөргө 3 миң сомдон берилет деген маалымат чындыкка дал келбейт

3 жана андан көп балалуу үй-бүлөлөргө 3 миң сомдон берилет деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.   Белгилеп кетсек, жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду деген жалган маалымат интернетке тарады. Ведомство жарандарды мындай билдирүүлөрдү жайылтпоого чакырат.