АКШдагы дарыгерлер таңкы тамактануу үчүн ыңгайлуу азыктарды аташты

АКШдагы дарыгерлер таңкы тамактануу үчүн ыңгайлуу азыктарды аташты. Изилдөөлөргө ылайык, эртең мененки желген азыктын ден-соолукка тийгизген таасири чоң.   Андыктан, таңкы тамактанууну кое бербөө керек, организмди пайдалуу азыктар менен камсыздоо үчүн мөмө-жемиш, йогурт же жумуртканы тандаган жакшы.   Ал эми кечээки күндөн калган эт, беш… Кененирээк…

Сузак районунун жалпы дарылоо борборуна жаңы тез жардам унаасы тапшырылды

Сузак районунун жалпы дарылоо борборуна жаңы тез жардам унаасы тапшырылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, техника тиешелүү медициналык жабдуулар менен камсыздалган.   Унааны сатып алууга каражат  “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында чогулган суммадан бөлүндү. Эске салсак, буга чейин программанын алкагында 37 тез жардам унаасы сатылып алынган.… Кененирээк…

Дүйнөлүк банк Кыргызстанда 24 долбоорду каржылоодо

Дүйнөлүк банк Кыргызстанда 24 долбоорду каржылоодо. Биздин өлкөдөгү банктын өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, программалардын жалпы суммасы 763 миллион долларды түзөт. Каражаттын 100 миллион доллардан ашыгы гана бүгүнкү күнгө карата өздөштүрүлдү.   Ал эми сумманын басымдуу бөлүгү өлкөдөгү саясий окуялардын айынан колдонула элек.

Референдумдун расмий жыйынтыгы 2-майдан кийин жарыяланат

Референдумдун расмий жыйынтыгы 2-майдан кийин жарыяланат. БШКдан билдиришкендей, жергиликтүү кеңештерди шайлоо жана референдум үчүн эки башка бюллетень даярдалат.   Добуш берүүгө келгендер дагы эки башка саналат.   Эске салсак, шайлоолор 11-апрелге белгиленди. Бул күнү 448 жергиликтүү кеңешке депутаттар шайланат, ал эми референдум боюнча бюллетенде бир… Кененирээк…

Биометрикалык паспортторду берүү күзгө чейин созулушу мүмкүн

Биометрикалык паспортторду берүү күзгө чейин созулушу мүмкүн. Бул тууралуу Экономика жана каржы министринин орун басары Данияр Иманалиев билдирди.   Анын айтымында, учурда электрондук чиптер боюнча иштер аткарылууда, буга зарыл жабдуулар да бар.   Бирок паспортко лазер менен маалымат түшүрүү боюнча маселе чечиле элек. Эске салсак,… Кененирээк…

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн жана эртең кар массалары Бишкек – Ош, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу, Ала-Бука – Жаны-Базар-Кировка жана Красная Горка – Ак-Таш унаа жолдорунда түшүшү мүмкүн.   Айдоочуларга этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү… Кененирээк…

16 жашка толгон мектеп бүтүрүүчүлөрү паспорту жок болсо, жалпы республикалык тестирлөөгө киргизилбейт

16 жашка толгон мектеп бүтүрүүчүлөрү паспорту жок болсо, жалпы республикалык тестирлөөгө киргизилбейт. Бул тууралуу novosti.kgге Билим берүүдө баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришти.   Эгер окуучу 16 жашка толо элек болсо, анда мектептен маалымкат алып, ага сүрөт чапталып, мектептин мөөрү басылышы керек. Эске салсак, Кыргызстанда… Кененирээк…

Мамлекеттик тышкы карызды жабуу үчүн ачылган депозиттик эсепке  13 миллион 332 миң сом которулду

Мамлекеттик тышкы карызды жабуу үчүн ачылган депозиттик эсепке  13 миллион 332 миң сом которулду. Бул тууралуу “Акчабар” порталына Экономика жана каржы министрлигинен билдиришти.   Акыркы ыктыярдуу салым ушул жылдын 3-мартында катталып, 2 миллион сом түштү. Белгилеп кетүүчү нерсе эң чоң сумманы – 10 миллион сомду… Кененирээк…

Кыргызстанда жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 39 миң тоннадан ашык күйүүчү май керектелет

Кыргызстанда жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 39 миң тоннадан ашык күйүүчү май керектелет. Бүгүнкү күндө бул муктаждык 60 пайызга камсыздалган, — дешти өкмөт аппаратынан.   Андан такташкандай, өлкөнүн түштүгүндө күйүүчү-майлоочу материалдын 1 литринин орточо баасы 42-45 сомду  түзсө, түндүктө баалар 39-40 сомдун тегерегинде. Мунай ташуучулар ассоциациясына өлкөнү… Кененирээк…

Ташкентте ИВЛ аппараттарын өндүрүүчү завод ачылды

Ташкентте өпкөнү жасалма желдетүүчү аппарат (ИВЛ) өндүрүүчү завод ишке кирди. Баасы алты миллион долларга бааланган долбоорду Өзбекстандын инновациялык өнүктүрүү министрлиги чет элдик капиталы бар компаниялар менен бирге ишке ашырууда.   Жыл ичинде 500 даана техника өндүрүү пландалып жатат.   «Жалпысынан ишканада 100дөй кызмат орду болору… Кененирээк…