Арча-Бешик конушунда бала бакчанын курулушу уланууда

  Арча-Бешик конушунда бала бакчанын курулушу уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, имарат 180 балага чакталат. Аба-ырайынын шарттары жакшы болсо, жакынкы арада мектепке чейинки билим берүү мекемесинин пайдубалын куруу иштери башталат.   Курулуш иштеринин баасы 59 миллион сомду түзөт. Каражат шаар бюджетинен бөлүнгөн.

“Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи быйыл кадимки форматта өтөт

“Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи быйыл кадимки форматта өтөт. Уюштуруучулар санитардык коопсуздукту камсыздоого ишендиришти. Иш-чарада коронавирусту аныктоочу заманбап ПЦР-тест системалар орнотулат.   Эске салсак, быйыл дүйнөлүк тасма тармагындагы мыктыларды аныктоо салтанаты 25-апрелде Лос-Анжелесте өтөт.

“Келечек” жаңы конушунда бала бакчанын курулушу уланууда

“Келечек” жаңы конушунда бала бакчанын курулушу уланууда. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 100 балага чакталган. Анда музыкалык жана гимнастикалык ийримдер үчүн бөлмө, медициналык бөлүм, оюн залдары, ашканасы жана башка техникалык бөлмөлөр орун алат.   Долбоордун баасы 39 миллион сомду түзөт. Каражат шаар бюджетинен бөлүнгөн.

Калкты эмдөө боюнча алгачкы түйүндөр Бишкек, Ош, Кант жана Сокулукта ачылат

Калкты эмдөө боюнча алгачкы түйүндөр Бишкек, Ош, Кант жана Сокулукта ачылат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.   Кыргызстанда вакцинация 3 этап менен жүргүзүлөт. Пландалгандай, эмдөөнү калктын 70 пай    ыздан ашыгы алат. Эске салсак, кечээ өлкөгө Кытайдан вакцинанын биринчи партиясы 150 миң… Кененирээк…

Айдоочуларга күмүш сырга

Айдоочуларга күмүш сырга. Военно-Антоновка айылында жайгашкан “Унаа” аймактык каттоо сектору эртең, нооруз майрамында кадимки режимде иштейт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан эскертишти.   А бирок дүйшөмбү, 22-март эс алуу деп жарыяланды.

Кыргызстан менен Беларустун ортосунда түз аба каттамы ачылышы күтүлүүдө

Кыргызстан менен Беларустун ортосунда түз аба каттамы ачылышы күтүлүүдө. Беларустун авиация департаментинин жетекчиси Артем Сикорский менен Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчиси Эрмек Ибрагимов жолукту.   Тараптар эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамын уюштуруу маселесин талкуулашкан. Ибрагимовдун айтымында, Бишкек – Минск – Бишкек жана Ош – Минск… Кененирээк…

Бишкектин мектептерине бүгүнкү күндө 109 миң бала барууда

Бишкектин мектептерине бүгүнкү күндө 109 миң бала барууда. Мэриянын маалыматына ылайык, алар башталгыч, 5-9-11-класстын окуучулары. Калган класстар азырынча онлайн форматында окуп жатат.   Сабактар бардык санитардык талаптарды аткаруу менен өтүүдө. Мектептердин кире беришине атайын фильтр аппараттар орнотулуп, медайымдар ар бир баланын дене табын өлчөп, окуучунун… Кененирээк…

Коронавирус менен ооруган 1 миңден ашык медицина кызматкерине 200 миң сомдон берилди

Коронавирус менен ооруган 1 миңден ашык медицина кызматкерине 200 миң сомдон берилди.   Ошондой эле, 32 каза тапкан дарыгердин үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон төлөндү, — деп билдиришти Саламаттыкты сактоо министрлигинен.   Андан такташкандай, компенсациялар өтүп кеткен жылы берилген. Ал эми 2021-жылы каражат эч кимге бериле… Кененирээк…

Референдумдун алкагында 28 мамлекетте 48 шайлоо участогу ачылат

Референдумдун алкагында 28 мамлекетте 48 шайлоо участогу ачылат. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар добуш бергиси келсе, сөзсүз түрдө консулдук каттоого туруп, биометрикалык маалыматын тапшырышы керек.   Эске салсак, Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдум 11-апрелде өтөт.

Түркиянын туристтер барган жайлары катуу текшерилет

Түркиянын Ички иштер министрлиги 20-марттан тарта бир апта бою мейманкана, ресторан, мончо, коомдук транспорт, кафе, чачтарачкана, базар, мечит сыяктуу эл көп чогулган жайларды тыкыр текшерүүгө алат. Бул тууралуу Turizm Ajansi басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды. Маалыматка караганда, мындай чукул чечимдин кабыл алынышына коронавирустун кайрадан көбөйүп бара… Кененирээк…