Уланбек Асанов Социалдык фонддун төрагасы болуп дайындалды

Уланбек Асанов Социалдык фонддун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо кызматынан билдиришти. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Казакстанда аба-ырайына байланыштуу республикалык маанидеги айрым жолдордо унаалардын бардык түрүнө кыймылга чектөө киргизилди

Казакстанда аба-ырайына байланыштуу республикалык маанидеги айрым жолдордо унаалардын бардык түрүнө кыймылга чектөө киргизилди. Tengrinews.kz билдиргендей, бүгүн Казакстандын борборунда катталган бороондон жана калың кардан көрүү мүмкүнчүлүгү төмөндөп, шашылыш билдирүү жарыяланды. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетип, абанын температурасы кайрадан -7 градуска чейин төмөндөдү.

Бишкек көчөлөрүн жарыктандыруу уланууда

Бишкек көчөлөрүн жарыктандыруу уланууда. Иштер Ленин районундагы Омск, Нахимов көчөлөрүндө аткарылып, 200 метр электр линиясы тартылып, көчө жарыгы орнотулду. Ошондой эле Биринчи май районундагы Профсоюзный, Токтогул жана Боталиев тилкелеринде жаңы көчө чырактары пайда болуп, тилкелердин 20 түйүнү жарыктандырылды.

Бишкектин Арча-Бешик конушундагы бала бакчанын курулуш иштери быйыл октябрда аяктайт

Бишкектин Арча-Бешик конушундагы бала бакчанын курулуш иштери быйыл октябрда аяктайт. Мэриянын маалыматына ылайык, 2 кабаттуу мектепке чейинки даярдоо мекемеси 180 орунга чакталат. Объектинин жалпы аянты 2 миң чарчы метрди түзөт. Курулуш иштерине 59,5 миллион сом багытталат

Ордо калааны жашылдандыруу уланууда

Ордо калааны жашылдандыруу уланууда. Мэриядан билдиришкендей, Иштер Чүй проспектисинде Абдрахмановдон Ауэзовге чейин, Манас проспектисинде Бөкөнбаевден Ахунбаевге чейинки жана Куттубаев көчөсүндө аткарылды. Анда эмен, зараң, бадал жана липанын көчөттөрү пайда болду. Белгилеп кетсек, жыл башынан бери Бишкекке 1,5 миң жазы жана 2 миң ийне жалбырактуу дарактын… Кененирээк…

Бишкекте көчө чуңкурларын жамоо иштерине байланыштуу айрым жерлерде унаалардын кыймылы татаалданат

Бишкекте көчө чуңкурларын жамоо иштерине байланыштуу айрым жерлерде унаалардын кыймылы татаалданат. Ордо калаа муниципалитетинин маалыматына ылайык, иштер Гагарин — Кырк-Кыз көчөлөр кесилишинде жана Байтик Баатыр тилкесинде аткарылууда. Жумуштар андан кийин Элебесов, Фучик көчөлөрүндө башталат. Белгилеп кетсек, көчөлөрдүн тизмесин атайын комиссия тургундардан түшкөн даттанууларды жана район… Кененирээк…

Бишкекте коронавируска байланыштуу санитардык көзөмөл күчөтүлдү

Бишкекте коронавируска байланыштуу санитардык көзөмөл күчөтүлдү. Мэриядан билдиришкендей, ошондой эле чарба субъектилеринде мобилдик бригадалардын саны көбөйтүлдү. Бизнес ээлери кызматкерлер жана кардарлар үчүн коопсуздук чараларын камсыздашы керек. Жоопкерчилик жетекчилерге тагылат. Белгилеп кетсек, акыркы суткада өлкө боюнча коронавирустун 75 учуру катталса, анын 56сы Бишкекке туура келет.

Ташкентте кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт

Ташкентте кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Жолугушуу 24-25-мартта өтөт. Кыргыз делегациясын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жетектесе, өзбек тараптыкын премьер-министр Абдулла Арипов алып барат. Жыйында башкаруучулар комиссиясы кыргыз-өзбек чек арасынын калган тилкесин делимитациялоону талкуулашат.

Бишкекте бүгүн кечинде нөшөрлөгөн жаан жаайт

Бишкекте бүгүн кечинде нөшөрлөгөн жаан жаайт. Мындай алдын ала болжолдоону синоптиктер беришти. Учурда абанын табы +19га чейин жогорулаганы менен, кечки саат 6га жакын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жеткен шамал болот. Ал эми эртең ордо калаада кайрадан күн чыгып, жылуу болот. Бирок жылуу кийимдерди толук… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарындагы жаңы муниципалдык унаа базар 25-марттан тартып иштеп баштайт

Жалал-Абад шаарындагы жаңы муниципалдык унаа базар ушул бейшемби, 25-марттан тартып иштеп баштайт. Соода аянты алгачкы апталарда акысыз болуп, унаалар үчүн төлөм алынбайт, — дешти калаа мэриясынан. Андан кийин ар бир унаа үчүн атайын белгиленген сумма коюлуп, каражат шаар бюджетине түшүп турат. Муниципалдык унаа базары Манас… Кененирээк…