Ташкент шаарында чек ара боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү башталды. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн сайтына жарыяланды.   Ташкентке Кыргыз делегациясын жетектеп барган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов төрөгалык кылган кеңешменин жүрүшүндө чек… Кененирээк…

Садыр Жапаров дагы 254 туткунга ырайым берди

Абакта жазасын өтөп жаткан 245 адамга ырайым берилип, анын 89у эркиндикке чыкса, калгандарынын жаза мөөнөтү кыскартылды. Бул тууралуу ЖАМКтын маалымат кызматы кабарлады.   Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров 18-февралда кол койгон. Жалпысынан 1 378 адам ырайым сурап кайрылса, алардын ичинен 1 133 адамдын өтүнүчү… Кененирээк…

Ошто эртең жылуулук сезону жыйынтыкталат

Ошто эртең жылуулук сезону жыйынтыкталат. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, тиешелүү жарлыкка мэр кол койду. Батирлерге жана социалдык объектилерге жылуулук берүү күн ысып баштаганына байланыштуу токтотулат.   Белгилеп кетсек, соңку 5 күн катары менен аба табы +8 градустан жогору болуп жатты.

Кыргызстанда вакцинация баштала элек

Кыргызстанда вакцинация баштала элек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен жарыялашты. Андан белгилешкендей, учурга карата соңку даярдыктар көрүлүүдө.   Медицина кызматкерлери атайын окуудан өтүп, биринчи кезекте эмделе тургандардын тизмеси түзүлүп жатат. Вакцина аллергиясы бар жарандарга жасалбайт. Эске салсак, кытайлык “Синафарм” вакцинасы Кыргызстанга 150 миң доза өлчөмүндө… Кененирээк…

Кыргыз күрөш боюнча өлкө чемпиондору аталды

Кыргыз күрөш боюнча өлкө чемпиондору аталды. Биринчилик Спорт ордосунда өтүп, ага жалпысынан 226 спортчу катышты. Алар ар кандай салмак категориясында күч сынашты.   Алтын медалдарга Баяман Абидинов, Роман Сапаров, Самат уулу Рабил, Санжар Аманов, Бектуркан Кожомуратов, Нурислам Идирисов жана Мирлан уулу Бактияр ээ болушту.

Түркиялык инвесторлор Жалал-Абад облусунун “Кербен” аэропортун калыбына келтирүү ниетинде

Түркиялык инвесторлор Жалал-Абад облусунун “Кербен” аэропортун калыбына келтирүү ниетинде. “Манас” эл аралык аба майдандын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, учурда тараптар кызматташууну талкуулап жатат.   Жаңыртуу иштеринен кийин “Кербен” аэропортунун учуп-конуу тилкеси жакшыртылып, ал бардык эл аралык талаптарга жооп берет. Андан тышкары, ага эл аралык аэропорт макамын… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли былтыркыга салыштырмалуу  3 миллиард кубга азайып, кооптуу чекке жетти

Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли былтыркыга салыштырмалуу  3 миллиард кубга азайып, кооптуу чекке жетти. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев жарыялады.   Анын айтымында, учурда электр энергиясын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн ички керектөөнү азайтуу, коңшу өлкөлөрдөн импорттоо жана өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү каралып жатат.  … Кененирээк…

Вакцинациянын биринчи этабы Бишкекте, Ошто жана Чүй облусунда башталат

Вакцинациянын биринчи этабы Бишкекте, Ошто жана Чүй облусунда башталат. Саламаттыкты сактоо министрлиги Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда бир катар эмдөө түйүндөрүн ачууну пландап жатат.   Учурда медицина кызматкерлери вакцинация боюнча атайын окуудан өтүүдө. Адистер калкты эмдөө процессин көзөмөлдөп, түйүндөрдү өлкө аймагында ачуу ниетинде.

Дүйнөдөгү эң чоң картина Дубайда 62 миллион долларга сатылды

Дүйнөдөгү эң чоң картина Дубайда 62 миллион долларга сатылды. “Адамдын саякаты” аталышындагы сүрөт Улуу Британиялык сүрөтчүгө таандык. Анын аянты эки футбол талаасына барабар.   Бул сүрөттү тартууга 8 ай талап кылынды. Аукциондон түшкөн каражат кайрымдуулукка жумшалат.

Жалал-Абаддагы жаңы муниципалдык унаа базары 25-мартта ачылат

Жалал-Абаддагы жаңы муниципалдык унаа базары 25-мартта ачылат. Мэриянын маалыматына ылайык, азыркы жеке унаа базары жабылат. Жаңы соода аймагын ачууга  даярдык иштер аткарылып бүттү.   Бир нече жума бою унаалар акысыз токтотулат. Андан кийин тарифтер орнотулуп, каражат шаар бюджетине түшөт. Муниципалдык унаа базары Манас көчөсүндө жайгашат.