Баткен районунда жаңы дене-тарбия комплекси пайдаланууга берилди

Баткен районунда жаңы дене-тарбия комплекси пайдаланууга берилди. Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ден соолукту чындоо борборунда эркектер, аялдар жана балдардын машыгышы үчүн шарттар түзүлүп, керектүү жабдуулар орнотулду. Анда жабык түрүндөгү бассейн дагы бар. Комплексти курууга каражат жеке ишкер тарабынан берилди.

Бишкекте жаңы маршруттук линия пайда болду

Бишкекте жаңы маршруттук линия пайда болду. Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, муниципалдык 120-маршруттук такси каттамга кое берилди. Коомдук унаалар Бугу-Эне-Багыш конушунан чыгып, шаар ичиндеги Фучик, Москва, Бейшеналиев көчөлөрүнөн өтүп, Чүй проспектисине чыгып, кайра шакекче түрүндө каттамдарды жүргүзөт. Мындай жаңы маршрутту ишке киргизүү маселеси жергиликтүү тургундар… Кененирээк…

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин жаңы орун басарлары дайындалды

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин жаңы орун басарлары дайындалды. Өкмөттүн буйругуна ылайык, Улук-Бек Бектурганов жана Жалалидин Рахматуллаев жаңы кызматка бекитилди. Буга чейинки орун басарлар Нурболот Үсөнбаев жана Мадамин Каратаев кечээ кызматтан бошотулган.

Кыргызстан Тажикстандын Ворух анклавын Баткен же Лейлек районунун башка аймактары менен алмашууга даяр

Кыргызстан Тажикстандын Ворух анклавын Баткен же Лейлек районунун башка аймактары менен алмашууга даяр. Аймактын аянты 12 миң гектарга жакын, — деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрөгасы Камчыбек Ташиев. Анын айтымында, Ворух анлавынын ордуна Кыргызстандын кайсы аймагы жарактуу деген негиздеме Тажикстан тарапка берилген. Бирок… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү. 30-мартка чейин өлкө аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Синоптиктер билдиришкендей, түштүк облустарында түнкүсүн абанын табы +1…6 градус болсо, күндүз +8ге жетет. Ал эми Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн 0 чейин төмөндөйт, күндүз +3…+6 градус жылыйт. Көпчүлүк аймактарда мезгили менен жаан, тоолуу… Кененирээк…

1-апрелден тартып өлкөнүн түштүгүндөгү “Өтүкчү” жана “Кайтпас” бекеттери ачылат

1-апрелден тартып өлкөнүн түштүгүндөгү “Өтүкчү” жана “Кайтпас” бекеттери ачылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирет. Анын айтымында, тиешелүү макулдашуу эки өлкө өкүлдөрү ортосунда жетишилди. Аталган күндөн тартып өзбекстандын “Риштан” жана “Туль”  өткөрүү түйүндөрү да иштеп баштайт. Бекеттерден жарандар, жеңил унаалар… Кененирээк…

Бишкекте кайрадан азык-түлүк жарманкеси өтөт

Бишкекте кайрадан азык-түлүк жарманкеси өтөт. Айыл-чарба министрлигинен билдиришкендей, арзандатылган азыктар эртең жана жекшембиде Раззаков Киев, Төрөкул Айтматов – Токтогул көчөлөр кесилишинде сатылат. Бул жерлерден калаа тургундары жана коноктору товарларды дүң баада ала алышат.

Быйыл ордо калаанын үч конушу газга кошулат

Быйыл ордо калаанын үч конушу газга кошулат. Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков билдиргендей, кеп, “Рухий-Мурас” жана “Алтын-Ордо” жаңы конуштарында, ошондой эле Көк-Жар айылы тууралуу болуп жатат. Жалпысынан көгүлтүр от менен үч миңден ашык үй-бүлө камсыздалат. Чиновник кошумчалагандай, былтыр Бишкектин 3 конушу жана Чүй облусунун 3 калктуу… Кененирээк…

Жергиликтүү кеңештерди шайлоого жана референдумга даярдануунун алкагында Ички иштер министрлигинде ыкчам штаб түзүлдү

Жергиликтүү кеңештерди шайлоого жана референдумга даярдануунун алкагында Ички иштер министрлигинде ыкчам штаб түзүлдү. Ведомстводон билдиришкендей, добуш берүү күнүндө коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн милициянын 9 миңден ашык кызматкери ишке тартылат. Алардын 4 миңи шайлоо тилкелеринде болот. Эске салсак, жергиликтүү кеңештерди шайлоо жана Конституциянын жаңы долбоорун кабыл… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында эпидемиологиялык көзөмөл күчөтүлөт

Жалал-Абад шаарында эпидемиологиялык көзөмөл күчөтүлөт. Калаа мэриясынын маалыматына ылайык, акыркы күндөрү коронавируска кабылгандардын саны көбөйүп жатканына байланыштуу шаардык штаб бир катар чечимдерди кабыл алды. Алсак,  мекеме-ишканаларда, банктарда, соода аянттарында, базарларда беткап тагынуу режими сакталышы керек. Андан тышкары, тойкана, кафе-ресторандар орундуктардын 50 пайызына гана кардарларды алышы… Кененирээк…