Казакстанда коронавирустун британиялык жана түштүк африкалык штаммы аныкталды

Казакстанда коронавирустун британиялык жана түштүк африкалык штаммы аныкталганын Алматы шаарынын башкы санитардык дарыгери, Санэпидкөзөмөл департаментинин жетекчиси Жандарбек Бекшин билдирди. Бул тууралуу Sputnik Казакстанжазды. «Бүгүнкү күндө Алматы «кызыл» зонада. Быйыл шаарда коронавируска кабылган 12 800 учур катталды. Мутацияланган штаммдын циркуляциясынан улам оору жугузгандардын саны көп болууда.… Кененирээк…

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган объектилерди түрттүрүү иштери уланууда

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган объектилерди түрттүрүү иштери уланууда. Иштерди жер пайдалануу башкармалыгынын жана “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери жүргүзүүдө. Бул ирет Асаналиев жана Гагарин көчөлөрүндөгү жарнама конструкциялары алынды. Андан тышкары, Тыналиев көчөсүндөгү унаа токтотмо жана Термечиков – Гагарин көчөлөр кесилишиндеги муниципалдык аймак бошотулду. Мыйзамсыз объектилерди алуу иштери уланат

Президент Садыр Жапаров калкты кайра каттоону өткөрүүгө сапаттуу даярдык көрүү иштерин камсыздоо тапшырмасын берди

Президент Садыр Жапаров калкты кайра каттоону өткөрүүгө сапаттуу даярдык көрүү иштерин камсыздоо тапшырмасын берди. Иштер өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жүргүзүлүшү керек, — деп билдиришти өлкө башчы аппаратынан. Эске салсак, калкты массалык түрдө каттоо былтыр март, апрель айларында өткөрүлмөк. Бирок иштер пандемиядан улам токтотулган.

Камбар-Ата ГЭС-2 курулуш иштерин Кыргызстан жана Өзбекстан биргеликте жүргүзөт

    Камбар-Ата ГЭС-2 курулуш иштерин Кыргызстан жана Өзбекстан биргеликте жүргүзөт. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан тараптан жол картасы даярдалган, эми техникалык-экономикалык негиздөө долбоорун активдештирүү маселеси талкууланат. Аны менен катар кызматташтыктын шарттарын иштеп чыгуу башталат жана келишим… Кененирээк…

Саламаттыкты сактоо министрлиги Өзбекстан берген 20 тез жардам унаасын аймактарга бөлүп берет

Саламаттыкты сактоо министрлиги Өзбекстан берген 20 тез жардам унаасын аймактарга бөлүп берет. Эске салсам, унаалар президент Садыр Жапаровдун коңшу өлкөгө болгон расмий иш сапарынын алкагында гуманитардык жардам катары ыйгарылган. Атайын техникалар өлкө боюнча ооруканалар, үй-бүлөлүк медицина жана жалпы дарыгерлик практикалык борборлору алат