Канадада полиция кызматкерлери өзгөчө мыйзам бузуучуну кармашты

Канадада полиция кызматкерлери өзгөчө мыйзам бузуучуну кармашты. Токтотулган мотоциклдин номери шек жараткан. Таң калычтуу эмес, анткени, номер кол менен эле жазылган.   Анда “эркин жаша” деген жазуу дагы бар, болгондо дагы катасы менен. Тартип сакчылар айдоочунун тапкычтыгын белгилешкени менен, айып салууга туура келди.

Муфтий шайлоо боюнча курултай 29-майга жылды

Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын (муфтияттын) башчысын шайлоо боюнча Аалымдар кеңешинин курултайынын мөөнөтү жылып, 29-майга белгиленди.   Аалымдар кеңешинин катчылыгынын өкүлдөрү «Азаттыкка» билдиргендей, мындай чечим муфтийликке талапкерлерди караган Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын төрагасы Мамасабыр Досбол уулунун сунушун эске алуу менен кабыл алынды.   Досбол уулу буга… Кененирээк…

Кытайда суу алдындагы эң узун туннель ачылат

Кытайда суу алдындагы эң узун туннель ачылат. Узундугу 11 чакырымга жетип, туурасы 43,5 метрди түзгөн туннель Кытайдын чыгышындагы Тайху көлүнүн астында курулуп жатат.   Ал Чанчжоу-Уси унаа жолунун уландысы болот. Курулуш иштери 2018-жылы башталган.

Карантин маалында жол эрежесин бузган ыктыярчы-айдоочулардын айыптары жокко чыгарылды

Карантин маалында жол эрежесин бузган ыктыярчы-айдоочулардын айыптары жокко чыгарылды. Жалпысынан мындай 670 бузуу катталган, — дешти Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан.   Белгилеп кетсек, өткөн жылы пандемия учурунда ыктыярчылар элге жардам берип жүргөн учурда жол эрежелерин бузууга туура келгенин айтып, аларды чийип салуу өтүнүчү… Кененирээк…

Бишкектин коомдук транспортунда санитардык чаралар күчөтүлөт

Бишкектин коомдук транспортунда санитардык чаралар күчөтүлөт. Тиешелүү тапшырманы мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов берди.   Ага ылайык, Кайгуул милициянын, шаардык транспорт башкармалыгынын кызматкерлери автобус, троллейбус жана маршруттук таксилерде рейддерди өткөрөт.   Алардын жүрүшүндө анстисептиктердин бар-жоктугу, унаанын санитардык абалы жана жүргүнчүлөрдүн беткап тагынуусу текшерилет. Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Кыргызстан коңшу мамлекеттерден электр энергиясын карызга сурайт

Кыргызстан коңшу мамлекеттерден электр энергиясын карызга сурайт. Бул тууралуу 24 агенттигине Энергетика министри Кубанычбек Турдубаев билдирди. Анын айтымында, Өзбекстан менен Казакстан электр энергиясын 0 ставкасы менен берүүгө макул болду.   Турдубаев белгилегендей, электр энергиясын импорттоо – Токтогул суу сактагычын толтуруунун бир жолу.   Бүгүнкү күндө… Кененирээк…

Пандемиядан улам 700 миң кыргызстандык жакырчылыкта жашап калды

Пандемиядан улам 700 миң кыргызстандык жакырчылыкта жашап калды. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын сайтында жазылды. Ага ылайык, биздин өлкөдө жакырчылыктын деңгээли 11 пайызга өстү.   Адистер белгилешкендей, бул 6 миллион калкы бар кичинекей өлкө үчүн чоң көрсөткүч. Пандемия маалында жарандардын көбү иши жок калып, жумушсуздук дагы… Кененирээк…

Ички иштер министрлиги жергиликтүү кеңеш шайлоолору жана референдумда коомдук коопсуздукту камсыздоого даяр

Ички иштер министрлиги жергиликтүү кеңеш шайлоолору жана референдумда коомдук коопсуздукту камсыздоого даяр. Ведомство жетекчиси Октябрь Урмамбетов билдиргендей, бардык бузуулар каттоого алынып, дароо чара көрүлөт.   Жалпысынан, добуш берүү күнү 11 миң милиция кызматкери коопсуздукту камсыздайт. Алардын бир бөлүгү шайлоо тилкелерине бекитилет. Тартип сакчыларга ошондой эле… Кененирээк…

Саламаттыкты сактоо министрлиги 66 тез жардам унаасын жогорулатылган баада сатып алганы аныкталды

Саламаттыкты сактоо министрлиги 66 тез жардам унаасын жогорулатылган баада сатып алганы аныкталды. Генералдык прокуратуранын маалыматына ылайык, техника рубль менен сатылып алынышы керек болсо, соода доллар менен жүргүзүлгөн.   Валютанын айырмасынан улам ар бир унаанын баасын 95 миң сомго  кымбаттатылган.   Муну менен мамлекеттик бюджетке 19… Кененирээк…

Бишкекке кайрадан кыш келет. Бирок ал көпкө созулбайт

Бишкекке кайрадан кыш келет. Бирок ал көпкө созулбайт.   Синоптиктердин маалыматына ылайык, бүгүн түндө үшүк жүрөт. Эртең күндүз аба табы бир аз жылуу болгону менен, бейшембиде кар жаап, мындай аба ырайы жума күнгө чейин уланат.   Ал эми 3-апрелден тарта суук кайтып, кайрадан жылуу күндөр… Кененирээк…