Окумуштуулар күлкү ден-соолуктун мүлкү экенин тастыкташты

Окумуштуулар күлкү ден-соолуктун мүлкү экенин тастыкташты.   Күлкү терапиясы депрессиядан арылтат. Бул максатта атайын хасья-йога терапиясы иштелип чыкты. Анын алкагында адамдар топ-топко бөлүнүп, көңүл ачышат.   Эксперттер ошондой эле, дайым күлүп жүрүү кан тамырларды жакшы иштете турганына ишендиришти. Күлкү – универсалдуу жана акысыз дары, —… Кененирээк…

Өлкөнүн ооруканаларын оңдоо иштери уланууда

Өлкөнүн ооруканаларын оңдоо иштери уланууда. Мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылгандай, Талас облустук бириккен ооруканасы калыбына келтирилет.   Бул максатта 10 миллион сом бөлүнөт. Ошондой эле, Нарын, Ош клиникалары оңдолот. Ысык-Көл облустк медициналык жайдын инфекциялык бөлүмүн ремонттоого 12 миллион 685 миң сом багытталат. Калыбына келтирүү иштерин… Кененирээк…

Энергетиктер бүгүнкү бороондун кесепетин жоюуну улантууда

Энергетиктер бүгүнкү бороондун кесепетин жоюуну улантууда. novosti.kgге “Түндүкэлектрден” билдиришкендей, аба-ырайынын шартынан улам Бишкекте, Чүй жана Талас облустарында 35 авариялык өчүрүү катталды.   Аларды жөнгө салуу үчүн 100 бригада түзүлдү. Бөлүштүрүүчү компания эскертет: электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учураса, 1209 кыска номуруна күнү-түнү чалса болот.

Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел жана Өтмөк ашууларында транспорттун бардык турүнө чектөөлөр киргизилди

Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел жана Өтмөк ашууларында транспорттун бардык турүнө чектөөлөр киргизилди.   Унаа жана жолдор министрлигининен билдиришкендей, мындай чара жаан-чачын жана бороондун айынан жолдо көрүү кескин начарлагандыктан кабыл алынды. Жолчулар трассаларды тынбай кардан тазалап, интерттүү материалдарды сээп жатат.   Унаалар аба-ырайынын шарты жакшыргандан кийин кое… Кененирээк…

Казакстандын бир облусу толугу менен карантинге алынды

Коронавирустун жайылышына байланыштуу Казакстандын Чыгыш Казакстан облусу толугу менен карантинге алынды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыгышты.   Анда айтылгандай, карантин 15-апрелге чейин киргизилген. Аймакка кирип-чыккандарды көзөмөлдөө үчүн 10 санитардык пост орнотулат. Буйрукту Чыгыш Казакстан облусунун санитардык дарыгери Канат Турдиев кабыл алганы айтылды.   Өзгөчө… Кененирээк…

Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 5-апрелге чейин  Бишкек – Ош, Ала-Бука – Жаңы-Базар-Кировка, Красная Горка – Ак-Таш, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу, Бишкек – Нарын – Торугарт, Ош – Сары-Таш жана Каракол – Эңилчек унаа жолдорунда… Кененирээк…

Коронавирустан вакцина Кыргызстандын бардык аймактарына жеткирилди

Коронавирустан вакцина Кыргызстандын бардык аймактарына жеткирилди. Бул тууралуу 24 агентигине Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти.   Облустарда эмдөө кийинки жумада башталат. Борбордон кошумчалашкандай, атайын тиркеме түзүлдү, анда вакцинациядан кийинки статистика жана анын натыйжасы көрсөтүлүп турат.   Дарыгерлер бейтаптарга  3 күн бою көзөмөл жүргүзөт. Учурга карата 300… Кененирээк…

Бишкектеги «Адинай» паркында жарандарга бекер медициналык кызмат көрсөтүлөт

Бишкектеги «Адинай» паркында 3-апрель күнү Дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата масштабдуу акция өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Иш-чара саат 10:30да башталат.   Дүйнөлүк ден соолук күнүнүн алкагында акциянын коноктору ВИЧке экспресс-тест тапшырып, кандагы канттын көлөмүн текшерип, кан басымын өлчөтө алышат.… Кененирээк…

Бишкектеги бороон кечке чейин созулат

Бишкектеги бороон кечке чейин созулат. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, катуу шамал менен коштолгон кар кооптуу болуп эсептелет. Андыктан, жарандарга унааларын бактардын, жеңил конструкциялардын алдына токтотпой, өздөрүнө дагы этият болуу сунушталат.   Зарылчылык жок болсо, сыртка чыкпай туруу керек.   Эртең аба-ырайынын шарттары жакшырат, — дешти синоптиктер.

Ордо калаада 3 жаңы сквер пайда болот

Ордо калаада 3 жаңы сквер пайда болот. “Бишкек жашыл чарбанын” жетекчиси Урмат Дербишевдин айтымында, жашыл аймактар Жумушчулар шаарчасында, Тунгуч кичи районунда жана Ак-Босого конушунда жайгашат.   Андан тышкары, быйыл 15 миңден ашык бактардын көчөттөрү, 3 мин түп бадал, 1,5 миллион гүл отургузулат.