Коронавируска каршы эмдөө алуу орозону бузабы? Муфтияттын жообу

Жакында мусулмандардын ыйык орозо айы башталат. Анда таң аткандан күн батканга чейин орозо кармашат. Коронавирус илдетине каршы эмдөө алуу орозону бузабы же жокпу көп адамды ойлондурууда.   Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулуна байланышканыбызда, төмөнкүлөрдү билдирди. «Коронавируска каршы эмдөө кадимки эле укол сыяктуу… Кененирээк…

Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы 7-июнга чейин узартылды

Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы дагы узартылды. Тактап айтканда ал 7-июнга чейин №47 абакта камакта болот. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.   Маалыматка ылайык, чечимди Биринчи Май райондук сот чыгарды. Бүгүн, 2-апрелде Кой-Таш окуясы боюнча ишти кароо процесси болду.… Кененирээк…

Өкмөт кыргыз-казак чек арасынан өтүү тартибин түшүндүрдү

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак Жол”, “Чалдыбар”, “Ак-Тилек”, “Чоң-Капка” жана “Каркыра” бекеттеринен адамдар, транспорт каражаттары, жүк өткөрүлөт. Бирок пандемиядагы чектөөлөрдөн улам кыргызстандыктардын Казакстанга барышы үчүн жүйөлүү себеп керек.   Коңшу өлкөгө ооруканага бараткандар, дипломаттар, жана Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен атайын уруксат алган адамдар гана кире алат.… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында эртең электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында эртең электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Токтогул, Киев жана Логвиненко көчөлөрүндө жарык жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Стресстин деңгээлин жөнөкөй какао төмөндөтөт

Стресстин деңгээлин жөнөкөй какао төмөндөтөт. Ал бакыт гормону болгон эндорфин жана серотонин гормондорун иштеп чыгууга жардам берет. Алар болсо өз кезегинде депрессияны азайтат.   Атайын эксперименттин жүрүшүндө стресс учурунда кан тамырлардын иштешин кадимки какао суусундугу жакшыртат.

Караколдо кайрадан жылуулук берилет

Караколдо кайрадан жылуулук берилет. “Жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Абай Орозалиевдин айтымында, мындай чечим шаарда кескин суук болуп кеткенине байланыштуу кабыл алынды.   Ал белгилегендей, көмүр жетиштүү көлөмдө бар. Кечкиге чейин бардык керектөөчүлөргө жылуулук берилет. Кошумчалап кетсек, Караколдо жылуулук  27-мартта өчүрүлгөн болчу.

Өкмөткө электрондук ID-карталарды, айдоочу күбөлүктөрүн жана унааны каттоо жөнүндө күбөлүктү 1-майга чейин электрондук форматка өткөрүү сунушу берилди

Өкмөткө электрондук ID-карталарды, айдоочу күбөлүктөрүн жана унааны каттоо жөнүндө күбөлүктү 1-майга чейин электрондук форматка өткөрүү сунушу берилди. Өкмөт аппаратынын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, бул мамлекеттин жарандар менен байланышы процедурасын жөнөкөйлөтүүгө шарт түзөт.   Учурда Мамлекеттик каттоо кызматы бардык документтерди санариптештирип, уюлдук тиркеме түзүү ниетинде.   Анда… Кененирээк…

Караколдо окуучулар эки күндөн бери онлайн режиминде билим алууда

Караколдо окуучулар эки күндөн бери онлайн режиминде билим алууда. Шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришкендей, мындай чечим шаарда аба-ырайы кескин суук болуп кеткенине байланыштуу кабыл алынды.   1-2-апрелде окуучулар аралыктан окууга аргасыз болсо, дүйшөмбүдөн тарта окуу кайра каимки режимде уланат.   Белгилеп кетсек, негизинен класстардагы температура… Кененирээк…

Боом капчыгайында кыймылга чектөөлөр киргизилет

Боом капчыгайында кыймылга чектөөлөр киргизилет. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, 5-9-апрель аралыгында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 117-118-чакырымдары эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин жабык болот.   Бул таштарды атып түшүрүү иштерине байланыштуу. Айдоочуларга альтернативалык каттам сунушталат.

Президент Садыр Жапаров өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга наам тапшырды

Президент Садыр Жапаров өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга наам тапшырды. Алардын катарында мугалимдер, спорт машыктыруучулары, журналисттер, маданият ишмерлери, ишкерлер жана башкалар бар.   Жалпысынан, 125 адамга наамдар ыйгарылды. Белгилеп кетсек, тиешелүү жарлыкка өткөн жылдын август айында кол коюлган.