Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолуна кар көчкү түштү

Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2-апрель күнү саат 18:45 чамасында Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолунун Талдык ашуусуна кар көчкү түшүп, унаа жол жабылды. Жерине тазалоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн 1 жүктөгүч тартылды.   Аталган министрликтен дагы… Кененирээк…

Криштиану Роналду ыргытып жиберген капитандык кур миллиондогон еврого сатылат

Португалиянын чабуулчусу Криштиану Роналду ыргытып жиберген капитандык кур миллиондогон еврого сатылат. Бул тууралуу кайрымдуулук уюмунун сайтына жарыяланган маалыматка таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, акыркы жарыяланган баа 10 миллион 886 миң еврону түзгөн. Кайрымдуулук уюмунун маалыматына ылайык, бул каражат жүлүн булчуң атрофиясы (SMA) менен жабыркаган… Кененирээк…

2021-жылы эң көп жүктөлгөн мобилдик тиркемелер аныкталды

Бул жылы Тик-Ток эң көп жүктөлгөн мобилдик тиркемелердин башында турат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Мындан тышкары эң көп каражат сарптаган жана эң көп колдонуучу тиркемелер дагы аныкталды.   Колдонмолордун статистикасына көз салып турган изилдөө компаниясы 2021-жылдын биринчи чейрегинин отчётун жарыялаган.   Компаниянын… Кененирээк…

Садыр Жапаров 3-4-апрелде иш сапары менен Баткен жана Ош облустарына барат

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 3-4-апрелде иш сапары менен Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.   Баткен облусунда мамлекет башчысы «Коопсуздук-2021» жана «Түштүктү калыптоо-2021» аскердик машыгууларынын жыйынтыктоочу этабына байкоо салат. Мындан сырткары энергетика жана өнөр жай объектилерин көрүп чыгат.   Иш сапардын экинчи… Кененирээк…

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 98 адам сакайып чыкты

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 98 адам сакайып чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Бишкек шаары – 49; Ош шаары – 1; Чүй облусу – 35; Ош облусу – 5; Талас облусу – 0; Нарын облусу – 2; Ысык-Көл облусу – 5; Жалал-Абад облусу –… Кененирээк…

Түркияда мышык баласын ветеринардык клиникага өзү көтөрүп келди

Түркияда мышык баласын ветеринардык клиникага өзү көтөрүп келди. Измирдеги клиниканын кызматкерлери ээси жок мышыкка тамак берип турушкан. Бирок ал эч качан медициналык жайдын ичине кирген эмес.   Бирок ошол күнү кичинекей мышыгын жонунан тиштеп дарыгердин кабинетине чейин алып келип, катуу үн чыгара берген. Дарыгерлер аны… Кененирээк…

Бишкектин Кара-Жыгач конушунда жаңы бала бакча пайда болот

Бишкектин Кара-Жыгач конушунда жаңы бала бакча пайда болот.   Мэриянын маалыматына ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемеси 140 бөбөккө чакталат. 2 кабаттуу бакчада оюн залдары, ашкана, уктоочу жана техникалык жайлар, медициналык кабинет болот.   Долбоордун сметалык баасы 54 миллион сомду түзөт. Каражат шаар бюджетинен бөлүнөт.