Бишкектин бир бөлүгүндө жарык өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө жарык өчүрүлөт. “Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, эртең таңкы саат 9дан кечки 6га чейин Лермонтов, Фрунзе, Целиноград, Токтоналиев жана Малдыбаев көчөлөрүндө электроэнергия жок болот. Убактылуу чектөөлөр оңдоо иштерине байланыштуу.

Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск бир суткада 6 миллиард долларга байыды

Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск бир суткада 6 миллиард долларга байыды. Бул тууралуу Forbes Real-Time рейтингинде көрсөтүлдү. Кирешенин көбөйүшү электромобиль чыгарган компаниянын акцияларынын наркы жогорулаганына байланыштуу. Ушуну менен Масктын байлыгы 169 миллиард 800 миллион долларды түздү. Ал Forbes рейтинги боюнча дүйнөдөгү эң бай адамдардын… Кененирээк…

Мусулмандарга Рамазан айында Сауд Аравиянын ыйык жайларына барып Умра кылууга уруксат берилди

Мусулмандарга Рамазан айында Сауд Аравиянын ыйык жайларына барып Умра кылууга уруксат берилди. ирок бир шарт менен – эгер коронавируска каршы эки ирет вакцина алса гана. Эске салсак, Ыйык Орозо айы 13-апрелде башталат. Мусулмандар бул убакта 5 парздын бири болгон орозо тутушат. Андан улам, Рамазанда кичи… Кененирээк…

Социалдык фондго жаңы төрага дайындалды

Социалдык фондго жаңы төрага дайындалды. Ведомствонун маалыматына ылайык, кызматка Уланбек Асанов бекитилди. Ал 2013-жылдан бери мурдагы төраганын орун басары болуп иштеп келген. Буга чейинки төрага Медер Ирсалиев былтыр ноябрда коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен иштен алынган.

Казакстан Кыргызстанга аскердик техника берүү ниетинде

Казакстан Кыргызстанга аскердик техника берүү ниетинде. Акысыз көрсөтүлө турган жардам боюнча өкмөттөр аралык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоор талкууга чыгарылды. Документ президент Садыр Жапаров марттын башында коңшу өлкөгө болго н иш сапарынын алкагында кабыл алынган. Аскердик жардам калибрлүү 6 миллиондон ашык окту, реактивдүү снарядды, түстүү… Кененирээк…

20 сомдук өзүнүн баасынан 110 эсе жогору сатылууда

20 сомдук өзүнүн баасынан 110 эсе жогору сатылууда. Банкнота Россиянын интернет-аукциондорунун биринде баштапкы баасы 2 миң 200 сом менен сатыкка коюлду. Ал колдонууга жараксыз болуп калган купюранын ордун алмаштыруу үчүн чыгарылган, анын катар номери да өзгөчө жайгашат. Сатыкка коюлган 20 сомдук банкнота 2009-жылы чыгарылган.

Коронавируска каршы эмдөө орозону бузбайт

Коронавируска каршы эмдөө орозону бузбайт. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу билдирди. Анын айтымында, мусулмандарга оозу бек учурда вакцина алууга тыюу салынбайт. Белгилеп кетсек, учурда өлкө боюнча ковидге каршы эмдөө жүрүп жатат. Ал эми Ыйык Рамазан айы 13-апрелде башталат.

Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасы оңдоп-түзөөдөн өтөт

Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасы оңдоп-түзөөдөн өтөт. Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылгандай, медициналык мекеменин ковидге чалдыккан бөлүмүн ремонттоо үчүн тендер жарыяланды. Багыттала турчу сумма 9,5 миллион сомду түзөт. Тендердин талабына ылайык, жумуштар бир айдын ичинде аякташы керек.

Шайлоого жана референдумга мониторинг жүргүзүү үчүн 1 53 байкоочу каттоого алынды

Жергиликтүү кеңештерди шайлоого жана жалпы элдик референдумга мониторинг жүргүзүү үчүн 1 53 байкоочу каттоого алынды. БШКдан билдиришкендей, алар 10 өлкөдөн, 9 эл аралык уюмдан жана 9 дипломатиялык миссиядан келишет. Белгилүү болгондой, добуш берүүгө дагы 7 өлкөдөн 43 байкоочу билдирүү жиберди. Эске салсак, жергиликтүү кеңештерди шайлоо… Кененирээк…

Бензинди арзан саткан өлкөлөр арасында Кыргызстан 21-орунду ээлейт

Бензинди арзан саткан өлкөлөр арасында Кыргызстан 21-орунду ээлейт. Бул тууралуу Globalpetrolprices билдирди. Рейтингге караганда, алдыңкы саптарда Венесуэла, Иран, Ангола, Алжир жана Кувейт жайгашат. Бул өлкөлөрдө бензиндин литри 0,35 долларга жетпейт. Ал эми тескерисинче барынан кымбат бензин Гонконгдо литри дээрлик 2,5 доллар болсо, Нидерланддар жана Норвегияда… Кененирээк…