Премьер-министр Бишкектеги Дэн Сяопин жана Алыкулов көчөлөр кесилишиндеги суу каптаган жолдун маселесин жеке көзөмөлүнө алды

Премьер-министр Бишкектеги Дэн Сяопин жана Алыкулов көчөлөр кесилишиндеги суу каптаган жолдун маселесин жеке көзөмөлүнө алды. Улукбек Мариповдун айтымында, бул көйгөйдү жергиликтүү бийлик өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте чечиши керек. Аларга кыска мөөнөттө инженердик чечим жана сунуш киргизүү тапшырмасы берилди. Эске салсак, 30-мартта катуу жааган жаандан… Кененирээк…

Индияда туристтер үчүн Азия боюнча эң чоң жоогазын бакчасы ачылды

Индияда туристтер үчүн Азия боюнча эң чоң жоогазын бакчасы ачылды. Sunday Guardian Live билдиргендей, гүлзар Кашмир аймагында жайгашат. Бакча өзгөчө популярдуу болуп, ага 5 күндүн ичинде эле 50 миң көрүүчү кирди. Жакынкы аралыкта анда жоогазындын 64 түрүнүн 1,5 миллиондон ашык гүлү ачылат. Белгилеп кетсек, Индияда… Кененирээк…

Дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатында Кыргызстандын эсебине коло байге түштү

Дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатында Кыргызстандын эсебине коло байге түштү. 60 килограмм салмакта күч сынашкан Кубанычбек Айбек уулу өзбекстандык Кемран Нуриллаевди иппон ыкмасы менен утуп алды. Эске салсак, кыргызстандык спортчу жарым чейрек финалда түркмөн балбанын утса, чейрек финалда казакстандык спортчуну жеңген. Бирок жарым финалда… Кененирээк…

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев коронавируска каршы вакцина алды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев коронавируска каршы вакцина алды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Берик Уали билдирди. Анын айтымында, Токаев «Спутник V» вакцинасы менен эмделди. Учурда анын абалы жакшы. Эч кандай терс таасирлери байкалган жок. Эске салсак, буга чейин 23-мартта Россия президенти Владимир Путин… Кененирээк…

Кыргызстандагы кооз жайлар «3D» картада көрсөтүлдү

Кыргызстандагы кооз жайлар «3D» картада көрсөтүлдү. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, буга чейин республиканын 8 миңден ашык таанымал кооз жайларынын сүрөттөрү атайын «3D» картага түшүрүлгөн. Ал Жалал-Абад шаарындагы көрүүчүлөргө тартууланды. Аларга виртуалдык көз айнек менен панорамалык сүрөттөр көрсөтүлдү. Эми «3D» форматындагы кооз жерлердин сүрөттөрүн «map.tourism.gov.кg”… Кененирээк…

Өз убагында төлөнгөн айыптын суммасын 70 пайызга чейин арзандатуу сунушталды

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы өз убагында төлөнгөн айыптын суммасын 70 пайызга чейин арзандатууну сунуштады.  24 агенттигине ведомстводон билдиришкендей, кеп, жол эрежеси бузулган учурда салына турчу 1 миң сом өлчөмүндөгү айып тууралуу болуп жатат. Эгер камера аталган айыпты каттаса айдоочу 15 күндүн аралыгында 300 сом… Кененирээк…

Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 100 миллион доллар насыя Кыргызстанга которула элек

Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 100 миллион доллар насыя Кыргызстанга которула элек. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди.  Маалыматка ылайык, фонддон өткөн жылы Кыргызстанга бөлүнгөн 346 миллион 800 миң доллар коронавирус менен күрөшүүгө багытталган. Белгилеп кетсек, фонддон бөлүнгөн насыялар ачык бойдон калууда. Акыркы арыз былтыр… Кененирээк…

Бишкекте 12-апрелден тартып бала бакчалар кайрадан жабылып, окуучулар онлайн окууга өтөт

Бишкекте 12-апрелден тартып бала бакчалар кайрадан жабылып, окуучулар онлайн окууга өтөт. Мындай тартип ордо калаада эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин күчүндө болот. Мэриядан белгилешкендей, шайлоо тилкелери жайгашкан 14 бала бакча 8-апрелден тарта жабылат. Белгилеп кетсек, учурда Бишкекте санитардык көзөмөл күчөтүлүп, чарбалык субъектилер боюнча мобилдик бригадалардын саны… Кененирээк…