Бишкектин бир бөлүгүндө эртең таза суу өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең таза суу өчүрүлөт. Мэриядан билдиришкендей, таңкы саат 9дан кечки 6га чейин Ахунбаев, Руставелли, Сухомлинов, Тыналиев, Бакаев, Грибоедов, Ажыбек Баатыр жана Айтматов проспектисинде суу жок болот. Өчүрүүлөр оңдоо иштерине байланыштуу.

Бишкектеги №5 улуттук компьютердик гимназиянын кошумча окуу корпусунун курулушу 70 пайызга аяктады

Бишкектеги №5 улуттук компьютердик гимназиянын кошумча окуу корпусунун курулушу 70 пайызга аяктады. Бул тууралуу Архитектура жана курулуш агенттигинен билдиришти. Билим берүү мекемеси 375 орунга чакталат. Учурда объектинин ички, тышкы жасалгалоо жумуштары, терезе, эшиктерди орнотуу, элетромонтаждоо процесси жүрүүдө. Долбоордун сметалык наркы 1 миллион 28 миң долларды… Кененирээк…

Ордо калаадагы “Дордой” кошунда жарык өчүрүлөт

Ордо калаадагы “Дордой” кошунда жарык өчүрүлөт. “Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, өчүрүүлөр эртең саат 10дон тартып кечки 5ке чейин болот. Убактылуу чектөө электр тармактарынын планына ылайык техникалык тейлөө иштерине байланыштуу.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Каркыра” өткөрүү бекетинде мобилдик бригада нөөмөттө турат

Кыргыз-казак чек арасындагы “Каркыра” өткөрүү бекетинде мобилдик бригада нөөмөттө турат. Бул тууралуу “Турмуш” басылмасына Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координатору Бейшекан Жайылмышова билдирди. Анын айтымында, бригаданын курамына эпидемиологдор жана ветеринарлар тобу кирди. Дарыгерлер чек арадан өтүп жаткан жарандарда ковиддин бар жоктугун текшерип жатат. Азырынча вируска… Кененирээк…

10-апрелде шайлоо жана референдумдун алдында “Тынчтык күнү” жарыяланат

10-апрелде шайлоо жана референдумдун алдында “Тынчтык күнү” жарыяланат. БШКнын маалыматына ылайык, шайлоо тилкелеринин ачылышына бир күн калганда бардык үгүттөө өнөктүгү токтотулат. Аларга партия өкүлдөрүнүн ММКлар аркылуу сүйлөшү, жыйындар, жолугушуулар жана шайлоо алдындагы көрсөтүлүп жаткан роликтер кирет. Баннер жана билборддор азырынча илинген ордунда тура берет. Эске… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жаңы бала бакча пайда болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жаңы бала бакча пайда болду. Мектепке чейинки даярдоо мекемеси Торук айылында ачылды. Объекти 75 орунга ылайык. Курулуш иштерине мамлекеттик бюджеттен 18 миллион сом жумшалды. Учурда анда 14 кызматкер иштеп жатат. Белгилеп кетсек, Торук айылында буга чейин бала бакча жоктугунан жеке турак… Кененирээк…

Казакстандык миллиардерлердин саны 7ге жетти

Forbes дүйнөнүн эң бай адамдарынын тизмесине дагы 3 казакстандыкты кошту. Алар «Freedom Holding» брокерлик компаниясынын жетекчиси 33 жаштагы Тимур Турлов жана «Kaspi bank» коммерциялык банкынын башчысы жана «Kaspi» финтех компаниясынын ээси 51 жаштагы Вячеслав Ким, ошондой эле 45 жаштагы Михаил Ломтадзе. Муну менен Forbes’дун тизмесиндеги… Кененирээк…

Ысык-Көл районунун Бает айылында жаӊы бала бакча ачылды

Ысык-Көл районунун Бает айылында жаӊы бала бакча ачылды. Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, мектепке чейинки даярдоо мекемеси 100 орунга ылайыкташып, бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалып, заманбап стилде салынды. Курулуш иштери Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун жана жергиликтүү бюджеттен, демөөрчүлөр тарабынан каржыланды. Жумуштарга 25,5 миллион сом багытталды.

Ысык-Көл облусунда суу каптоонун алдын алуу жумуштары башталды

Ысык-Көл облусунда суу каптоонун алдын алуу жумуштары башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Учурда Түп районундагы узундугу 1 миң 350 метр​ди түзгөн каналдын​ нугун тазалоо иштери жүрүп жатат. Аталган тилкеде​ жаз-жай мезгилдеринде жана жаан-чачын нормадан ашык жааган учурда, каналдагы​ суу​ нугунан… Кененирээк…

Кыргыз — венгер өнүктүрүү фонду түзүлөт

Кыргыз — венгер өнүктүрүү фонду түзүлөт. Келишимге эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери кол коюшту. Фонддун баштапкы капиталы 50 миллион долларды түзөт. Сумманын 16 миллион доллары бүгүн которулса, калган бөлүгү жыл аягына чейин берилет. Фонддун алкагында Кыргызстан экономикасы үчүн маанилүү инвестициялык долбоорлор ишке ашырылат, ошондой эле… Кененирээк…