“Түндүк электр” 12-апрелден тартып карызы бар мамлекеттик мекемелердин жарыгын өчүрөт

“Түндүк электр” 12-апрелден тартып карызы бар мамлекеттик мекемелердин жарыгын өчүрөт. Бөлүштүрүүчү компаниядан билдиришкендей, ишкана электр тармактарында оңдоп-түзөө жумуштарын жүргүзөт. Керектөөчүлөрдөн чогулган каражаттын басымдуу бөлүгү ремонтко багытталат. Бүгүнкү күндө дебитордук карыздын көлөмү 703 миллион сомдон ашты. Компания Бишкектеги, Чүй жана Талас облустарындагы ири өлчөмдө карызы бар… Кененирээк…

Калкты тейлөө борборлору жана паспортизация, каттоо бөлүмдөрү жарандарга ID-карта берүү үчүн дем алыш күндөрү да иштейт

Калкты тейлөө борборлору жана паспортизация, каттоо бөлүмдөрү жарандарга ID-карта берүү үчүн дем алыш күндөрү да иштейт. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Шайлоо жана референдумга карата кайрылгандар көп болуп жаткандыктан, буга чейин  ID-паспорт алууга арыз тапшыргандар 10-11-апрелде документин алса болот.

Диетологдор жеп бирок семирбей турган ыкманы табышты

Диетологдор жеп бирок семирбей турган ыкманы табышты. Адистердин айтымында, барынан мурда адам тамактанып жаткан учурдагы кырдаал маанилүү. Көп салмак кошкон адамдардын тамактанган учурунда айланада кыжырга тийчү нерселер болгон. Андан улам, сыналгы көрүп, музыка угуу туура эмес. Бул тамактын даамын ырахаттануу менен сезүүгө тоскоол болот. Туруп… Кененирээк…

Олимпиада оюндарына карата Кыргызстан куржунунда тогузунчу жолдомо түштү

Олимпиада оюндарына карата Кыргызстан куржунунда тогузунчу жолдомо түштү. Алматыда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча турнирде Үзүр Жусупбеков жолдомо утту. Ал 97 килограммда күч сынашып чейрек финалда индиялык балбанды 9:0 эсебинде жеңсе, финалга чыгуу үчүн болгон беттеште кореялык балбан менен кез келип аны 6:0 упай менен… Кененирээк…

Лейлек районундагы Максат каналынын курулушу 80 пайызга аяктады

Лейлек районундагы Максат каналынын курулушу 80 пайызга аяктады. Айыл-чарба министрлигинен билдиришкендей, учурда башкы структуранын суу алдындагы каналдын курулушу аяктоо алдында турат. Канал ишке берилсе 1 миң 800 гектар жаңы сугат жер өздөштүрүлөт, 7,5 миң гектар аянт суу менен камсыздалат. Каражат өз убагында бөлүнсө, канал 4… Кененирээк…

Шайлоо жана референдумга карата чалуу борбору ишке кирет

Шайлоо жана референдумга карата чалуу борбору ишке кирет. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, 10-11-апрелде жарандарга таңкы саат 7,5дан тартып кызмат көрсөтүлөт. Түз байланышка чыккан ар бир добуш берүүчү электр энергиянын, интернеттин жоктугун, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана байкоочулар тарабынан санитардык нормалардын сакталбай жаткандыгы тууралуу жана башка маселелер боюнча… Кененирээк…

Кытайда робот – ит жасалды

Кытайда робот – ит жасалды. Түзүүчүлөр билдиришкендей, үй жаныбары үрбөйт, тиштебейт жана килемдерге кылдарын калтырбайт. Робот детектор менен жабдылган, жасалма интеллект менен иштейт. Ошондой эле айланада болуп жаткан нерселердин барын көрүп уга алат. Негиздөөчүлөр ишенишкендей, мындай техника көрүүсү начар адамдарга пайдалуу. Белгилеп кетсек, робот –… Кененирээк…

Бишкекте жоогазын гүл ачты

Бишкекте жоогазын гүл ачты. Гүлдөрдүн тамыры күздө отургузулган. Эми 2-3 жума бою бишкектиктер клумбалардагы түркүн түстүү өсүмдүктөргө назар салса болот. Шаардын чарба кызматтары ордо калааны көрктөндүрүүнү улантууда. Андан улам, Бишкек тургундарына жана конокторуна гүлдөргө, жашыл аймактарга аяр мамиле кылуу сунушталат.

ФИФА Бишкектин борборуна футбол талаасын куруп берүүгө даяр

ФИФА Бишкектин борборуна футбол талаасын куруп берүүгө даяр. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун президенти Канат Маматов жана федерация башчысы Джанни Инфантинонун жолугушуусунда айтылды. Эки тарап ошондой эле Кыргызстандагы футболдун өнүгүшүн жана инфраструктураны жакшыртуу маселесин талкуулашты. Инфантино белгилегендей, ал быйыл сентябрда биздин өлкөгө келүү ниетинде.

Бишкекте чарба субъектилериндеги санитардык талаптардын сакталышы катуу текшерилип жатат

Бишкекте чарба субъектилериндеги санитардык талаптардын сакталышы катуу текшерилип жатат. Мэрия көзөмөлдү күчөттү. Ар бир райондун базасында ыкчам топтор иштеп, күн сайын түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Алсак, калаадагы соода борборлору жана гипер маркеттеринде айрым сатуучулар, кардарлар бет кап тагынышпай, аралык сакталган эмес. Кызматкерлерге акты түзүлүп, кардарларга… Кененирээк…