14-апрелден баштап ордо калаадагы 2 троллейбустун каттамы өзгөрөт

14-апрелден баштап ордо калаадагы 2 троллейбустун каттамы өзгөрөт. Бул тууралуу novosti.kgге троллейбус башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, шаршембиден тартып 7-троллейбус Тунгуч кичирайонунан – Эт комбинатына чейин, 8-троллейбус Чыгыш автовокзалынан — Дыйканчылык институтуна дейре каттамдарды аткарат. Багыттардын убактылуу өзгөрүшү жол катмарын оңдоо иштерине байланыштуу.

Ички иштер министрлигинде жаңы жетекчилер дайындалды

Айзаданын өлүмүнө байланыштуу кызматынан бошотулган Ички иштер тармагындагы бир катар жетекчилердин ордуна жаңылары дайындалды. Министр Улан Ниязбековдун буйругуна ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгын (ШИИБ) убактылуу жетектөөгө Азамат Ногойбаев дайындалды. Анын убактылуу орун басары Тилек Туюкбаев болду. Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматынын башчылыгына Кыргыйбек Курманалиев, Мелис… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 105 адам коронавирустан айыгып чыкты

Кыргызстанда дагы 105 адам коронавирустан айыгып чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Бишкекте – 55, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 40, Ысык-Көл облусунда – 7, Нарын облусунда – 1 адам сакайды. Ушуну менен өлкө боюнча 85 миң 824 адам ковидди жеңди

44 милиционер жазаланып, жетекчилер кызматтан алынды

Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кызматтык иликтөөнүн натыйжасында Бишкек ШИИБдин жана Биринчи май райондук милициясынын начальниктери баш болгон бир катар жетекчилер кызматтан алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында милиция кызматкерлери жана жетекчилери өзүнө… Кененирээк…

«Кыргыз темир жолу» ишканасына жаңы директор дайындалды

дранов Адылбек Укунович Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов 2021-жылдын 8-апрелинде кол койгон. Адранов 1962-жылы 30-апрелде туулган. Үч… Кененирээк…

Баткен районундагы Молдо-Нияз каналынын курулушу быйыл күздө аяктайт

Баткен районундагы Молдо-Нияз каналынын курулушу быйыл күздө аяктайт. Айыл-чарба министрлигинен билдиришкендей, ирригациялык тармактын ишке киргизилиши менен 300 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт жана 410 гектар жер суу менен камсыз болот. Андан тышкары, долбоордун алкагында узундугу 500 метрден ашык болгон эки тоннелдин курулушу аяктады. Каналдын сметалык наркы… Кененирээк…

Дарыгерлердин айлыгынын көтөрүлүшүнө Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине 1 миллиард 612 миллион сом керек

Дарыгерлердин айлыгынын көтөрүлүшүнө Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине 1 миллиард 612 миллион сом керек. Бул тууралуу фондунун төрагасынын орун басары Клара Өскөмбаева билдирди. Эске салсак, Кыргызстанда 1-апрелден баштап үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринин айлыгы 100 пайызга көбөйдү. Ал эми калган медицина кызматкерлери менен маданият кызматкерлеринин маянасы… Кененирээк…

Бүгүн Кыргызстанда “Тынчтык күнү”

Бүгүн Кыргызстанда “Тынчтык күнү”. Үгүттөө өнөктүгүн жүргүзүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу БШКдан эскертишти. Анын ортосунда буга чейин илинген баннер, билборддор илинип тура берет. Эске салсак, шайлоо тилкелеринин ачылышына бир күн калганда бардык үгүттөө өнөктүгү токтотулат. Аларга партия өкүлдөрүнүн ММКлар аркылуу сүйлөшү, жыйындар, жолугушуулар жана шайлоо… Кененирээк…

Коронавируска байланыштуу катаал чектөөлөр киргизилбейт

Коронавируска байланыштуу катаал чектөөлөр киргизилбейт. Болгону жарандардан жоопкерчиликтүү мамиле керек, — деп билдирди биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков. Ал белгилегендей, ооруканаларда керебеттердин жана тез жардам бригадаларынын саны көбөйтүлүп жатат. Дары-дармектер жетиштүү. Учурда ооруканаларга COVID орточо оор жана айрым учурда өтө оор формасына кабылгандар түшүп жатат. Көбүнчө… Кененирээк…