Депутат Кубанычбек Жумалиев бюджетке 1 миллиард сом төлөдү

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев бюджетке бир миллиард сом которду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка караганда, Жумалиев жалпы суммасы бир миллиард сомдон ашык акчага бааланган коммерциялык активдерди жана кыймылсыз мүлктү мамлекетке өткөрүп берди.   «Тергөө Жумалиевдин жаш курагын жана ден соолугун эске алуу менен сыртка чыкпоо жөнүндөгү… Кененирээк…

Кыргызстандан дарынын 80 түрүн экспорттоого тыюу салынды

Дары-дармекти жана медициналык буюмдарды Кыргызcтандан экспорттоого алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Тийиштүү токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. Документтин максаты — калктын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, эпидемиологиялык оор кырдаалды алдын алуу үчүн дары-дармектин жетишсиздигине жол бербөө.   Экспорттоого убактылуу тыюу салынган… Кененирээк…

Мыйзам бузууларга олуттуу чара көрүлөт

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 12-апрелдеги брифингде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумдагы мыйзам бузуулар тууралуу маалымат берди.   Анын айтымында, эгерде кайсы бир шайлоо тилкесинде эреже бузуулар аныкталса, ал жердеги добуштардын жыйынтыгы жокко чыгарылат. Партиялар менен талапкерлерге да чаралар көрүлөт. Айрымдарынын талапкер катары каттоосу… Кененирээк…

Түркияда туристтик тармактагы бардык кызматкерлер коронавирустан эмделип жатат

Түркияда туристтик тармактагы бардык кызматкерлер коронавирустан эмделип жатат. Программа авиакомпаниялардын, аэропорттордун, туристтик агенттиктердин кызматкерлерине тиешелүү.   Пландалгандай, туристтик тармактын өкүлдөрүн эмдөө толугу менен жайкы сезонго чейин жыйынтыкталат.

Кара-Балта шаарында жаңы унаа тейлөөчү борбор ачылды

Кара-Балта шаарында жаңы унаа тейлөөчү борбор ачылды. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, ал “бирдиктүү терезе” системасы менен иштейт.   Бул жерде айдоочу күбөлүгүн, унаанын мамлекеттик номерин алуу жана транспорт каражатын каттоо, кайра каттоо боюнча кызматтар көрсөтүлөт. Ошондой эле, күбөлүктөрдү каттоо залында экзамен кабыл алуучу класс… Кененирээк…

БШКдан Жогорку Кеңеш шайлоолорунун күнү качан жарыялана турганын айтып беришти

БШКдан Жогорку Кеңеш шайлоолорунун күнү качан жарыялана турганын айтып беришти. Комиссия мүчөсү Тынчтык Шайназаровдун айтымында, кечээ өткөн референдумдун жыйынтыгы менен шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилиши керек.   Июль айында парламент депутаттары Жогорку Кеңеш шайлоолорун бекитет.   Бул учурда долбуш берүү 3-же 10-октябрга туура келет, — деди… Кененирээк…

ПЦР-тесттердин баасы 30 пайызга төмөндөтүлдү

ПЦР-тесттердин баасы 30 пайызга төмөндөтүлдү. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, эми тестти 1 миң 600 сомго жасатса болот. Ошондой эле жакынкы арада коронавирусту дарылоодо колдонула турчу дары-дармектин баасын туруктуу кармоо пландалууда.   Андан тышкары, санитардык инспекция чек арада жана шаарларда иштин күчөтүлгөн тартибине өттү.   Текшерүүлөр… Кененирээк…

Жалал-Абад – Маданият унаа жолунун курулушу жанданды

Жалал-Абад – Маданият унаа жолунун курулушу жанданды. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, сезондун аягына чейин трассанын           20 чакырымына асфальттын жаңы катмары төшөлөт.   Аткаруучу компания менен түзүлгөн келишимге ылайык, эски көпүрөлөр калыбына келтирилип, жаңылары курулуп, түтүктөр, аялдамалар жаңыртылат. Андан тышкары, жаңы жол белгилерин орнотуу… Кененирээк…

Жергиликтүү шайлоо жана референдумдун расмий жыйынтыгы 2 жуманын ичинде жарыяланат

Жергиликтүү шайлоо жана референдумдун расмий жыйынтыгы 2 жуманын ичинде жарыяланат. Бул тууралуу novosti.kgге Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.   Анын айтымында, учурда добуштар колго саналууда.   Ошондой эле түшкөн арыздар жана даттануулар каралып жатат. Эске салсак, кечээ өткөн жергиликтүү кеңеш шайлоолору жана Конституциянын… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу өчүрүлөт. Мэриянын маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 10го чейин суу Жунусалиев, Чайковский, Лев Толстой, Айни, Садырбаев көчөлөрүндө жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.