Баткен облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Баткен облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.   Малыматка ылайык, саат 15:32де Баткен облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кызыл-Кыя шаарында 2,5 баллга чейин, Кадамжай районунун Чаувай айылында 3 баллга чейин сезилген.   Алдын ала маалыматтар… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгү эртең жарыксыз калат

Бишкектин бир бөлүгү эртең жарыксыз калат. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин электр энергиясы Абдымомунов, Фрунзе, Осмонкул, Лев Толстой, Левоневский, Профсоюз, Фучик көчөлөрүндө жана Арча-Бешик конушунда жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Ордо калаанын айрым билим берүү мекемелери газ менен жылытууга өткөрүлөт

Ордо калаанын айрым билим берүү мекемелери газ менен жылытууга өткөрүлөт. Газ системасы №12 бала бакчада, №23, 35, 15, 54, 59 жана 32-мектепте курулат. Бул максатта мэрия тендер жарыялады.   Долбоорду ишке ашыруунун баасы 6 миллион сомдон ашат. Белгилеп кетсек, газ менен жылытуу системасына өтүү менен… Кененирээк…

Өмүрбек Текебаев акталды

Бүгүн, 13-апрелде Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго карата жазык иши каралды. Мамлекеттик айыптоочулар коюлган айыпты колдоодон баш тарткандыгына байланыштуу райондук сот эки саясатчыны актоо чечимин чыгарды. Окуянын чоо-жайы: 21-августта Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата чыккан соттук… Кененирээк…

Орозо маалында топтолуп тамактанууга тыюу салынбайт

Орозо маалында топтолуп тамактанууга тыюу салынбайт. Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынын адиси Бактияр Токтогазы уулу билдирди. Ал белгилегендей, коронавирус боюнча абалга карабай, быйыл чогулуп ооз ачууларга чектөө коюлбайт.   Белгилеп кетсек, рамазан айы бүгүн башталды. Орозо айт майрамы менен майдын 13үндө жыйынтыкталат.

Жол эрежелерин бузуудагы айыптардын айрым түрү боюнча сумма азайтылат

Жол эрежелерин бузуудагы айыптардын айрым түрү боюнча сумма азайтылат. Тиешелүү мыйзам долбоорун Ички иштер министрлиги иштеп чыкты. Ага ылайык,   5 бузуу боюнча административдик жаза төмөндөтүлөт.   Анын ичинде жол белгилерине баш ийбөө жана унааны токтотуу эрежелерин бузуу бар. Алсак, айдоочу токтом жазылгандан кийинки 15 күндө… Кененирээк…

Бийлик үстүбүздөгү жылдын ноябрына чейин коронавирустан калктын   70 пайызын эмдөө ниетинде

Бийлик үстүбүздөгү жылдын ноябрына чейин коронавирустан калктын   70 пайызын эмдөө ниетинде. Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдиргендей, бул болжол менен 3 миллион адам.   Эмдөөнүн жүрүшүндө бейтапка вакцина тууралуу толук маалымат берилет.   Андан тышкары, 3 күн аралыгында ал дарыгердин көзөмөлү алдында болот. Вакцинация… Кененирээк…

Бириккен Араб Эмирлигинде биринчи жолу аял-астронавт космоско учат

Бириккен Араб Эмирлигинде биринчи жолу аял-астронавт космоско учат. Чет элдик ММКлар билдиришкендей, ал 4 миң талапкердин арасынан тандалып алынган. Ал космоско жол салган алгачкы араб айымы болот.   Эске салсак, буга чейин 2019-жылы БАЭнин биринчи астронавты Хазза аль-Мансури космоско учуп,  8 күндөн кийин Жерге кайтып… Кененирээк…

Бишкектин дагы эки көчөсүндө оңдоо иштери башталат

Бишкектин дагы эки көчөсүндө оңдоо иштери башталат. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, 15-апрелден тарта Өмүракунов көчөсүнүн Фрунзеден Ашарга чейинки тилкесинде жана Шота Руставели көчөсүнүн Ажыбек баатыр – Гагарин бөлүгү кайра калыбына келтирилет.   Оңдоо иштери жайга чейин созулат. Айдоочуларга тыгын жаратпоо үчүн башка каттамдарды эртелеп түзүп… Кененирээк…

Бишкектин 360тан ашык тургуну COVID-19га каршы эмделди

Бишкектин 360тан ашык тургуну COVID-19га каршы эмделди. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, алар мугалимдер, дарыгерлер, милиция, аскер кызматкерлери жана 65 жаштан жогорку жарандар.   Эмдөө түйүндөрү ордо калаанын 4 районунда тең иштеп жатат. Андан тышкары, вакцинациядан кийинки бейтаптарды көзөмөлдөө боюнча атайын кабинеттер ачылган.   Эмдөө алдында маалыматтык… Кененирээк…