Бишкектин бир бөлүгүндө эртең жарык өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең жарык өчүрүлөт.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, жарык эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин Буденный, Огонбаев, Фрунзе, Баялинов, Курманжан Датка, Токомбаев, Жукеев-Пудовкин, Тыналиев, Тыныстанов, Медеров көчөлөрүндө, Дордой, Арча-Бешик, Ак-Ордо конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Кыргызстандык спортчулар жайкы Олимпиада оюндарына лицензия багындыруусун улантууда

Кыргызстандык спортчулар жайкы Олимпиада оюндарына лицензия багындыруусун улантууда. Учурга карата өлкө балансындагы лицензиялар тууралуу Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин бөлүм жетекчиси Марат Аскарбеков айтып берет.   “Азыр бизде Кыргызстанда 11 лицензия бар. 12-лицензия Андреева Юля деген жеңилч атлетчи кызыбыз. Ал Ташкентте лицензиялык нормативди толтурган. Бирок… Кененирээк…

Кыргызстандын паспорту жарандарга виза албастан, 63 мамлекетке барууга мүмкүнчүлүк берет

Кыргызстандын паспорту жарандарга виза албастан, 63 мамлекетке барууга мүмкүнчүлүк берет. Муну менен, республика паспорттордун индексинде 79-орунда жайгашты. Жылдын биринчи кварталы боюнча рейтингди эл аралык консталтинг агенттиги түздү.   Белгилеп кетсек, буга чейин Кыргызстан Армения менен  80-позицияда жайгашчу. Бирок ЕАЭБ боюнча өнөктөш көрсөткүчүн жакшыртып,   78-орунга көтөрүлдү.… Кененирээк…

Кыргызстанга коронавирустан вакцина сатып алууга эл аралык донорлор жардам берет

Кыргызстанга коронавирустан вакцина сатып алууга эл аралык донорлор жардам берет. Бул тууралуу 24 агенттигине Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.   Анын айтымында, Ислам өнүктүрүү банкы россиялык вакцинанын 150 миң дозасын сатып алууга каражат бөлүп берет.   Акча насыя жана грант катары берилет деп… Кененирээк…

Кыргызстанда жайкы Олимпиада оюндарына даярдык кызуу жүрүүдө

Кыргызстанда жайкы Олимпиада оюндарына даярдык кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу кененирээк Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин бөлүм жетекчиси Марат Аскарбеков айтып берет.   “Азыркы учурда спортчулардын олимпиадага даярдыгы лицензияларды алуу этабында турат. Өзүңүздөр билгендей, 2 күн мурун эле Алмата шаарында лицензиялык мелдеш аяктады. Азиялык квалификациялык спорт,… Кененирээк…

Кыргызстандыктар майда 13 күн эс алышат

Кыргызстандыктар майда 13 күн эс алышат. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, кадимки ишемби, жекшемби дем алыштарынан тышкары, 5-10-13-майда өлкөдө майрамдык эс алуу жарыяланат.   5-май Конституция күнү болсо, 13-май Орозо айт. Ал эми 10-майда кыргызстандыктар, 9-май Жеңиш күнү жекшембиге туура келгендиктен, жумушка чыкпайт.

Товарларды милдеттүү түрдө маркировкалоо процедурасы 1-июлга чейин жылдырылды

Товарларды милдеттүү түрдө маркировкалоо процедурасы 1-июлга чейин жылдырылды. Өкмөт  аппаратынан билдиришкендей, ушул эле мөөнөт кассалык аппараттарды колдонууга дагы киргизилди.   Мындай чечим товарды натыйжалуу маркировкалоо үчүн убакыт берүү үчүн киргизилди. Андан тышкары, жеке ишкерлер дагы жаңычылдыктарга өтүүгө жетишип калышы керек.

Баткен облусунда ири 4 ирригациялык канал курулууда

Баткен облусунда ири 4 ирригациялык канал курулууда. Бул тууралуу өкмөттүн аталган аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Объектилер Кадамжай, Баткен жана Лейлек райондорунда пайда болот.   Долбоорлорду ишке ашыруунун баасы 100 миллиондон 500 миллион сомго жетет. Каналдар колдонууга берилгенден кийин бир нече миң гектарга жакын жаңы жерлер иштетилет.

Майда Кыргызстанда AstraZeneca вакцинасынын 400 миң дозасы жеткирилет

Майда Кыргызстанда AstraZeneca вакцинасынын 400 миң дозасы жеткирилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.   Анын айтымында, COVAX программасынын алкагында препаратты жеткирүү боюнча макулдашуу сентябрда эле жетишилген. Бирок вакцинанын терс таасирлери тууралуу маалымат тараганда, Кыргызстан процессти убактылуу токтоткон болчу.  … Кененирээк…

Улуу Британияда дүйнөдөгү эң кымбат торт жасалды

Улуу Британияда дүйнөдөгү эң кымбат торт жасалды. Аны дизайнер Дебби Вингхем жасаган. Подиум катары жасалган таттуу азыктын узундугу дээрлик 2 метр, ал эми салмагы 450 килограммды түзөт.   Ал кызгылт жана сары бриллиант таштары менен кооздолгон. 1 миң 100 саатты талап кылган торттун баасы 6… Кененирээк…